Конор Макгрегор карьерасын жыйынтыктады: Эмнеси менен атактуу болду?

Отуз жаштагы ирландиялык мушкер Конор Макгрегор спорттук карьерасын (ММА) жыйынтыктаганын жарыялады. Чуулгандуу спортчу эмнеси менен атак-даңкка жетишкенин Би-Би-Си эске салат.

Макгрегор

Сүрөттүн булагы, Harry How/Getty Images

"Салам, жигиттер! Чукул жарыя: бүгүн мен спорттогу карьерамды жыйынтыктоону чечтим. Мурунку кесиптештеримдин баарына ийгилик каалайм",-деп жазган "Твиттер" баракчасына.

2016-жылы ушундай эле билдирүүсү менен чыгып, бирок эки күндөн кийин кайра ММА беттештерин уланта берерин айтканы бар. Андан кийин төрт жолу беттеш өткөрдү.

Бир апта мурун эле мушкер Нейт Диас менен үчүнчү жолу беттешке даяр экенин айтып, бул үчүн UFC чемпиондугун сураган эле. Макгрегордун спорттон кетип жатканы тууралуу билдирүүсүнө UFC жетекчиси Дэйн Уайт пикирин айтып, ага ийгилик каалады.

Флойд Мэйуэзер менен беттеш

Бокстун эрежеси менен өткөн бул беттеш 2016-жылы болгон. Атактуу америкалык мушкер Флойд Мэйуэзердин 50-беттеши, 50-жеңиши болуп калды. Ушундан кийин Мэйуэзер бокстан кеткенин жар салды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мэйуэзер жана Макгрегор

Бул бетешке чейин Макгрегор жеңил салмакта UFC чемпиону эле. Жыйырма төрт беттештин жыйырма бирин утуп алган. Бирок профессионал бокста такыр тажрыйбасы болгон эмес. Ал бокс боюнча мелдешке катышуу укугуна жетишип, дүйнөнүн мурунку чемпионун беттешке көндүрдү.

Флойд Мэйуэзер беттештин тогузунчу раундунда Конор Макгрегорду техникалык нокаут менен жеңип алган.

Орто салмактагы (69,85 кг) беттеш Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында өткөн. Ага чейинки даярдыктар карама-каршылыктуу пикирлер менен коштолду. Спорттун эки башка түрүнүн өкүлдөрү беттешип жаткан соң бири-бирин катуу кемсинтти.

Уюштуруучулар Мэйуэзерге 100 млн доллар, ал эми Макгрегорго 30 млн доллар беришкен. Алар чынында мындан дагы чоң акча иштеп тапканы айтылган эле.

Хабиб менен беттеши

Сүрөттүн булагы, Getty Images

2018-жылдын 6-октябрында Конор Макгрегор дагестандык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен UFC уюмунун чемпиондугу үчүн беттешти.

Беттешке чейин курч окуялар болду. Беттештен кийин дагы чуусу бир топко уланды.

Башында Бруклиндеги унаа токтотуучу жайда Конор Макгрегор достору менен Хабиб Нурмагомедов жана башка ММА мушкерлери олтурган автобуска кол салган. Бул үчүн ал беш күнгө кара жумушка кесилген.

Видеонун түшүндүрмөсү,

Нью-Йорктогу окуянын тасмасы

Нурмагомедов менен Макгрегор беттешке чейин эле катуу тирешип, ал барган сайын күчөп, беттешке болгон кызыгууну ого бетер кызыткан.

Ирландиялык спортчу Нурмагомедовдун атасы Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен сүрөткө түшкөндүгү үчүн аны коркок деп атаган.

Кийин күттүргөн беттеш орун алып, орусиялык спортчу Конорду утуп алды. Нурмагомедов беттеш бүтөөр замат Макгрегордун өнөктөшүнө атырылган. Эки спортчунун тарапташтары жана күйөрмандары арасында мушташ болуп кетти.

Мелдештен кийин Нурмагомедов басма сөз жыйынын берип жатып, мушташка жол бергендиги үчүн кечирим сураган.

"Эмне үчүн мушташка чейин Конордун кылгандарына эч унчукпайт да, бардыгы ошол мушташ боюнча кеп кылып жатат? Ал менин диниме, өлкөмө, атама тийишип сөз сүйлөгөн, акыры автобуска кол салган эле, бул жөнүндө эмне дейсиңер?",- деген эле.

Макгрегор 2018-жылдагы Орусияда өткөн футбол боюнча чемпионатта Владимир Путин менен сүрөткө түшкөн

Бейбаштык

Конордун спорттогу чуулгандуу окуяларын, бейбаштыгын спорттук шоу деп атаса болот. Бирок анын спортко байланышпаган дагы мыйзам бузуулары болгон.

2017-жылы басылмалар Конордун Дублиндеги пабда жергиликтүү кримтөбөл Грэм Уилан менен мушташа кеткенин жазышкан. Майамидеги түнкү клубдагы окуясы үчүн камкка алынганы бар. Анын күйөрманы сүрөткө түшөм дегенде телефонун жерге чаап, муштап жиберген. Бир нече саат камерада кармалып, кийин күрөөгө акча коюп чыгарып алышкан эле. (AbA)