Путин, Эрдоган жана Роухани Идлибдин тагдырын чечүүгө чогулду

Путин, Эрдоган жана Роухани апрель айында Сириядагы абал боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Путин, Эрдоган жана Роухани апрель айында Сириядагы абал боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн

Орусия, Иран жана Түркия Тегеран шаарында Сириядагы Идлиб провинциясындагы абалды талкууга алмакчы. Сириянын армиясы Иран менен Орусиянын жардамы менен козголоңчулар көзөмөлдөгөн Идлиб аймагында аскердик операцияларын баштаганы жатат, бирок Түркия чабуулга каршы чыгууда.

Башар Асаддын армиясы жакын арада Идлибдеги аскердик операциясын баштайт деп эки жумадан бери айтылып келди. Бирок Сириянын армиясы дагы деле чабуулун баштай элек. Адистер буга Түркиянын каршылыгы себеп болгонун айтышууда.

Идлиб аймагы Түркия менен чектеш жана Анкара бул провинциянын коопсуздук боюнча кепили катары чыккан. Буга 2017-жылы Иран, Орусия жана Түркия макул болгон. Ошондой эле Идлиб башка аймактардан келген козголоңчуларды кабыл алган төрт зонанын бири катары тандалган. Айтылган төрт зонанын үчөөнү Сириянын армиясы көзөмөлгө алды.

Түркия эмнеден кооптонуп жатат?

Саммитке чейин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу аскердик операция коопсуздук жана гуманитардык коркунучтарды жаратат деп белгилеген.

Түркияда үч миллиондон ашуун сириялык качкын баш калкалап келет. Идлибдеги аскердик аракеттерден улам качкындардын саны кыйла көбөйүшү мүмкүн деген кооптонуулар дагы бар.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Ошондой эле Түркиянын Идлибде аскерлери жайгашкан. Анкаранын коргонуу позициялары өлкөгө коркунуч жаратат делген күрт куралчандарга каршы колдонулууда.

Анкаранын пикиринде, Сирия армиясынын чабуулу Түрк армиясынын региондогу жетишкендиктерин жокко чыгарат. Ал себептен Түркия козголоңчу топторду аймактан чыгарып кетүү жараянын баштоону сунуштайт.

Эмнеге Идлиб стратегиялык мааниге ээ?

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Козголоңчу топтор менен жихадчылар Идлиб аймагын 2015-жылдан бери көзөмөлдөп келет

Идлиб козголоңчу жана жихадчы топтордун чордонуна айланды. Дал ушул топтор жети жылдан бери Башар Асаддын бийлигине каршы согуш жүргүзүп келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун айтымында, Идлиб провинциясында 2,9 миллион жайкын тургун, анын ичинде миллионго чукул жаш бала жашайт.

Учурда Идлибде баш калкалап жаткан кишилердин жарымы, башка аймактардагы салгылашуулардан качып келген. Алардын көбү козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймактардын тургундары болчу.

Бул аймак Түркия менен дагы чектеш жана Алеппо, Хама жана баш калаа Дамаскты байланыштырган кан жолдо жайгашкан.

Эгерде өкмөт күчтөрү Идлибди өз көзөмөлүнө алса, козголоңчулар чегине турган территория дээрлик калбай калат. Козголоңчулар өлкө боюнча туш тарапка жайылып, согушта жеңилгендигинин белгиси болмокчу.

Учурда Идлиб провинциясын ким көзөмөлдөйт?

Провинцияны бир нече атаандаш күчтөр башкарат. Куралчандардын саны отуз миңге жетет. Алардын арасынан эң күчтүүсү деп "Хайат Тахрир ал-Шам" тобу саналат. Бул жихадчу топтун "ал-Каида" менен байланышы бар.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "Хайат Тахрир ал-Шам" тобунун лидери Сириянын армиясына каршы күрөш уланат деп билдирди

"Хайат Тахрир ал-Шам" Идлибдеги көп территорияны, анын ичинде провинциянын борбор шаарын жана Түркия менен чек ара өтмөгүн көзөмөлдөйт.

Бириккен Улуттар Уюму бул топту террористтик уюм деп тапкан жана Идлибде 10 миңден ашуун согушкери бар экени жоромолдонуп келет. Алардын көбү чет өлкөдөн келген экстремисттер.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "Улуттук боштондук фронту" өкмөт күчтөрү менен салгылашууга даярданып жатканы айтылган

Түркия колдогон "Улуттук боштондук фронту" жихадчы "Хайат Тахрир ал-Шамдан" кийинки эң таасирдүү топ. Аларга бир нече исламчы топтор кошулган. Бул куралчандар "Эркин Сирия армиясы" тобу катары чыгышат.

Сириянын өкмөт күчтөрү аскердик операцияларын эмнеге азыр баштаганы жатат?

Сириядагы жарандык согушта президент Асад жеңишке жетээрине аз калганы калетсиз. Орусиянын аба соккулары жана Иран жөнөткөн миңдеген жөө аскерлер Сириянын армиясына жардам берип, козголоңчулар көп аймактардан чегинди.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Сириянын армиясы жакында эле Идлибге жакын жайгашкан аймактарды өз көзөмөлүнө алды

Жакында эле Сириянын тышкы иштер министри өкмөт Идлибди "бошотууга" басым жасайт деп билдирди. Ошондой эле министр адамдык жоготууларды азайтуу үчүн маселени сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө аракеттенебиз деп айткан. Бирок кандай жол менен болсо дагы Идлиб "бошотулат" деп кошумчалаган.

Орусия дагы Сириянын өкмөтүн колдоп, бийликтин өз территориясындагы "террордук топторду жок кылууга" укугу бар деп билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сирия менен Орусиянын тышкы иштер министрлери. Орусия Сириянын өкмөтүн колдоп, бийликтин өз территориясындагы "террордук топторду жок кылууга" укугу бар деп билдирди

Идлибдеги жайкын тургундарга эмне болот?

Бириккен Улуттар Уюму Сириянын аскердик операциясы мурда болуп көрбөгөндөй гуманитардык кризиске алып барышы мүмкүн экенин эскертти.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Жети жылга созулган жарандык согуштан улам Идлибдеги турак жайлардын көбү талкаланды

Идлибдеги жүз миңдеген жөн жай тургундар эмитен эле катаал шартта жашап келишет.

БУУ аскердик аракеттерден улам 800 миң адам аргасыз жер которот жана жардамга муктаж болгондордун саны кескин жогорулайт деп билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Түркия үч миллионго чукул сириялык качкындарды кабыл алган

Азырынча качкындарды Түркия кабыл алабы же жокпу белгисиз бойдон.

Түркия колдогон топтор көзөмөлдөгөн Африн жана Жараблус сыяктуу аймактарда качкындар жык толгон. Ал эми козголоңчулар башкарган территориядан өкмөт көзөмөлдөгөн аймактарга өтүү кооптуу. Жайкын тургундар дагы камакка алынышы ыктымал.

Эл аралык коомчулук эмне дейт?

Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Стефан де Мистура "жихадчыларды жок кылабыз деп, миңдеген жайкын тургундардын өмүрүн коркунучка кептебегиле" деп чакырды.

Ал маселени сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө жана жөн жай тургундарды аймактан коопсуз жайга чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридор түзүүгө үндөдү.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Оппозициячыл топтор дүйнөлүк коомчулукту Сириядагы абалга кийлигишүүгө чакырды

Сириянын бийлигине каршы көтөрүлүш регионалдык тирешүүгө айланды. Бул согушка "Ал Каида" сыяктуу террордук топтордон баштап,Түркия, Иран, Израил сыяктуу регионалдык күчтөр жана АКШ, Орусия сыяктуу ири державалар аралашууда.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Башар Асад Орусиянын жардамы менен бийлигин бекемдеп алууга жетишти

Асад жеңишке жеткен күнү дагы дүйнөлүк коомчулук тараптан болгон кысым жоголуп кетпейт. Тескерисинче, айрым адистер кысым жогорулайт деген пикирде. Себеби АКШ, Израил жана Вашингтондун Перс булуңундагы өнөктөштөрү, Сирияны региондогу атаандашы Иранга каршы согуш майданы катары колдонот деген сөздөр айтылууда.

Тема боюнча башка макалалар