Дүкөнгө 16 млн фунт короткон Азербайжан жаранына байланышкан чуулуу окуя

Улуу Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү улуттук агентиги (NCA) биринчи жолу чет өлкөлүк жарандын байлыгы кайдан келгенин ачыкка чыгарууну талап кылды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Harrods универмагы

Каражатынын булагын ачыкка чыгаруу талабы жыл башында эле коюлган. Бирок ал жарандын ким экени коомчулукка эми гана ачык айтылды.

Кеп Азербайжан Эл аралык банкынын мурдагы жетекчисинин жубайы Замира Хаджиева жөнүндө болуп жатат. Соттук документтерде Хаджиева акыркы он жылда бир эле Harrods универмагына 16 млн фунт коротуп, 20 млн фунт чамасындагы каражатка кыймылсыз мүлк сатып алганы көрсөтүлгөн.

Хаджиеванын соттук иши боюнча угуулар Лондондун Жогорку Сотунда июль айында башталды. Андан эки кыймылсыз мүлкү боюнча түшүндүрмө талап кылышкан. Алар Лондондун престиждүү Найтсбридж районундагы 11,5 млн фунтка бааланган үйү жана 10,5 млн фунт турган Аскот шаарына жакын жердеги жер тилкеси.

Эгерде Хаджиева кыймылсыз мүлктөрдү сатып алууга короткон акча каражаттары кайдан келгенин түшүндүрүп бере албаса, конфискацияланышы мүмкүн.

Хаджиева Азербайжан Эл аралык банкынын мурдагы жетекчиси Жахангир Хаджиевдин жубайы. Жахангир Хаджиев 2016-жылы Бакунун соту тарабынан алдамчылык боюнча сыртынан соттолуп, 15 жылга эркинен ажыратылган.

Хаджиев айыптоолордун баарын четке каккан. Лондондогу соттук угууда жубайлар муну адилетсиздик деп баалашты. Адвокаттары NCA тарабынан жөнөтүлгөн өтүнүч кат (запрос) жубайлардын кандайдыр бир кылмышка барганын билдирбейт деп айтты.

Ошол эле кезде NCA юристтери жубайлардын чыгымдаган каражаттары Жахангир Хаджиевдин Азербайжан Эл аралык банкынан иштеп тапкан каражатынан ашып түшөрүн белгилеп жатат.

Каяктан келген каражатка алынганы белгисиз болгон кыймылсыз мүлк тууралуу өтүнүч кат деген эмне?

Мындай өтүнүч же түшүндүрмө каттарды жөнөтүүгө мүмкүндүк берген мыйзам Британияда акчаны адалдоого жана коррупциялашкан чет өлкөлүк чиновниктерге каршы күрөшүү максатында кабыл алынган.

Улуу Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү улуттук агенттигинин (NCA) тергөөчүлөрү чет жактан келген, таза эмес жол менен табылган миллиардаган каражаттарга Британияда кыймылсыз мүлктөр сатып алынган деп эсептейт.

Бирок ушул кезге чейин мындай көрүнүштөрдү ачыкка чыгарып, жоопко тартуу өтө татаалдыктарды жаратып келген. Анткени кандайдыр бир илинчек табуу жагы кыйынга турат. Жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин, эми шектүүлөр короткон акчаларынын булагын көрсөтүүгө тийиш.

Эгерде ал өзүнүн капиталын мыйзамдык жактан далилдей албаса, Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү улуттук агенттиги үй-мүлкүн конфискациялоо боюнча сотко кайрыла алат.

Хаджиевдер тууралуу эмне билебиз?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жахангир Хаджиев 2001-жылдан 2015-жылга чейин Азербайжан Эл аралык банкын жетектеген.

Жахангир Хаджиев 2001-жылдан 2015-жылга чейин Азербайжан Эл аралык банкын жетектеген.

2016-жылы сыртынан соттолуп, 15 жылга эркинен ажыратылган. Сот аны көз боёмочулук кылды деп, банктагы эсептерден жоголуп кеткен он миллиондогон доллар боюнча айыптуу деп тапкан. Ошондой эле 40 миллион доллар өлчөмүндө айып пул салган.

Бирок Хаджиев бул айыптоолорду четке кагып келүүдө. Ал доо арыз менен кайрылып, бирок соттун чечими өзгөргөн эмес. Хаджиев Адам укугу боюнча Европа сотун бул маселеге көңүл бурууга чакырып келет.

Замира Хаджиева британдык сотто күйөөсүн таза иштеген ишкер деп, банктын жетекчилигине келгенге чейин эле байлык топтогонун айтты.

Кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттиги болсо 1993-жылдан 2015-жылга чейин Хаджиев мамлекеттик кызматта иштегенин белгилеп, мындай чоң каражатты табышы мүмкүн эмес эле дейт.

Британияда Хаджиевдер короткон каражаттар

Соттук териштирүүнүн башында Хаджиевдер документтерде мырза жана айым "А" деп эле көрсөтүлгөн.

Соңку он жыл ичинде Замира Хаджиева Harrods универмагына 16 млн фунт короткону сотто белгилүү болгон. Бул деген күнүнө 4 миң фунт дегендик.

Ошондой эле сотто далил катары элиталык зер буюмдарды, парфюмерия жана саат чыгарган Boucheron фирмасынын продукциясына 150 миң фунт короткону көрсөтүлдү.Cartier зергер дүкөнүнөн күйөөсүнө белек үчүн 20 миң фунт чыгымдаган.

Хаджиеванын Азербайжан Эл аралык банкы тарабынан берилген 35 банктык картасы болгон.

Ошондой эле анын Gulfstream G550 үлгүсүндөгү 42 миллион долларлык жеке учагы бар экени расмий айтылды. (AbA)

Тектеш темалар