Россия менен Британия БУУнун Коопсуздук Кеңешинде кайым айтышты

Шектүүлөр Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Кылмышка шектүүлөргө атайы киши өлтүрүү, ошондой эле нервди шал кылуучу затты сактоо жана колдонуу боюнча күнөөлөр коюлган жатат.

Улуу Британиянын өтүнүчү боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңеши Солсбериде болгон Сергей менен Юлия Скрипалга "Новичок" түрүндөгү химиялык курал менен кол салууну талкуулады.

Лондон Россия бийликтеринин жогорку эшелонун химиялык куралды колдонуп кол салууну уюштурду деп айыптоодо.

АКШ, Франция, Германия жана Канада Солсберидеги ууландырууга россиялык бийликтин тиешеси бар деген британдык тараптын жүйөөсүн туура көрүп жатышат.

Алардын Коопсуздук Кеңешинин алдында жарыялаган биргелешкен билдирүүсүндө Сергей Скрипаль менен анын кызынын ууланышы Россиянын өкмөтүнүн деңгээлинде санкцияланган болушу ыктымалдыгы жогору деп айтылат.

"Биз, Франция, Германия, АКШ, Канада жана Улуу Британиянын лидерлери, 4-мартта Солсбериде «Новичок» деп белгилүү болгон нервди шал кылуучу заттын колдонулганына байланыштуу өзүбүздүн нааразылыгыбызды кайрадан билдиребиз",-деп айтылат Британиянын премьер-министри Тереза Мэй, Франция президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Ангела Меркель, АКШнын президенти Дональд Трамп жана Канаданын премьер-министри Джастин Трюдо кол койгон билдирүүдө.

Алар иликтөөнүн жүрүшүнө канааттануу билдиришип, бул кылмыш иши боюнча ким кошумча маалымат билсе, аны британдык бийлик менен бөлүшүүгө чакырышты.

"Биз эки шектүү адам ГРУнун офицерлери экени жөнүндө Британиянын тыянактары менен макулбуз»,-деп айтылат билдирүүдө.

Британиянын прокуратурасы тергөө-иликтөө иштеринде Россиянын аскердик чалгын кызматы - ГРУнун офицери болуп саналган эки россиялыкка күнөө койгонго жетиштүү далилдерди табылды деп билдирүүдө.

Улуу Британия Коопсуздук Кеңешинин жыйынын Тереза Мэй парламентте сүйлөгөндөн кийин чакырып отурат.

Улуу Британиянын БУУдагы өкүлү Карен Пирс бул маселе боюнча британдык позицияны айтып өттү. Анын айтымында, Лондондун мурдакы билдирүүлөрү эми ишенимдүү далилдер менен бекемделип жатат.

Ал ошондой эле Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн милдеттеринин бири - эл аралык мыйзамды жана нормаларды колдоо экенин билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Улуу Британиянын БУУдагы өкүлү Карен Пирс Россияны жазалоого чакырды

"Туруктуу мүчөлөрдүн бири Скрипалдарды өлтүрүүгө аракет кылды, Солсберидеги адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирди. Алар эл аралык аренадагы жашоонун негизги нормалары теңирден тескери коюлган паралель мейкиндикте жашап жатышат», -деди Пирс.

Россия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү, ошондуктан анын өкүлү дагы, Улуу /Британиянын жакын союздаштары АКШ менен Франциянын өкүлү дагы бул жыйында катышып отурду.

Карен Пирс ошондой эле Коопсуздук Кеңеши химиялык куралга тыюу салуу боюнча концепцияны бекемдеп, андан сырткары химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмга мындай куралды ким колдонуп жатканын аныкташына мүмкүнчүлүк бериши керек деп билдирди.

Эң башкысы, ал Россияны жазалоо керек деди.

Күтүлгөндөй эле, Россиянын өкүлү Василий Небензя британдык тараптын бардык дооматтарын четке какты.

«Бул акылга сыйбаган театр. Мындан жакшыраак фейк таба албадыңарбы»,-деди Россиянын өкүлү.

"Мунун баары доктор Геббельстин усулу. Калпты миң жолу кайталай берсе чындыкка окшой берет», - деп сөзүн улантты.

Сүрөттүн автордук укугу Met Police
Image caption Британия кылмышка шектүү катары карап жаткан орус офицерлери өлкөгө Александр Петров жана Руслан Боширов деген фамилия менен киришкен.

Коопсуздук Кеңешинин туркутуу мүчөлөрүнүн ичинен Россияны эч ким колдогон жок. Казакстан, Кытай жана Кувейт сыяктуу өлкөлөр конкреттүү сөз айтышкан жок. Калгандары Лондонду колдошту.

Мурдараак Британиянын ички иштер министринин орун басары Бен Уоллес Британия россиялык бийликке кысым көрсөтүү үчүн жана буга окшогон ишке таптакыр жол берилбеши керектигин БУУда билдириш үчүн ушул жыйынды чакырып жатканын билдирген болчу.

Би-Би-Синин коопсуздук иштери боюнча кабарчысы Гордон Корера Улуу Британияя дипломатиялык чаралар менен катар ГРУнун аракеттерине бөгөт кое турган иштерди дагы активдештирет деп кабарлады.

Тереза Мэй өз кезегинде Россияга жаңы санкцияларды салганга Евробиримдикти көндүрүүнү убада кылды. (КС)

Тема боюнча башка макалалар