Аптанын сүрөтү: Газа тилкесиндеги салмоор ташты кармаган палестиналык

Газа тилкесиндеги израилдик полицияга каршы өткөн акцияда тартылган сүрөт - аптанын жарк эткен образы болуп калды. Бир колуна автономиянын туусун, экинчи колуна салмоор ташты кармаган жаш жигитти фотограф Мустафа Хассон сүрөткө тартып алган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сүрөттөгү 20 жаштагы Аэд Абу Амро "аль-Жазирага" берген маегинде, сүрөттүн популярдуу болуп кетиши таң калтырганын айтты

Израилдин аймагына жакын жердеги чек арада палестиналыктар каршылык жүрүшүнө чыгып, дөңгөлөк өрттөп, таш жана метал ыргытышты. Буга жооп кылып, израилдик күч түзүмдөрү желим ок жана көздөн жаш агызган газ колдонгон. Газанын саламаттыкты сактоо министрлиги 32 палестиналык жаракат алганын маалымдады.

Беш күндүн ичинде жогорудагы сүрөт вирус сыяктуу тарап, өтө популярдуу болууда. Коомдук сайттардын колдонуучулары Хассондун сүрөтүн XIX кылымдагы белгилүү француз сүрөтчүсү Эжен Делакруанын "Элди жетелеген эркиндик" деген эмгегине салыштырып жатышат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption XIX кылымдагы белгилүү француз сүрөтчүсү Эжен Делакруанын "Элди жетелеген эркиндик" деген эмгеги

Сүрөттөгү 20 жаштагы Аэд Абу Амро "аль-Жазирага" берген маегинде, сүрөттүн популярдуу болуп кетиши таң калтырганын айтты.

"Ар апта сайын каршылык жүрүштөрүнө катышам. Бирок фотограф тартып жатканын байкаган эмесмин. Тууну болсо ар бир акцияга көтөрүп барам. Досторум туусу жок барганда, таш атууга оңой болбойбу деп менин үстүмдөн күлүшөт. Мен көнүп калгамын", -деген Аэд Абу.

Биринчилерден бул сүрөттү Делакруанын картинасына окшоштуруп, көпчүлүктүн көңүлүн бурган профессор Лалех Халили болду. Ал Чыгыш жана африкалык изилдөөлөр боюнча Лондон университетинде сабак берет.

Анын твити 46 миң ашуун ретвит болуп, 121 миң киши "жактыруу" белгисин баскан. Бирок элдин баары эле позитивдүү салыштырган жок. Көпчүлүк пикир жазгандар, популярдуулукка ээ болгон сүрөт палестиналыктардын куралсыз акциялары тууралуу теорияны жокко чыгарат деп дагы белгилешти.

Албетте, бул мыскылдуу сүрөттөрсүз болгон жок.

Март айынан бери Газа менен Израилдин чек ара тилкесинде палестиналыктардын демонстрациялары өтүп жатат. Алар арабдардын өз жерлерине кайтып баруу укугун талашууда. Бул акцияларды Газа тилкесинде үстөмдүк кылган ХАМАС кыймылы толугу менен колдоп жатат.

Каршылык жүрүштөрү башталгандан бери 217 палестиналык жана бир израилдик аскер мүрт кетти.

Реалдуу жашоодогу картинкалар

Реалдуу жашоодон алынган сүрөттөрдү классикалык эмгектер менен салыштырган учурлар көп эле болот.

(AbA)