Өз өмүрүнө кол салгандардын көбү индиялык аялдар. Эмне үчүн?

Өз өмүрүнө кол салгандардын 36,6 пайызы индиялык аялдар. Мындай маалымат Lancet медициналык журналынын акыркы санына жарыяланды. Бул үрөй учурган көрүнүштүн себеби эмнеде?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Өз өмүрүнө кол салууга барган индиялык аялдардын 71,2 пайызы 15 жаштан 39 жашка чейинки куракта.

Соңку он жылдыкта Индияда өз өмүрүнө кол салган аялдар саны бир топ азайды. Мурда бул сандар мындан да жогору эле дейт иликтөөчүлөр.

"Индия суицидке барган аялдар санын кыскартууга жетише алды. Бирок, бул жетиштүү деңгээлде, күчөгөн темп менен жүрүп жаткан жок",-деди изилдөөчүлөр тобунун жетекчиси Ракхи Дандона.

Дүйнөдө орточо эсеп менен алганда, ар бир миң аялдын жетөө өз өмүрүнө кол салууга барат. Бул көрсөткүч Индияда эки эсеге көп - миң аялдын он беши ушундай жолго барган. Индияда эркектер арасында болсо суицидке баргандардын көрсөткүчү төмөн.

Lancet жарыялаган докладда өлкөдөгү саламаттыкты сактоо системасындагы кризис тууралуу дагы сөз болгон. Өз өмүрүнө кол салууга барган индиялык аялдардын 71,2 пайызы 15 жаштан 39 жашка чейинки куракта.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Индияда азырга чейин ата-энелери келишип, кызды турмушка берүү салты кеңири колдонулат.

Келишилген нике жана күнүмдүк зордук-зомбулук

Бул топтогулардын көптөрү никеде тургандар. Төмөндөгү факторлордон улам нике аялдарды суицидден сактай албайт деп белгилейт авторлор:

  • Эрте жана келишилген нике (кыздын макулдугун эсепке албай эле турмушка берүү)
  • Жашы жетелек кезде балалуу болуу
  • Социалдык статусунун төмөндүгү
  • Күнүмдүк зордук-зомбулук
  • Экономикалык көз карандылык
  • Депрессия

"Индияда бул курактагы аялдар бир нече олуттуу көйгөйгө дуушар болот. Алар көп учурда депрессияга кабылып, ооруп калышат. Эч кандай психиатриялык жардам көрсөтүлбөйт ",-деп айтып берди Ракхи Дандона.

Индиялык аялдар арасында өз өмүрүнө кол салуу көрүнүшү эмне үчүн кеңири жайылган? Бул суроого азырга чейин так жооп жок.

Суицидди алдыналуу борборунун негиздөөчүсү доктор Лакшми Кумардын пикиринде, буга баарынан мурун психологиялык проблемалар себеп болушу мүмкүн.

"Жаңы эле турмушка чыккан кыздар, өзгөчө мажбурлап никеге тургандар олуттуу психологиялык проблемаларга дуушар болот. Алар барган жердеги жаңы бүлөсү ар кандай шарт коюшу мүмкүн. Бирок, акырындап алар үй-бүлөдө жаңы социалдык статуска ээ болуп, бара-бара өздөрүн корголгон үй-бүлө мүчөсү катары сезе баштайт",-деди Лакшми.

Аймактык айырмачылыктар

Докладдын авторлору өз өмүрүрүнө кол салуу фактылары боюнча индиялык штаттардагы статистикалык чоң айырмаларга көңүл бурушкан. Эң жогорку көрсөткүчтөр өлкөнүн түштүк аймагындагы Тамилнад жана Карнатакада. Кызык жагдай, бул эки аймакта тең өлкөнүн башка жерлерине салыштырмалуу аялдардын социалдык-экономикалык статусу жогору саналат. Бирок, эмне үчүн мындай жагдай суицидке таасирин тийгизе алган эмес?

Адистер бул аймактагы аялдар башка штаттагыларга салыштырганда чоң-чоң нерселерди күтүп, ошону максат кылып жашайт. Ошондуктан кандайдыр бир көңүл калуулар болсо, аны оор кабыл алат деп болжойт.

"Ушуга окшогон көрүнүш экономикалык жактан өнүккөн АКШ шаттарында да байкалган",-дейт доктор Лакшми Виджая Кумар.

Индияда дүйнө калкынын 18% жашайт. Ошондуктан башка өлкөгө салыштырганда эмне үчүн Индияда аялдар арасындагы суицид көп жайылганын түшүнсө болот.

Кытайдын тажрыйбасы

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кытайда 1990-жылы аялдар арасындагы өз өмүрүнө кол салуу көрсөткүчү эң жогорку чекке жеткен. 2016-жылы бул көрсөткүч 70 пайызга кыскарды.

Докладдын авторлору мындай абалда Кытайдын тажрыйбасы пайдалуу болмок деп белгилейт. Кытайда 1990-жылы аялдар арасындагы өз өмүрүнө кол салуу көрсөткүчү эң жогорку чекке жеткен. 2016-жылы бул көрсөткүч 70 пайызга кыскарды. Өзгөчө Кытайдын элет аймагында чоң жылыштар болгон.

"Кытай өкмөтү ырастагандай, элеттен шаарга агылган миграциянын деңгээли 25 пайызды түздү. Мунун жыйынтыгы менен аялдардын көбү жумуш менен камсыз болгон",-деп эсептейт доктор Лакшми Виджая Кумар.

Дарыгердин айтымында, урбанизация аларга психиатриялык жардам алууга дагы жол ачууда.

Индиянын коңшулары Шри-Ланка жана Бангладеште дагы аялдар арасындагы суицид азайган.

"Мурда өз өмүрүнө кол салгандардын көбү улгайган кишилер эле. Бирок, азыркы статистика көрсөткөндөй, жаш кыз-келиндер арасында бул көрүнүш көп каталып жатат",-деп белгилейт доктор Лакшми Виджая Кумар.

Кийгилишүү стратегиясы

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Эң жогорку көрсөткүчтөр өлкөнүн түштүк аймагындагы Тамилнад жана Карнатакада.

Өз өмүрүнө кол салгандар санын кыскартуунун бир катар стратегиясы бар. Анын ичинде өз жанын кыйууга түрткөн жагдайларды болтурбоо, алдын алуу чарасы.

Кумардын айтымында, статистика көрсөткөндөй өз жанына кол салгандар менен ичимдик ичкендер ортосунда байланыш бар экени далилденген. "Өмүрүнө кол салгандардын көп бөлүгү ичимдиктин арты ушундай жолго барган. Демек, бул жаатта ар бир өлкөдө улуттук изилдөөлөр талап кылынат",-дейт дарыгер.

Экинчи чарасы катары, суицидди азайтуу үчүн бийлик ММКларды көзөмөлдөп, ушул жааттагы маалыматтарга өзгөчө көңүл бурушу керек дейт адистер.

Индияда жаштар арасындагы өлүмдүн негизги себеби суицид болсо, бул көйгөйдүн аялдар арасындагы көрсөткүчү өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Көйгөйдүн чордонунда унчукпоо адаты турат. Зордук-зомбулукка кабылган аялдар унчукпай, көйгөйдү ичте сакташат. Индияда азырга чейин ата-энелери келишип, кызды турмушка берүү салты кеңири колдонулат. Ата-энелер балдарына басым көрсөтүп, катуу талаптарды коюшат.

Доктор Виджая Кумардын эсебинде, суицидди алдын алуу үчүн Индияда мамлекеттик деңгээлдеги стратегия иштелип чыгышы зарыл. Ошондой эле кыз-келиндер үчүн психиатриялык же психологиялык жардам көрсөтө турган жайларды ачуу керек. (AbA)

Тектеш темалар