Кургакчылык төө куштарды шаарга бастырып кирүүгө аргасыз кылды

Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс штатындагы шахтерлордун чакан шаарчасы Брокен-Хиллге төө куштар бастырып кирген окуя катталды. Адистер төө куштар суу жана жем издеп келген деп айтууда.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Aкыркы апталарда беш төө кушту унаа тебелеп кеткен.

"Төө куштар тобу менен шаардын негизги көчөсүндө ары-бери басып жүрүшөт",-деп айтып берди жапайы жаныбарларды сактоо кызматынын өкүлү Эмма Синглтон.

Төө куштардын шаарга кирип келгенин кургакчылыктан улам деди окумуштуулар. Бир эле жаныбарлар эмес, кургакчылык кишилерди дагы кыйынчылыкка кептеди.

Жаңы Түштүк Уэльс штаты калк жыш жайгашкан аймактардын бири. Австралияда өндүрүлгөн айыл-чарба продукцияларынын төрттөн бири ушул аймакка таандык.

Кургакчылыктан улам аймактын айыл чарбасы чоң зыянга учурады. Өлкөнүн премьер-министри Малкольм Тёрнбулл фермерлерге 1,3 млрд доллар материалдык жардам убада кылган.

Австралиялык Эй-би-си телеканалы төө куштар Брокен-Хиллдин көчөсүндө жарыша чуркап, бактарды тазалап, ал тургай футбол учурунда стадионго чейин кирип барып жатканын кабарлады. Бул шаарча Сиднейдин батыш тарабында 935 чакырым аралыкта жайгашкан.

"Бир нече аптадан бери стадионду 14 төө куш пааналап алды . Жергиликтүү тургундар төө куштарга суу жана жем берүүдө",-дейт Эмма Синглтон.

Эй-би-сиге берген интервьюсунда Синглтон тургундар төө куштарга байланыштуу тынчсызданган билдирүүлөрдү тынбай жөнөтүп жатышканын белгиледи.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Кургакчылыктан бир топ суу сактагычтар соолуп калды.

Рейтер агенттиги кабарлагандай, акыркы апталарда беш төө кушту унаа тебелеп кеткен. Июль айында Жаңы Түштүк Уэльс штатына дээрлик жамгыр жааган жок. Кургакчылыктан түшүм жана тоют болбой калды. Фермерлер мал-жандыктары үчүн тоют издеп жатышат. Бир унаа чөптү беш миң долларга сатып алгандар болду.

Жума күнү аймакка 23 оор жүк тарткан унаа менен тоют жеткирилди. Кургачылыктан токойлордо өрт кырсыктары дагы жүз берүүдө. Бул көйгөй бир эле Жаңы Түштүк Уэльс штатында эмес, өлкөнүн Квинсленд, Виктория жана Түштүк Австралия штаттары кургачылыктын азабын тартууда. (AbA)

Тектеш темалар