Усэйн Болт футболго келеби?

Усэйн Болт на тренировке, 21 августа 2018 год

Сүрөттүн булагы, EPA

Олимпиаданын сегиз жолку чемпиону, жүз метрлик аралыктын рекордсмени, дүйнөгө атагы чыккан Усэйн Болт австралиялык "Сентрал Кост Маринерс" футбол клубунда машыгууну баштады. Анын миллиондогон күйөрмандары бул кимге керек, деген суроону берип жатышат.

Аталган клуб дагы, спортчунун өзү дагы бул биринчи кезекте Болттун өзүнө керек дешүүдө. Футболго болгон сүйүүдөн тышкары Болт стереотиптерди бузууну көздөп жатат.

"Мен дайыма баарын жасаса болот, чек болбошу керек деген сөздү айтып келем. Ошондуктан баштаган планымды өзүмө жаңы чакырык катары кабыл алдым. Анын үстүнө профессионалдык клубда ойноону көптөн бери эңсеп келгем. Аталган клубга ийгилик алып келсем деген үмүттөмүн. Жакында толук состав менен көрүшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам",- деди Усэйн Болт.

Бул жерден Болттун англиялык "Манчестер Юнайтед" клубунда ойноону дайыма кыялданып келгенин айтып өтүү керек.

"Сентрал Кост Маринерс" клубунун аткаруучу директору Шон Милекамптин айтымында, Усейн Болттун аталган клубга келээрин уккан демөөрчүлөр тез-тез телефон чалууда. Бул албетте аларды кубантты.

Спорттон кеткенден кийин Болт "эс алып, турмуштун ырахатын көрөйүн", -деп айткан эле. Аны футбол талаасында көргөндөр бир чети таң калууда. Болттун алты аптанын ичинде клубда калаары же кетээри билинет.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Болт тарыхтагы эң күлүк атлет. Ал 100 метр аралыкта үч жолу рекордду жаңыртты

Биринчи дүйнөлүк рекордду, жаңы түзүлгөн Эл аралык жеңил атлетика федерацияларынын ассоциациясы (IAAF) 1912-жылы Стокгольм шаарында каттаган. Андагы мелдеште америкалык Дональд Липпинкотт 100 метр аралыкты 10,6 секундда келген.

Биринчи рекордду бир секундага кыскартуу үчүн дээрлик бир кылым талап кылынды - ага Болт жетишти.

Forbes журналынын маалыматына таянсак - Puma, Mumm champagne, Advil жана башка компаниялар Болтко демөөрчү болуп, ал 2016-17-жылы 34,2 миллион доллар киреше алган. Журнал атлетти эң бай 100 спортчунун катарына кошкон.

Бирок Болт байлыгы менен бөлүшүп келгени дагы маалым. Спортчу кайрымдуулукка көп акча которуп, өзгөчө өзүнүн Ямайкадагы мектебине жардам берет. (ErA)