Интерполдун жетекчилигине орус генералы тандалган жок

Ким Чон Ян Сүрөттүн автордук укугу Interpol
Image caption 57 жаштагы Ким Чон Ян буга чейин Интерполдун вице-президенти болуп иштеген

Интерполдун бош турган жетекчилик кызматына орус генералы тандалат деген имиштерге карабастан, уюмдун Башкы ассамблеясынын өкүлдөрү түштүк кореялык Ким Чон Янды шайлады.

Буга чейин Орусиянын Ички иштери министрлигинин генералы Александр Прокопчук жетекчи катары шайланат деп айтылган эле. Интерполдун мурдагы жетекчиси кытайлык Мэн Хунвэй коррупция боюнча айыпталып, октябрь айында камакка алынган.

57 жаштагы Ким Чон Ян буга чейин Интерполдун вице-президенти болуп иштеген. Мэн Хунвэй кызматты аткара албай калгандыктан, Ким Чон Ян уюмдун президентинин милдетин аткарып келген.

Ал Кёнсан-Намдо провинциясынын полиция башчы даражасына жеткенден кийин, 2012-жылы интерполго кызматка алынган.

Интерполдун жетекчиси төрт жыл мөөнөткө шайланат. Бирок Ким Чон Ян эки гана жыл, Мэн Хунвэйдин мөөнөтү бүткүчө жетекчилик кызматты аркаламакчы.

Орус генералы шайланышы мүмкүн деген жаңылыктар кээ бир Батыш мамлекеттери нааразы кылган эле.

АКШнын сенаторлор тобу кайрылуу жасап, Интерполдун жетекчиси катары генерал-майор Прокопчукту шайлоо - "карышкырга кой кайтарткан" болот деп айтышты. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Помпео, Вашингтон "ишенимдүү түрдө" Ким Чон Яндын талапкерлигин колдойт деп билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу Valery Sharifulin/Tass
Image caption Прокопчук эки жыл Интерполдун вице-президенти болуп иштеген

Британия болсо Прокопчуктун шайланышы "Солсберидеги кылмышта жабыркагандарды шылдыңдоо болот" деген пикирин айтты.

Баарынан катаал позицияны Литва карманды. Бул мамлекет орусиялык генерал шайланса, Эл аралык полиция уюмунан чыгып кетерин эскерткен.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин айтымында, Батыш саясатчылары "Орусиянын талапкерин дискредитациялоо аракетин" көрдү. Президент Путиндин басма сөз катчысы Песков болсо, АКШнын сенаторлору шайлоо жараянына кийлигишип жатканын айткан.

Интерполдун кандай укуктары бар?

Чынында, Интерполдун президенти "символикалык" гана бийликке ээ. Уюмдун уставы боюнча президент:

  • Башкы ассамблеянын жыйындарында төрагалык кылат
  • Башкы ассамблеянын жана анын аткаруу комитетинин аракеттери Интерполдун жалпы чечимдери менен дал келип жатканына байкоо жүргүзөт
  • Башкы секретарь менен тыгыз байланышта болот.

Интерполдун негизги аракеттерин жана уюмга өкүл болгон мамлекеттер менен карым-катнашты Башкы секретарь көзөмөлдөйт. Бул кызматта 2014-жылдан бери германиялык Юрген Шток ээлеп келет.

Интерполдун мурдагы жетекчисинин камакка алынышы

Октябрь айында Кытайдын бийлиги дайынсыз болуп кеткен Интерполдун жетекчиси Мэн Хунвэй коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалганын ырастаган.

Бээжин ага карата иликтөө жүрүп жатканын жана коррупциялык иштерге байланыштуу кармашканын билдирген. Бирок, айыптоолор боюнча конкреттүү маалыматтар айтылган эмес.

Интерпол дагы Мэн Хунвэйдин кызматтан кетүү тууралуу арызын алганын маалымдаган. Уюм жетекчиси туралуу маалыматтарга кабатырлануусун билдирип, кытай бийлигиненен кырдаал боюнча түшүндүрмө берүүнү суранган.

Ал Интерполдун жетекчилигинен сырткары Кытайдын коомдук коопсуздук министринин орун басары болуп иштеп келген.

25-сентябрда Мэн Хунвэй Кытайга сапары менен кетип, дайынсыз болуп жатканы айтылган. Бул тууралуу анын жубайы Франциянын Лион шаарынын полициясына кайрылган. Интерполдун баш кеңсеси ушул шаарда жайгашкан.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Мэн Хунвэй Интерполдун президенти кызматына 2016-жылдын ноябрь айында келген

Анализ

Би-Би-Си кабарчысы Хью Скофилд

Көптөр болжоп жаткандай эле кытай бийлиги Мэн Хунвэйди Кытайга келери менен дароо камакка алганы белгилүү болду.

Анын камакка алынганы тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кабарлады. Мунун өзү Си Цзиньпин тарабынан өткөрүлүп жаткан коррупцияга каршы күрөшүү өнөктүгү Мэн Хунвэйди дагы кыйгап өтпөгөнүн көрсөтүп турат. Буга чейин дагы бул өнөктүктүн жүрүшүндө бир нече жогорку кызматтагы чиновник дайынсыз кетип, кийин камакка алынганы белгилүү болгон. Күтүүсүз дайыны табылбай калгандардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, миллиардерлер, ал тургай белгилүү кишилер дагы бар эле.

Бул аптада июль айында дайынсыз болуп кеткен Кытайдагы белгилүү актриса Фань Бинбин коомчулуктун алдына чыкты. Ал элден кечирим сурап, салыкты жашырганы жана башка укук бузуулары үчүн 883 млн юань (129 млн доллар) айып пул төлөгөн.

Мэн Хунвэй деген ким?

Мэн Хунвэй Интерполдун президенти кызматына 2016-жылдын ноябрь айында келген. Анын мөөнөтү 2020-жылы бүтүшү керек эле.

Ал укук коргоо, чек ара, терроризм, баңги бизнесине каршы күрөшүү кызматтарында иштеп, 40 жылдык тажрыйбасы бар эле.

Интерполдун жетекчилигине келгенден кийин Кытайдан качып чыккан саясий диссиденттерге куугунтук күчөбөйбү деген кабатырлануулар айтылган.