АКШны кыйсыпыр кылган бороон, кыргызстандыктар кантти?

Мексика жээгине сүрүлүп калган моторлуу кайык Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Мексика жээгине сүрүлүп калган моторлуу кайык

АКШнын Флорида штатын дүрбөлөң түшүргөн бороондон улам бир топ жерлерде өзгөчө кырдаал абалы жарыяланды. Учурда бороон Түштүк Королинаны көздөй жылып баратат.

Kуюн-чапкынга байкоо салчу Улуттук борбор "Майкл" бороонун кооптуу деп атады. Биз Флоридага жакын Маямиде жашап жаткан кыргызстандык Айдай Насиповага кайрылып учурдагы абал тууралуу сурадык.

А. Насипова: Бороон тууралуу бир апта мурун кулагыбыз чалды. Бирок көңүл бурганыбыз жок. Анткени, Флоридада жыл сайын бороон-чапкындын учуру болот эмеспи, көнүп деле калдык. Мурдагы күнү бороон аябай күч алды деп уктук. Ылдамдыгы саатына 250 км деген оңой эмес. 4-категорядагы бороон деп мүнөздөлөт экен. Түндүк Флоридага тийип, 400 миңдей кишини эвакуация кылышты.

14 киши катуу жаракат алып, көз жумду деп уктук. Кыскача айтканда, кечээ саат бирлерде Флориданын түндүк жагына келип жетти. Менимче ал жерде буга чейин мындай катуу бороон боло элек болчу. Бул бороондун күчү жерге тийгенден кийин басаңдай түшөт экен. Бирок аябай көп жамгыр, шамал алып келет тура. Көз ачырбай көнөктөгөн жамгырдан жер-суунун баарын суу каптап, үйлөр, автоунаалар аябай эле жаман болду.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Аман калгандар айласы куруп турат

Би-Си-Си: Бороон-чапкын жыл сайын боло келген табигый кырсык деп калдыңыз, мамлекеттин камылгасы, даярдыгы кандай?

А. Насипова: Америкада ушундай жагдайларга даярдык шайма-шай. Ооба, элдер жабыр тартышты, бирок камсыздандыруу деген бар. Бул жакта үй-жайы, иши барлардын көбү өзүнүн жеке менчигин сактайм деп баарын камсыздандырып коюшат. Менимче, ушунча чыгаша болуп аткан соң камсыздандыруучу компаниялар айласы кетип, ыйлап жатса керек. Себеби, далайды калыбына келтирүү керек да. Ушул нерсени Кыргызстанда да жакшылап өздөштүрүп, элге пайдасы тийе тургандай жолун табышса, аябай ыраазы болот элем.

Би-Си-Си: Бороондун кубаты болуп көрбөгөндөй күчтүү деп айтылууда. Бул кабар элдин жүрөгүнүн үшүн алып койду го?

А. Насипова: Элдин көбү аябай эле бейкапар. Түштүк Флоридада чыныгы америкалыктар аз. Көбүнчөсү Латын Америкадан , Түштүк Америкадан келген мигранттар. Алардын эмне болуп жатканы менен иши деле жок. Албетте, бул жерде жардам берели, чогулалы, кийим, акча чогулткула, тамактарды жөнөтөлү деген топтор аябай эле көп. Америкада ушул бир нерсеге аябай суктанам элдердин чыныгы демилгеси бар.

Би-Си-Си: Жылда болот деп айтпадыңызбы? Буга чейин мындай окуяга күбө болуп сиздерди да эвакуациялаган учурлар болгонбу?

А. Насипова: Албетте, мындай болгон. Биз жашаган аймакта 2017-жылдын 8-сентябрында "Ирма" ураганы ушул Маями аркылуу өтүп, биз жашаган шаарлардын баары эвакуацияланган. Баарыбыз Американын түндүк штатарына кеткенбиз. Жер-суунун баары талкаланып, бактар кыйрап, суу каптаган. Бирок бат эле өз калыбына келди. Тропикалык штат болгондон кийин чындыгында эле ушундай экен. Бир жылда 365 күн болсо, анын 300 күнү аба-ырайы жагымдуу, күн тийип, тим эле жыргал. Калган 60 күндо так ушундай кырсыктарды күтсө болот деп коюшат экен.

Би-Си-Си: Эвакуацияга жергиликтүүлөрдүн мамилеси кандай?

А. Насипова: Көпчүлүк болгондон кийин, айрымдары буга кайдыгер. Кимдир бирөө ойлонот, дагы бири дайынын таппай калат, башкасы эч нерсе болбогондой жөн гана жашай берет. Керек болсо ошо куюн аралап өткөн шаарлардын ичинде полиция, мэрия жаңылыктардан, радиодон: "Тезинен эвкуация кылгыла! Калып калсаңар, өзүңөрдү эле эмес, куткаруу кызматкерлеринин өмүрүн дагы тобокелге саласыңар. Силерди сактайбыз деп алар дагы оор абалга кабылышы мүмкүн" деп эскертишет.

Бирок ага карабай, "Мен эч жакка кетпейм, ушул жакта эле калам, эч нерсе болбойт" дегендер четтен чыгат. Анан ошолорду биз жаңылыктардан көрөбүз. Бирөөсү чыгалбай сууда, экинчиси куткаруучуларды күтүп тамынын башында олтурат. Андайлар дагы бир топ эле. Бороон каптап өткөн жерлерде тургундардын үйлөрү талкаланып, чатыры учуп, бак-дарактар кыйраганын эске алсак, бир топ эле оор болуп, чоң түйшүк жаратууда.

Тема боюнча башка макалалар