Жакартадан учкан "Боинг" деңизге кулады

Индонезиялык Lion Air авиакомпаниясына таандык жүргүнчү ташыган Boeing 737 учагы кырсыкка учурады. Учак Жакарта аэропортунан учуп чыккандан бир нече минутадан кийин деңизге кулап түшкөн.

Сүрөттүн автордук укугу Basarnas

Индонезиянын бийлиги кабарлагандай, учак Ява аралынын батыш жээктеринде деңизге кулаган.

Жакартадан Индонезиянын Банка аралындагы Панкалпинанг шаарына багыт алган лайнер учкандан болжолу 10 минутадан кийин радардан жоголгон.

Индонезиялык маалымат каражаттары жазгандай, учактын бортунда 178 жүргүнчү жана экипаждын мүчөлөрү эки учкуч жана беш борт коштоочу болгон.

Би-би-сиге белгилүү болгон маалыматтарга караганда, учактын бортунда Индонезиянын каржы министрлигинин кеминде 20 кызматкери болгон.

Өлкө бийлиги азырынча тирүү калгандар тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин кабарлады.

Чукул кырдааалдар агенттигинин өкүлү Сутопо Пурво Нугрохо "Твиттер" баракчасына кырсык болгон аймактын видеосун жарыялады. Ал жердеги суунун тереңдиги 30-40 метрдей бар.

Кырсыкка кабылган учактын калдыктары тууралуу биринчи маалыматты ошол аймактан өтүп бараткан кемедегилер билдирген.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Lion Air - Индонезиядагы эң ири жеке менчик авиакомпаниялардын бири.

Lion Air - Индонезиядагы эң ири жеке менчик авиакомпаниялардын бири. Анын 100дөй учагы бар. 120дай каттамга учат деп айтылат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Компанияга таандык учак акыркы жолу 2013-жылы кырсыкка учураган

Компанияга таандык учак акыркы жолу 2013-жылы кырсыкка учураган. Анда Boeing 737 учуучу тилкеден көтөрүлө албай калган. Бирок эч ким жабыр тарткан эмес. (AbA)