Армян ыңкылабынын финалдык аккорду: Пашиняндын отставкасы, күтүлгөн шайлоо

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян шейшембиде өзүнүн отставкасын жарыялады. Өлкөдө кезексиз парламенттик шайлоо өтүшү мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Пашинян кызматтан кетип жатып, түз эфир аркылуу кайрылуу жасады.

Пашинян кызматтан кетип жатып, түз эфир аркылуу кайрылуу жасады.

"Бул отставканын максаты - премьердин кызматынан кетип, жоопкерчиликтен качуу эмес, тескерсинче, элдик "баркыт ыңкылабын" логикалык аягына чыгарып, бардык бийликти элге кайтаруу",-деген Пашинян.

Армения парламенти - Улуттук жыйындын жаңы премьерди тандоого эки мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн депутаттарга эки апталык мөөнөт берилди. Эгерде бул аралыктын ичинде жаңы өкмөт башчы шайланбаса, парламент тарайт. Андан кийин кезексиз шайлоо жарыяланат.

Парламенттеги фракциялар, анын ичинде башкаруучу партия дагы өз талапкерин өкмөт башчылыка көрсөтпөй турганын билдирди.

Окуянын дал мына ушул нукта өнүгүшүн жана декабрда шайлоо өтүшүн Пашинян эсепке алып, бул тууралуу бир нече ирет айтканы бар.

Талаштуу мөөнөт

Пашинян өлкөдөгү массалык каршылык жүрүштөрүнөн кийин, 8-майда премьерлик кызматка келген. Элдик толкундоолор арыт менен мурунку өкмөт башчысы Серж Саргсян отставкага кетүүгө аргасыз болгон.

Бирок, Серж Саргсяндын Республикалык партиясы парламентте 51 мандатка ээ болуп, мурункудай эле депутаттардын жарымын түзүп, эң чоң фракция эсептелет.

Пашиняндын "Елк" фракциясында тогуз гана депутат бар. Кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү Пашиняндын негизги убадаларынын бири эле. Шайлоо өткөрүү мөөнөтү парламентте талаштуу пикирлерди жаратты.

Республикалык партия кезексиз шайлоону кийинки жылдын май-июнь айларында өткөрүүнү жактады. Башында кезексиз шайлоону декабрда өткөрүүгө парламенттеги "Царукян" жана "Дащнакцутюн" фракцияларынан дагы каршы чыккандар болду.

Алар республикачылар менен биргеликте 2-октябрда парламентти таратууну татаалдаштырган мыйзамды өзгөртүүлөрдү колдогон. Пашинян талаштуу мыйзамдык өзгөртүүлөрдү армян элине каршы кутум деп атап, максаты контреволюция деп баалады.

Мыйзамды колдогон депутаттарга жооп кылып, миңдеген кишилер катышкан митинг өттү. Кийин бир катар депутаттар декабрда кезексиз шайлоо өткөрүү боюнча демилгени колдоого алып, ал тургай "Царукян" фракциясынын жетекчиси Гагик Царукян премьер менен кезексиз шайлоо тууралуу меморандумга кол койду.

Буга карабастан бүтүндөй Республика партиясы декабрда шайлоо өткөрүү демилгесин колдобой турат. Премьер-министрликке дагы өз талапкерлерин көрсөтүү ниети жок экенин айтты.

Саясат таануучулардын айтымында, Армениядагы окуялар Пашинян ойлогон сценарий менен өнүгүүдө. Парламенттик күчтөр өкмөт башына эч кимди көрсөтпөшү мүмкүн. Учурда Пашиняндын рейтинги жогору. Ошондуктан дал ушул кырдаалда шайлоонун өтүшү анын пайдасына болот дейт аналитик Степан Даниелян.

Учурдагы башкаруучу партиянын шайлоодогу мүмкүнчүлүгү азыраак жана ийгилик жаратышы күмөндүү. Учурда үстөмдүк кылган республикачылар парламентке өтпөй дагы калышы мүмкүн.

Эл аралык маселелер жана коопсуздук боюнча институттун директору Степан Сафаряндын пикиринде, шайлоо легитимдүү бийликти куроо жана стабилдүүлүк үчүн зарыл болуп турат. Ошондуктан анын канчалык эрте болгону, ошончолук жакшы. (АbA)

Тектеш темалар