Кабардиндер менен балкарлар эмнеге жаңжалдашты?

Бул аптада Кабардино-Балкарияда улут аралык тирешүү орун алды. Жаңжал балкарлыктар "Канжал салгылашуусунун" 310 жылдыгын белгилөөгө чогулган кабардиндерди өз айылына киргизбей койгондон башталган. Көп өтпөй нааразылык маанай республиканын борборуна жетти.

Сүрөттүн автордук укугу Sergei Bobylev/TASS/Getty Images
Image caption Кабардино-Балкариядагы айыл

Араздашуунун себеби жана кесепеттери тууралуу эмнелер белгилүү?

18-сентябрда кабардин атчандары "Канжал салгылашуусунун" 310 жылдыгына карата Канжал тоосуна жүрүшкө чыккан. Алар жолдо балкарлар басымдуулук кылган Кенделен айылын аралап өтүшү керек эле. Бирок кенделендиктер жолду бөгөп алып, эки ортодо тирешүү орун алды.

"Кавказ түйүнү" кабарлагандай, күч түзүмдөрү айылды курчоого алып, кагылышууга жеткирбөө аракетин көргөн. Айрымдар милиция курчоосун бузуп өтүүгө аракет кылганда, асманга ок атылып, эскертүү берилген. Бул окуянын эртеси күнү дагы милиция чогулгандарды таратуу үчүн көздөн жаш агызган газ колдонгон.

Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматында, жергиликтүү эл полицияга жана Росгвардиянын кызматкерлерине карата зомбулук көрсөтүп, чагым кылууга аракет кылган деп айтылат. Тергөөчүлөр белгилегендей, айрымдар коомдук сайттар аркылуу "туура эмес маалымат таратып, жек көрүү жана душмандашууга " чакырык кылган. Козголгон кылмыш иштери тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Бул тирешүүдөн бир күндөн кийин - 19 сентябрда Кабардино-Балкариянын өкмөтү жайгашкан Нальчик шаарында митинг өтүп, жаңжалды териштирүү талабы айтылды. Ушул эле күнү Кенделен айылынан анчейин алыс эмес Заюково айылында атчан жүрүштүн катышуучулары менен полиция күчтөрү кагылышкан.

"Канжал салгылашуусу" эмне болгон окуя?

Айрым маалыматтарда "Канжал салгылашуусу" 1708-жылы болгону айтылат. Кабардиндик элдик кошуундар жергиликтүүлөрдөн салык талап кылган Крым хандыгынын аскерлерин талкалаган деп айтылып жүрөт.

Орусия илимдер академиясынын Аскердик тарых институтунун бүтүмүнө таянсак, "Канжал салгылашуусу " тарыхый окуя жана ал "кабардин, балкар жана осетиндердин тархында маанилүү орду бар".

Кабардиндер менен балкарлар ушул эле себеп менен 2008-жылы дагы тиреше кеткен жайы бар. Анда балкар айылынын тургундары "Канжал салгылашуусу болгон эмес", "Жерден ээлегенге жол бербейбиз"деген лозунгдар менен митингке чыгышкан. Анда тирешүү эки күнгө созулган эле.

Тирешүүнүн себептери

Республикадагы чыңалууга алып келген себептердин бири эле - жер маселеси. Азчылыкты түзгөн балкарлар бийликке ар дайым "балкар эли сүргүнгө айдалган учурда, жерлерибизди кабардиндерге берип салышкан" деген дооматты коюп келишет.

1944-жылы советтик жогорку бийлик балкар элин Кыргызстан менен Казакстанга сүргүнгө айдаган. Бул чечимди балкарлар нацисттик Германиянын катарына өтүп кеткени менен түшүндүрүшкөн. Кийин СССРдин жогорку органдары сүргүндү мыйзамсыз жана геноцид актысы болгон деп тапкан.

Кабардиндер жана балкарлар

2010-жылдагы эл каттоо маалыматтарына таянсак чөлкөмө көпчүлүктү түзгөн үч чоң этнос бар - кабардиндер (490 миң), орустар (193 миң ), балкарлар (108 миң).

Республикадагы түпкүлүктүү эки элдин тек-жайы кескин айырмалуу. Тарыхчылар кабардиндерди адыг элинин тобуна киргизишет. Ал эми балкарлардын тырыхы көбүнө так эмес. Балкарлардын эл болуп калыптануусунда жергиликтүү алан (осетин), эң башкысы кыпчак уруулары негизги ролду ээлешкен деген көз караштар бар. Башка көз караштан алганда, балкарлар - Борбордук Кавказга көчүп келген крым-татар этносу деп да айтылып келет. Тили болсо, түрк тилдеринин генеалогиялык жиктешүүсүндө карачайлар менен бирге батыш хунну тобунун кыпчак бутагында сүйлөшөт. (AbA)

Тектеш темалар