Россия: Бийликтен ишеним кетирген пенсиялык реформа

Санкт-Петербургда каршылык акциясына чыккандарды полиция күч менен таратты, 300 дөй адам кармалды,-дейт укук коргоочулар. Сүрөттүн автордук укугу dw/v.Izotov
Image caption Санкт-Петербургда каршылык акциясына чыккандарды полиция күч менен таратты, 300 дөй адам кармалды,-дейт укук коргоочулар.

Россияда жекшембиде ондогон шаарларда оппозиция лидери Алексей Навальныйдын миңдеген жактоочулары пенсиялык реформага каршы нааразылык акциясына чыгышты. Укук коргоочулар Санкт-Петербург шаарында үч жүздөй адамды милиция кармап кеткенин, айрымдары таяк менен сабалганын айтышууда.

Пенсиялык реформага каршы нааразылык акциялары оппозициялык саясатчы Навальныйдын чакырыгы боюнча Россиянын 82 шаарында болгону айтылууда. Бардык жерде полиция каршылык акциясына чыккандарга күч колдонуп кармаганы жөнүндө маалымат тарады.

Пенсияга чыгуунун жаңы эрежелери боюнча эркектер менен аялдар дагы кошумча беш жыл иштеши керек болот.

Санкт-Петербургдагы каршылык акциясына чыккан Александрдын айтымында, пенсиялык реформага эл каршы болгондуктан өкмөт андан эчак эле баш тартканы туура болмок:

«Каяктагы элдин эрки? Мен ишенип турам, элдин 90% пенсиялык реформага каршы, анын кереги жок. Биз аны токтотушубуз керек".

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Пенсиялык реформанын айынан "Бирдиктүү Россияга" саясий колдоо кыйла азайды

9-сентябрда Россияда федерациясынын бир катар субьектилеринде шайлоолор да болду.

Пенсиялык реформа башталгандан кийинки болгон биринчи шайлоолор дагы башкаруучу партия "Бирдиктүү Россияга" саясий колдоо азайганын көрсөттү. Губернатордун шайлоосу 22 региондо болду, анын ичинен төрт региондо - Хакасия, Приморск жана Хабаровск крайларында жана Владимир областында "Бирдиктүү Россиянын" талапкерлери алгачкы маалымат боюнча жеңип чыкпай калышы мүмкүн деп жатышат.

«Бирдиктүү Россиянын» Забайкалск крайындагы, Иркутск, Уляновск областтарында, Хакасияда мыйзам чыгаруу жыйынына болгон шайлоодо да жолу болбой, 25-28% добуш араң алды.

Путин дайындаган губернаторлор жана Бирдиктүү Россия көп жылдан бери мынчалык жеңилип көрө элек болчу. Губернаторлорду шайлоо кайтып келген соңку алты жылда Кремль көрсөтпөгөн талапкер губернаторлук шайлоону жеңип алган бир гана учур болгон эле. Бир гана Иркутск областында коммунист Сергей Левченко жеңип, губернатор болгон.

Эксперттер шайлоо төмөн конкуренциянын шартында жана административдик ресурсту колдонуу менен өтүп жатканын белгилеп жатышкан. Бирок өкмөттүн пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу чечими Путиндин, Медведевдин жана "Бирдиктүү Россиянын" рейтингин кулатып, бийликке болгон ишенимди кетирди дешет. (КС)

Тема боюнча башка макалалар