Норвегиядагы НАТОнун масштабдуу машыгуусу. Сүрөт.

Кансыз согуш жылдарынан бери биринчи жолу НАТО масштабдуу аскердик машыгуу өткөрүүдө. Норвегияда өткөн машыгууга 31 өлкөдөн 45 миң аскер кызматкери тартылган.

Машыгуунун негизги бөлүгү Тронхейм шаарынан алыс эмес жердеги аскердик полигондо өтүүдө. Сүрөттүн автордук укугу Dursun Aydemir/Anadolu Agency/Getty Images
Image caption Машыгуунун негизги бөлүгү Тронхейм шаарынан алыс эмес жердеги аскердик полигондо өтүүдө.

Аскердик машыгуу 25-октябрдан 7-ноябрга чейин болот. Машыгуунун сценарийи боюнча НАТО өнөктөштөрү менен "агрессор кол салган чакан өлкөнү куткарат".

Учения НАТО Сүрөттүн автордук укугу JONATHAN NACKSTRAND/AFP/Getty Images

10 миңдей аскер техникасы жана 250 учуучу аппараттар, 65 аскердик кеме тартылды.

Шейшембиде машыгууда аба жана деңиз чалгынчыларынын десанттык операциясы көрсөтүлдү.

Учения НАТО Сүрөттүн автордук укугу Dursun Aydemir/Anadolu Agency/Getty Images

НАТО башкы катчысы Йенс Столтенберг билдиргендей, альянс машыгуу тууралуу алдынала Орусияны кабардар кылып, орусиялык байкоочуларды дагы чакырган. Башкы катчынын айтымында, машыгуулар коргонууга багытталган.

Учения НАТО Сүрөттүн автордук укугу Dursun Aydemir/Anadolu Agency/Getty Images

Машыгуу Норвегиянын борбордук жана чыгыш бөлүгүндө, Орусия менен чек арадан 200 чакырым алыстыкта өтүүдө.

Учения НАТО Сүрөттүн автордук укугу JONATHAN NACKSTRAND/AFP/Getty Images

Норвегиянын климаты жана рельефи согуштук аракеттерди жүргүзүүгө өтө татаал өлкө деп белгилейт эксперттер.

Учения НАТО Сүрөттүн автордук укугу Leon Neal/Getty Images
Учения НАТО Сүрөттүн автордук укугу JONATHAN NACKSTRAND/AFP/Getty Images

Мындан бир нече апта мурун Орусия СССР тарагандан берки эң ири машыгуусун өткөргөн эле. "Чыгыш-2018" аталган бул машыгууларга Кытай дагы катышкан.

Учения НАТО Сүрөттүн автордук укугу Dursun Aydemir/Anadolu Agency/Getty Images

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги НАТОнун машыгуусун "антиорусиялык багытта" өткөрүлгөн, "аскердик потенциалын даңазалоо" деп мүнөздөдү.

Учения НАТО Сүрөттүн автордук укугу Dursun Aydemir/Anadolu Agency/Getty Images

(AbA)

Тектеш темалар