Жаңы изилдөө: булганыч аба когнитивдик (таанып-билүү) жөндөмдү начарлатат

An Indian man and his family ride a bike during heavy dust and smog in New Delhi Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Индиянын 14 шаары дүйнөдөгү абасы эң кир деп таанылган 20 калаанын катарына кирет

Көп жыл бою булганыч абаны дем алуу адамдын когнитивдик (таанып-билүү) жөндөмүн кыйла төмөндөтөөрү жаңы изилдөөдө айтылды.

Окумуштуулар булганыч аба өзгөчө улгайган адамдарга терс таасир этээрин аныктады.

АКШ менен кытайлык окумуштуулар төрт жыл бою Кытайдагы 20 миң адамдын математика жана сүйлөө жөндөмүнө байкоо жүргүзүшкөн.

Алардын маалыматына таянсак, бул изилдөө Кытайда жүргүзүлгөнү менен, башка аймактарда дагы актуалдуу. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, учурда дүйнөдөгү шаар тургундарынын 80 пайызы зыяндуу заттар менен дем алып жатат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty
Image caption Бул изилдөө Кытайда жүргүзүлгөнү менен, башка аймактарда дагы актуалдуу

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, көрүнбөгөн "киши өлтүргүч" деген атка конгон булганган аба жылына жети миллион адамдын өмүрүн алат.

Буга чейин булганыч аба альцгеймер жана деменцияга (алжып калуу) алып келээри аныкталган.

Окумуштуулардын бири Си Чен "көп жылдар бою булганыч аба менен дем алуу бир жылдык билим алууну кемитип койгонгонго барабар" деп айтты.

Бул изилдөөдө окумуштуулар 2010-2014-жылдары он жаштан өйдө кишилерге 24 математикага жана 34 когнитивдик ой жүгүртүүгө байланыштуу суроо жолдошкон.


Дүйнөдөгү булганыч аба көйгөйү - статистика

  • Жылына жети миллиондон ашуун адам булганыч абадан көз жумат
  • 2016-жылы булганыч абадан улам Жер шарында 4.2 миллион адам каза тапкан
  • Дүйнө калкынын 91 пайызы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму абасы кир деп тапкан аймактарда жашайт
  • Индиянын 14 шаары дүйнөдөгү абасы эң кир деп таанылган 20 калаанын катарына кирет
  • Дүйнөдөгү он адамдын тогузу булганыч абаны дем алат

Булак: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму


Бишкекти ууландырган 240 миң тонна

Ѳкмөт алдындагы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалыматына караганда, Бишкектеги абага жылына 240 миң тонна булганыч заттар тарап жатат, анын 180 миң тоннасын автоунаалар бөлүп чыгарат.

Мамлекеттик экологиялык органдарына ылайык, Бишкекте абаны булгаган зыяндуу заттардын 90 пайызын автоунаалар чыгарып жатат.

Ошондуктан өкмөт автоуналарды газга өткөрүүнү жана экологиялык зыяны көп күйүүчү майларды колдонууга тыюу салууну максат кылууда.

Кыргызстан 2019-жылдан тартып бештен төмөнкү экологиялык класстагы автомобиль бензиндерин жана дизель майларын сатууга чыгарууга жана пайдаланууга тыюу сала баштайт.

Кыргызстанда мунайды иштетүүчү беш завод бар. Алардын Кара-Балтада жана Токмокто курулган соңку экөөсү Кытай курган заманбап технологиядагы заводдор деп макталганы менен алардын баары эң төмөнкү экологиялык сапаттагы күйүүчү майды чыгарышат.

«Алар чыгарган күйүүчү май экинчи класска араң жетип жатат. Биз айтып атабыз, алар мейли чыгара берсин, бирок Кыргызстанга сатпасын, Тажикстан, Афганистан сыяктуу мамлекеттерге сатсын деп жатабыз»,-дейт ЖК депутаты Дастан Бекешов.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө абанын булганышын шарттаган бензин курамындагы бензол, сера газдарын аныктоочу лабораториялар жок.

Ошондуктан сырттан кирип жаткан күйүүчү майлардын сапаты жөнүндө сертификаттар кандайча берилип жатканы түшүнүксүз болууда. Ошол себептүү депутаттар күйүүчү майлардын сапатына сертификат берүүнү тартипке салууну өкмөттөн талап кылышкан.

Газ бензинге караганда он эсе таза күйөөрү дагы айтылууда. Активисттер автоунааларды газга өткөрүүнү сунуш кылышууда. Ошону менен катар Бишкекте күйүүчү май менен жүргөн коомдук транспортту азайтып, аларды газга өткөрүүгө жана троллейбус паркын кеңейтүү керек дешүүдө. (AT)

Тема боюнча башка макалалар