Кытай дүйнөдөгү эң узун көпүрөнү курду. Сүрөт

Гонконг-Чжухай-Макао багыты боюнча курулган көпүрөнүн узундугу 55 километр. Инженердик чеберчилик боюнча бул чоң жетишкендик катары бааланды.

Гонконг-Чжухай-Макао багыты боюнча курулган көпүрөнүн узундугу 55 километр. Инженердик чеберчилик боюнча бул чоң жетишкендик катары бааланды. Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Көпүрө Гонконгду өлкөнүн негизги континенталдык бөлүгү менен байланыштырат. Курулуш айтылган мөөнөтүнөн бир топко кечигип бүттү.

Көпүрөнүн узундугу бириктирген эстакадаларды эсепке алганда, Сан-Францискодогу Алтын көпүрөдөн 20 эсеге узун. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Көпүрөнүн узундугу бириктирген эстакадаларды эсепке алганда, Сан-Францискодогу Алтын көпүрөдөн 20 эсеге узун.
Көпүрөнү долбоорлоп жатканда жер титирөө, ураган, кемелердин кырсыктары эсепке алынган. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Көпүрөнү долбоорлоп жатканда жер титирөө, ураган, кемелердин кырсыктары эсепке алынган.
Суу үстүндөгү кемелердин тынымсыз жүргөнүн эске алып, 6,7 км өтмөк курулду. Эки жасалма аралдын ортосунан өттү. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Суу үстүндөгү кемелердин тынымсыз жүргөнүн эске алып, 6,7 км өтмөк курулду. Эки жасалма аралдын ортосунан өттү.
Көпүрө ошондой эле Гонконг аэропортунун жанындагы жасалма аралдан дагы өтөт. Аэропорттогу учактардын учуп, конуусуна тоскоолдук жаратпаш үчүн көпүрөнү курууда баары эске алынган. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Көпүрө ошондой эле Гонконг аэропортунун жанындагы жасалма аралдан дагы өтөт. Аэропорттогу учактардын учуп, конуусуна тоскоолдук жаратпаш үчүн көпүрөнү курууда баары эске алынган.
Курулуш иштери 2009-жылы эле башталган. Бирок мөөнөтүндө бүткөн жок. Долбоордун бюджетин бир нече ирет көбөйтүшкөн. Жыйынтыгында жалпы чыгымы 20 млрд долларга бааланды. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Курулуш иштери 2009-жылы эле башталган. Бирок мөөнөтүндө бүткөн жок. Долбоордун бюджетин бир нече ирет көбөйтүшкөн. Жыйынтыгында жалпы чыгымы 20 млрд долларга бааланды.
Көпүрө 2016-жылы ишке берилет деп көптөр күтүшкөн эле. Бул жолу деле коомчулук көпүрөнүн ачылышын акыркы мөөнөттөрдө гана билди. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Көпүрө 2016-жылы ишке берилет деп көптөр күтүшкөн эле. Бул жолу деле коомчулук көпүрөнүн ачылышын акыркы мөөнөттөрдө гана билди.
Курулуш бир гана иштин ыргагы же акча менен эле бүткөн жок. Анда иштегендердин арасында жоготуулар болуп, тогуз киши мүрт кеткен. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Курулуш бир гана иштин ыргагы же акча менен эле бүткөн жок. Анда иштегендердин арасында жоготуулар болуп, тогуз киши мүрт кеткен.
Көпүрө Кытайдын үч бөлүгүн, эки административдик районун (Гонконг жана Макао), ошондой эле континенталдык бөлүгүн бириктирет. Бул деген түрдүү юридикалык жана саясий системаны бириктирет дегендик. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Көпүрө Кытайдын үч бөлүгүн, эки административдик районун (Гонконг жана Макао), ошондой эле континенталдык бөлүгүн бириктирет. Бул деген түрдүү юридикалык жана саясий системаны бириктирет дегендик.
Көпүрө аркылуу негизинен автобустар жана коммерциялык мүнөздөгү транспорт каражаттары каттайт. Таксилерди такыр эле өткөрүшпөйт жана жеке унааларга өзүнчө уруксат кагазын алуу керек болот. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Көпүрө аркылуу негизинен автобустар жана коммерциялык мүнөздөгү транспорт каражаттары каттайт. Таксилерди такыр эле өткөрүшпөйт жана жеке унааларга өзүнчө уруксат кагазын алуу керек болот.
Гонконг менен континенталдык бөлүктүн ортосунда чек ара көзөмөлү болгондуктан, атайын эки бекет курулган. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Гонконг менен континенталдык бөлүктүн ортосунда чек ара көзөмөлү болгондуктан, атайын эки бекет курулган.
Көпүрө курулгандан кийин Кытайдын ар башка аймактарына саякаттоо убактысын бир нече саатка үнөмдөсө болот. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Көпүрө курулгандан кийин Кытайдын ар башка аймактарына саякаттоо убактысын бир нече саатка үнөмдөсө болот.
Бирок Гонконгдо көпүрөгө муктаж эмес элек дегендер да аз эмес. Алардын пикиринде, бул долбоор жөн гана символикалуу мүнөзгө ээ болуп, Гонконг Кытайга жакыныраак болуп калат деп айтып жатышат. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Бирок Гонконгдо көпүрөгө муктаж эмес элек дегендер да аз эмес. Алардын пикиринде, бул долбоор жөн гана символикалуу мүнөзгө ээ болуп, Гонконг Кытайга жакыныраак болуп калат деп айтып жатышат.

(AbA)

Тектеш темалар