Швециядагы шайлоо: Улутчулдар позициясын бекемдеди

Йимми Окессон, лидер партии Шведские демократы Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Йимми Окессондун "Швед демократтары" партиясы Швециядагы шайлоодо добуштардын саны боюнча үчүнчү болду.

Швецияда жекшембиде болгон парламенттик шайлоолордо күтүлбөгөндөй эч нерсе болгон жок. Алгачкы маалыматтар боюнча оңчул партия "Швед демократтары" 19,2% добуш алып, мурдакыдан да көп колдоого ээ болду.

Көпчүлүк добуштарды оң центристтик партиялардын альянсы менен социал-демократтар, Жашылдар партиясы жана Солчул партия бириккен башкаруучу блок теңме тең бөлүп алышты.

Оңчул партия «Швед демократтарынын» шайлоодогу ийгилиги алдын ала эле билинген. 2014-жылы болгон шайлоодо аларга шайлоочулардын 12,6% добуш берген эле.

Бул партиянын элге алынып кеткенине анын антимигранттык риторикасы чоң себеп болду. 2015-жылдан кийин Европада курчуп кеткен миграциялык кризистин убагында бул көпчүлүктү ойлондурган тема болуп жатат. Швеция жан башына эсептей келгенде качкындарды эң көп кабыл алган өлкө болуп саналат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Мигранттар маселеси бул шайлоодогу орчундуу тема болду.

Ошондон бери өлкөдө мигранттар менен байланышкан жаңжалдар чыгып жатты, анын ичинде «Ислам мамлекети» деп аталган экстремисттик күчтөрдүн катарына кошулган жихадисттер окуясы, Стокгольмдун иммигранттар көп жашаган райондорунда тополоң да болду.

Бул кырдаалдан «Швед демократтары» эпчилдик менен пайдаланды. Партия өзүнүн имиджин оңдогондон сырткары азыр иммигранттарга каршы багытталган демилгелерди, жаныбарларды коргоо, экологиялык аң-сезимди көтөрүү, пенсионерлерге экономикалык жардам берүү сыяктуу маселелерди көтөрүп жатат.

Мунун баары мурда негизинен жумушчу класстын эркектери гана колдоп келген «Швед демократтарына» калктын башка катмарынын өкүлдөрүн да тартпай койгон жок. Мурда бул партияны укпай кол шилтеп келгендер азыр аны менен эсептешпей кое албайт. (КС)

Тема боюнча башка макалалар