Париждеги кол салуу: жети адам жарадар

Полиция Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Парижде бычак жана темир чыбык менен куралданган адамдын кол салуусунан жети адам жарадар болду.

Көчөдө бараткандарга кол салган ээнбаш адам кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча ал Францияга Афганистандан келген. Полция азырынча болгон окуяны теракт катары карай элек.

Париждин полициясынын билдиргенине караганда, кол салуу болжол менен 23:00дө шаардын 19-округундагы каналдын жээгинде болгон.

Куралчан адам адегенде кинотеатрдын жанынан эки эркек жана бир аялга бычак менен кол салган.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Кол салуу болгон жерди полиция тосуп койду

Күбөлөрдүн бири 28 жаштагы Юсеф Наджаф каналдын жээги менен сейилдеп баратып бычак кармаган адамдын чуркап баратканын көргөнүн айтып берди.

"Анын артынан 20дай адам чуркап алыптыр, алар аны карай петанканын шарын ыргытып жатышты. 4-5 шар анын башына тийди, бирок ал токтоп калган жок", - деди Юсеф.

Петанк - Францияда көчөдө ойноло турган оюн, аны металл шарын кезектешип ыргытып ойношот. Мындай шардын салмагы - 650 -800 г.

Андан кийин бычак кармаган адам башка көчөдөн британдык эки туристке кол салган.

Париждин мэри Анн Идальго көчөдөгү элге кол салган адамды кармаган полицияга жана ага жардамдашкандарга ыраазылык билдирди.

"Азыркы учурда биз француз бийликтери менен тыгыз иштешип, иликтеп жатабыз", - деп айтылат Британиянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Францияда соңку бир нече айдын ичинде бычак менен кол салган бир нече кылмыш болду, бирок алардын айрымдары гана теракт катары аныкталган.