Орусияда ксенофобия күчөдү: Мигранттарга, башка этносторго мамиле

ксенофобия Сүрөттүн автордук укугу Artem Geodakyan/TASS
Image caption Mигранттарды Орусияда көрүүнү каалабагандар (иликтөөгө катышкан) мурдагы жылга салыштырмалуу кыйла өсүп, ал 67% жеткен

"Левада-центр" социологдору башка улуттарга жана этникалык топторго карата орусиялыктардын арасында ксенофобия күчөгөнүн байкады. "Орусия орустар үчүн" деген ураанды кармангандар соңку жылы дээрлик эки эсеге көбөйдү.

Сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, орустардын көбү цыгандарды көп жактыра беришпейт. Иликтөө катышуучуларынын 43% "аларды өлкөгө киргизбей эле койсок болмок" дешкен. "Цыгандардын Орусия аймагында жашоосуна чектөө киргизилсин дегендер 32% түзгөн (өткөн жылы июлда 17% болчу).

Сүрөттүн автордук укугу Alexei Lipnitsky/TASS

Экинчи жана үчүнчү орунда, "өлкөгө киргизбеш керек" дегендердин катарына африкалыктар (33%) жана Орто Азиядан келгендер (30%) да кошулган. Сурамжылоого катышкандар Орусияда жашоого тыюу салынсын деп чечен (27%) жана кытайлыктарды (27%) айтышкан.

Андан тышкары 22% респондент украиналыктардын өлкөгө кирүүсүн каалабайт. Ал эми жөөттөрдү Орусияга кирбесин дегендер 15% түздү.

Орусияда орустар гана жашап, башкаларды киргизбеш керек деген респонденттер 16% түзгөн.

Социологдор "Орусия орустар үчүн" деген ураанды кармангандар быйыл мурдагыдан да күчөгөнүн байкаган (2014-жылы 10% болсо, 2018-жылы 19%).

Ошол эле маалда бул ураанды "чыныгы фашизм" дегендердин саны да өскөн (30% респондент).

Эмгек мигранттарына карата мамиле

"Левада-центр" бул өлкөдө эмгек мигранттарына карата мамилени да билүү үчүн сурамжылоо өткөрдү. Анда "радикалдуу ксенофобдор" мигранттардын агымына чектөө киргизүү менен бирге, батир же жумуш берүүдө алардын этносуна, динине карап чечим кабыл алуу керек дегени жазылган.

Орусиялыктардын көбү (сурамжылоого катышкан 87% орустар) мындай түрдөгү "дискриминациялык жарнамаларды" көп эле көрүп жүргөнү менен, кээлери ага "түшүнүү менен мамиле кылаары" (29%), айрымдары аны колдоору (10%) иликтөөдө айтылат.

Ошондой эле мигранттарды Орусияда көрүүнү каалабагандар (иликтөөгө катышкан) мурдагы жылга салыштырмалуу кыйла өсүп, ал 67% жеткен.

Ал эми мигранттар иштеши керек дегендер 14% болгон. (ErA)

Тема боюнча башка макалалар