Орусияда "Чыгыш-2018" аталган аскердик машыгуулар башталды

Орусия 1981-жылдан бери карай болуп көрбөгөн эң ири аскердик машыгуу өткөрүүдө. "Чыгыш-2018" аталган аскердик машыгууга 300 миңден ашуун аскер кызматкери тартылды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

"Машыгууга жалпысы болуп 300 миңдей орусиялык аскер кызматкерлери катышууда. Миңге чукул учак жана тик учактар, жерден туруп башкарылган учуучу аппараттар, 36 миңдей танк, бронетранспортер, жана башка аскер унаалары, Аскер-деңиз күчтөрүнөн 80 кеме тартылды",-деп билдирди Орусиянын Коргоо министрлиги.

Орусиянын куралдуу күчтөрүндөгү жалпы аскерлердин саны бир миллионго чукул киши. Бул жагынан алганда армиянын үчтөн бири машыгууга тартылды.

Аскер машыгуусу 17-сентябрга чейин уланат. Аны коргоо министри Сергей Шойгу өзү жетектеп, Ырааккы Чыгышта өтүүдө. Машыгууга кытайлык жана монгол аскерлери дагы кошулду.

Кытай менен Монголиянын катышуусу

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Өткөн жылы кытай жана орусиялык деңиз күчтөрүнүн жөө аскерлери биргелешкен машыгуу өткөргөн.

Орусиядагы аскер машыгуусуна катышуу үчүн Кытайдан 24 тик учак жана алты аскер учагы келди. Орусиялык аскер жетекчилери Кытай машыгууга Ми-171 үлгүсүндөгү алты тик учак жана Z-9 үлгүсүндөгү тогуз, Z-19 үлгүсүндөгү тогуз тик учак жөнөткөнүн ырастады. Бирок, аскер учактары кандай үлгүдө экени айтылган жок. Кытайдын Коргоо министрлиги авиациядан сырткары 3200 аскер кызматкери, 900 техника тартылганын айтты.

Монголия болсо машыгууга катышып жаткан аскер күчтөрү тууралуу расмий билдирүү тараткан эмес.

НАТОнун өкүлү Дилайн Уайт бул машыгуулар тууралуу май айында кабардар болушканын билдирген. Бардык эле өлкөлөр аскердик машыгуу өткөрүүгө укугу бар. Болгону ал ачык өтүшү керек деген Уайт. Ал ошондой эле "аскердик бюджетин жана аскердик таасирин күчөтүп жаткан Орусия - машыгуу аркылуу масштабдуу чыр-чатакка даярдыгын демонстрация кылып жатканын" айтты.

"Батыш - 81"

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Аскер учагы Ту-160

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу "Чыгыш-2018" машыгуусу тууралуу маалымат берип жатып, совет мезгилиндеги "Батыш-81" машыгуусуна салыштырды.

"Батыш - 81" машыгуусу 1981-жылы 4-12-сентябрь аралыгында Белорус, Киев, Прибалтика аскер округдарында, ошондой эле Балтика деңизинде жана Польша аймагында өткөн.

Ал учурдагы машыгуулар дүйнөлүк тарыхта "Кансыз согуш доорундагы" советтик эң масштабдуу машыгуу катары кирген. "Батыш - 81" машыгуусунда Чыгыш Европадагы НАТО аскерлерине каршы чабуулга өтүү операциялары иштелген экен. (AbA)

Тектеш темалар