Тергөө: "Новичок" менен миңдеген кишини ууландырууга мүмкүн эле

Дин Хейдон
Image caption Би-би-синин "Панорама" программасына берген интервьюсунда Хейдон уулу зат салынган идиштин так өзүндөй үлгүнү көрсөттү.

Солсбериде табылган кичинекей айнек идиштеги "Новичок" деп аталган нервди шал кылуучу заттын калдыгы эле бир нече кишини ууландырууга жетмек деди Би-би-сиге британ полициясынын офицери Дин Хейдон. Ал орусиялык атайын кызматтын мурунку кызматкери Сергей Скрипалдын ууланышы боюнча тергөө тобун жетектейт.

Би-би-синин "Панорама" программасына берген интервьюсунда Хейдон уулуу зат салынган идиштин так өзүндөй үлгүнү көрсөттү. Кеп бул жерде Nina Ricci деген этикетка чапталган флакон тууралуу жүрүүдө. Аны британдык Чарли Роули 2018-жылдын июнь айында Солсберидеги парктан таап алган. Флаконду духи экен деп ойлоп, сүйлөшкөн кызы Дон Стерджесске белек кылат.

30-июнда экөө тең оор абалда ооруканага түшкөн. Роули ооруканадан жакында чыкты. Бирок анын сүйлөшкөн кызынын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Кеп бул жерде Nina Ricci деген этикетка чапталган флакон тууралуу жүрүүдө. Аны британдык Чарли Роули 2018-жылдын июнь айында Солсберидеги парктан таап алган

"Өзүңөр көрүп тургандай айнек идиштин көлөмү чоң эмес. Анын оозу кадимкидей эле бектилип, ичинде "Новичок" болгон". Кол салгандар сыртындагы кутуну ачып, анан айнек идишке өлчөгүч жана капкагына чачкычын коюшкан",-деп түшүндүрдү Хейдон.

Британ полициясы флакондун жасалгасы - аэропорттогу текшерүүдөн шек туудурбай алып өткөнгө ылайыкташтырылып жасалган дейт. Кийин аны кишинин ден соолугуна зыян келтире тургандай кураштырып алууга мүмкүн.

"Биз бөтөлкөнү алган учурда анда уулуу заттын калдыгы бар эле. Ошол калдыгы эле дагы бир нече миң кишини ууландырууга жетмек",- деди полиция өкүлү.

Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия 2018-жылдын 4-мартында нервди шал кылуучу зат менен ууланган. Британ полициясы бул окуяга Орусия жарандарынын катыштыгы болгон деп айыптап келет.

Скрипалды ууландырууга шектелгендер

Сүрөттүн автордук укугу Bellingcat / PA
Image caption Bellingcat Анатолий Владимирович Чепиганын паспортун таап чыкканын жана анын 2003-жылы тартылган сүрөтү "Руслан Боширов" деп аталган адамга абдан окшош экенин аныктады

Кылмышка шектүү катары аталган Александр Петров жана Руслан Бошировдун чыныгы аты-жөнү башка дейт британ бийлиги. Алар Британияга ушундай ысымдагы паспорт менен келген.

Кийин ММКлар шектүүлөр тууралуу кеңири маалыматтарды жазып чыгышты. Москва болсо айыптоолорду эч кандай негизи жок, курулай доомат катары четке кагып келүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Met Police
Image caption Шектелип жаткан эки орус жараны 4-мартта, Скрипаль ууландырылган күнү Солсбери шаарчасында жүргөн

Журналисттик иликтөө тармагында иш алып барган Bellingcat тобу британ өкмөтү "Руслан Боширов" деп атаган адамдын чыныгы ысымы полковник Анатолий Чепига экенин жазды. Уюмдун маалыматына ылайык, Полковник Анатолий Чепига Чеченстанда кызмат өтөгөн жана Орусия Федерациясынын Баатыры наамын алган.

Bellingcat Анатолий Владимирович Чепиганын паспортун таап чыгып, анын 2003-жылы тартылган сүрөтү "Руслан Боширов" ысымдуу адам менен куюп койгондой окшош деп билдирген.

Сүрөттүн автордук укугу RT
Image caption "Александр Петров" менен "Руслан Боширов" Орусиянын мамлекеттик каналына маек куруп, Солсбериге турист катары барышканын айткан

"Новичок" деген эмне болгон уулу зат?

  • "Новичок" деп аталган затты СССР 1970-80-жылдары жашыруун аскердик жайларда чыгарган. Аны "жаңы муундагы" уулуу заттардын катарына кошсо болот.
  • "Новичок" камтыган A-230 химиялык заты Литвиненкону өлтүргөн VX затынан сегиз эсе күчтүү. VX затын ичип алган адам бир нече мүнөттүн ичинде каза табат.
  • "Новичок" затынын суюк жана катуу түрлөрү бар. Ошондой эле "Новичоктогу" химиялык заттар өз алдынча кармалат, алар аралашканда гана өтө күчтүү уулуу затка айланат.
  • Айрым маалыматтарга ылайык, "Новичок" затын Орусиянын армиясы химиялык курал катары каттаган.
  • Орусиядан башка тарапка өтүп кеткен мурдагы чалгынчылар "Новичок" тууралуу биринчилерден болуп айтып беришкен. Ага чейин уулу зат тууралуу дүйнөлүк коомчулуктун кабары жок болчу.

Буга чейин премьер-министр Тереза Мэй уулуу затты Британияда колдонуу "бир гана Скрипалга каршы кылмыш эмес, жалпы Британиянын коомчулугуна каршы кылмыш" деп атады. Себеби, "жөн жай тургундардын өмүрүнө коркунуч жаралды" деп кошумчалаган Мэй.

Сергей Скрипаль деген ким?

Сүрөттүн автордук укугу Moscow District Military Court/TASS
Image caption Скрипаль 2006-жылы чыкынчылык боюнча айыпталып, 13 жылга абакка кесилген

Сергей Скрипаль 1951-жылы туулган.

1990-жылдары Скрипаль Орусиянын чалгын агенттигинде чоң кызматты аркалап, атайын кызматка жаңы кадрларды тандоо бөлүмүндө эмгектенген.

Орусиянын ММКларында Скрипаль тууралуу маалымат абдан аз. Бирок Би-Би-Синин Британиянын атайын кызматтарына жакын булагы Скрипаль десанттык күчтөрдө өзүн мыкты көрсөткөнүн айтты. Андан соң Скрипалды чалгындоо агенттиги ишке алынган.

Орусиянын бийлиги Скрипаль пенсияга чыкса дагы, мурдагы кесиптештеринин жардамы менен жашыруун маалыматтарды алып, паны Британияга өткөрүп турган деп айыптаган. 2006-жылы Скрипаль күнөөсүн мойнуна алып, Москванын аскердик соту 13 жылга эркинен ажыраткан. Аскердик наамдарынан ажыратылган.

2010-жылы эки орусиялык кесиптеши менен бирге мунапыс алат. Андан соң Москва буларды АКШда кармалган орус агенттери менен алмашканы тууралуу маалыматтар бар. Ошентип Скрипаль Улуу Британияда жашап калган.

Скрипалга байланышкан окуя Британия менен Орусия ортосундагы мамиленин бузулушуна себеп болду. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар