Чөлдөгү лагерь: америкалык балдарды массалык кыргынга машыктырышкан

АКШнын полициясы жашыруун лагерди таап чыкты. Анда бир жаштан 15 жашка чейинки арып-азган 11 бала болгон. Балдарды курал колдонууга машыктырып келишкени белгилүү болду.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Лагерден камакка алынган Сираж Вахаж жана Лукас Мортон. Вахаж өзүнүн уулунан "жиндерди кууп" чыккысы келген.

Жергиликтүү маалымат каражаттары лагерде камакка алынган куралдуу кишилердин бири Сираж Ибн Вахаж мектептерде теракт уюштуруу планы менен балдарды даярдап жүргөнүн жазды.

Мыйзамсыз лагерь Нью-Мексика штатынын аймагынан табылып, эки эркек жана үч аял камакка алынды. Болжолу бул аялдар лагерден табылган балдардын апасы. Кийин полиция лагердин айланасынан наристе баланын сөөгүн тапты.

Taos News басылмасы табылган ымыркайдын сөөгү Вахаждын үч жаштагы уулу Абдула-Гани болушу мүмкүн деп жазды.

Өткөн жылы декабрда Жоржия штатындагы үйүнөн өз уулун уурдап кеткен деп Вахажды шектүү катары кармашкан эле. Киийн соттук териштирүүлөрдө энеси баланын талма оорусу болгонун айтып берген. Бирок, атасы баласына "жин кирип алган" деп эсептеп, атайын дубаларды окуп баштаган экен.

Мыйзамсыз лагерде суу түтүктөрү дагы болгон эмес. Балдар өтө оор шартта кармалган.

Шаршембиде прокурор Тимоти Хассо камакка алынган Вахажды сот бүткөнчө эч кандай кепилдик менен сыртка чыгарбоо керек деп билдирүү жасады.

Сүрөттүн автордук укугу Taos County Sheriff's Office
Image caption Болжолу лагердеги он бир баланын апасы болушу мүмкүн деген үч аял дагы камакка алынды. Журналисттер аялдар эже-сиңдилер болушу мүмкүн деп жазып жатышат.

Прокурордун сотко жөнөтүлгөн арызында: "Вахаж лагерден бошотулган балдарга гана эмес, бүтүндөй коомго коркунуч жаратат. Ал кылмыштуу максаттары үчүн курал колдонууга жана зомбулукка барууга даяр",-деп айтылды.

Си-эн-эн кабарлагандай, соттук материалдарда эгерде шектүүнү кепилдик менен эркиндикке чыгарып койсо, ал жаңы кылмыштарга баруусу мүмкүн деген чочулоо эске алынган. Шектүүнүн америкалык мектептердин биринде теракт уюштурууга план түзүп жатканы эле этияттык чараларды көрүүгө негиз болот.

Камакка алынган беш кишиге балдарга катаал мамиле кылган деген айып тагылды. Куралы менен кармалган эки кишинин бири Вахаж, экинчиси Лукас Мортон ысымдуу АКШ жараны.

Жэни Левейл, Хужра Вахаж жана Субханна Вахаж лагердеги он бир баланын энеси болушу мүмкүн.

Болжолу лагердеги он бир баланын апасы болушу мүмкүн деген үч аял дагы камакка алынды. Журналисттер аялдар эже-сиңдилер болушу мүмкүн деп жазып жатышат. Бирок, полиция эч кандай маалымат тарата элек.

Ачкачылык жана коркунуч

Сүрөттүн автордук укугу AFP PHOTO/Taos County Sheriff's Office
Image caption Полиция лагерди таап келген учурда, үрөй учурган көрүнүшкө күбө болгон. Ал жердеги балдар ачка, кир, өтө булганыч жерде кармалып турган.

Полиция лагерди таап келген учурда, үрөй учурган көрүнүшкө күбө болгон. Ал жердеги балдар ачка, кир, өтө булганыч жерде кармалып турган.

"Биз ачкабыз, бизге суу жана тамак керек" деген кат аркылуу полиция лагерди таап чыкканы айтылып жатат. Бирок, жергиликтүү бийлик лагер тууралуу мурун эле кабардар болгон. Полицияга тинтүүгө алууга уруксат берилгенче күтүп турушкан. Экинчи жагы, лагерде куралдуу экстремисттик топ болушу мүмкун деген чочулоо бар эле.

Легерге полиция кирип барган учурда Сираж Вахаждын жанында AR-15 үлгүсүндөгү ок атуучу куралы жана төрт пистолети болгон.

Нью-Йорктогу басылмалар камакка алынгандар менен Бруклиндеги таанымал имам Сираж Вахаждын туугандык байланышы болушу мүмкүн деп жазууда. Камакка алынган имамдын уулу да болушу мүкүн деп болжошту.

Имам Вахаж - АКШ дагы мусулмандар арасында өтө кадыр барктуу имам деп жазды жергиликтүү басылма. (AbA)

Тектеш темалар