Кытайдын кубаты: дүйнө кантип туруштук берип жатат?

A tourist holding a Chinese national flag takes pictures at the Tiananmen Square during the Chinese National Day holiday on October 3, 2018 in Beijing, China. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Кытай дүйнөдөгү таасирдүү мамлекеттердин бири экени калетсиз.

Өлкө калкынын саны эле Бээжинди чоң оюнчуга айлантты. Бирок мамлекеттин экономикасы тез өнүгүп, эми Кытай АКШнын стратегиялык атаандашы катары каралууда.

Кошмо Штаттары менен Европа финансылык кризисти башынан өткөрүп жатканда, Кытай дүйнөдөгү экономикалык жана саясий таасирин күчөттү.

Буга бир нече мамлекет, анын ичинде АКШ сыяктуу ири державалар да тынчсызданууда.

Алар Кытайдын таасирине туруштук берүү чараларын ишке ашырууда.

Соода согушу - экономикалык чектөөлөр

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кытайга каршы соода согушун баштады. Вашингтон Кытайдан импорттолгон товарларынын жарымына бажы төлөмдөрүн көтөрдү.

Вашингтондун айтымында, Кытай америкалык ишкерлердин интеллектуалдык менчигин уурдап, "адилетсиз" соода ыкмаларын колдонуп жатат.

Трамптын администрациясы өлкө экономикасын чет өлкөлүк атаандаштарынан коргоо саясатын жүргүзүп, бир нече эл аралык соода келишиминен чыгып кетти. Ошондой эле дүйнөлүк эркин соода системасы чабал иштеп жатканын жар салып, Дүйнөлүк соода уюмунан дагы чыгып кетүү маселесин көтөрдү.

Бээжин болсо АКШ Кытайдын өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратууну көздөйт деген пикирде. Алардын оюнда, АКШ гегемон макамын сактап калуу үчүн кастык кадамга барды.

Давос-2017 Дүйнөлүк экономикалык форумда Кытайдын лидери Си мындайча кайрылуу жасады:

"Дүйнөдөгү баардык өлкөлөрдүн өнүгүүгө укугу бар, бирок алар кызыкчылыктарын кеңири карап, алдыга кадам таштасын жана башка мамлекеттердин кызыкчылыгын тебелеп туруп, өнүгүү жолуна түшпөсүн".

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Эки ири державанын тирешүүсү бул өлкөлөрдүн чегинен чыгып, дүйнөлүк базарга дагы сокку урду

АКШнын вице-президенти Майк Пенс болсо Бээжиндин экономикалык агрессиясын жана "карыз дипломатиясын" айыптап, Кытай Кошмо Штаттарынын демократиясына кийлигишип жатат деп билдирди.

Эки ири державанын тирешүүсү бул өлкөлөрдүн чегинен чыгып, дүйнөлүк базарга дагы сокку урду. Ошондуктан адистер АКШ-Кытай соода тиреши бир гана экономикага байлануу эмес деген пикирде.

"Кытайлыктардын пикиринде, АКШ Бээжиндин өнүгүүсүнө бут тосуп жатат. Ал эми америкалыктар Кытай дүйнөнү басып алгысы келет деп ойлойт. АКШлыктар өз өлкөсү дүйнөнү башкарып турганына күбө болуп чоңойду. Ошондуктан Кытай сыяктуу мамлекеттер АКШнын таасирине атаандашканын көргөндө, аны олуттуу коркунуч деп карашат", -деди экономика боюнча адис Фред Бергстейн.

Улуттук коопсуздук

Быйыл Австралиянын парламенти чет мамлекеттердин ички иштерге кийлигишүүсүнө бөгөт коёт делген жаңы мыйзамды кабыл алды. Бул мыйзам негизинен Кытайга багытталган.

Кытайдын таасири Жаңы Зеландияны дагы тынчсыздандырууда. Өткөн жылы Кытайда төрөлгөн жаңызеландиялык депутаттардын бири Бээжиндин тыңчысы деп айыпталып, чуу чыккан. Ал маалыматты четке кагып келет.

Улуттук коопсуздук көйгөйлөрдөн улам кытайлык телеком гиганттары Huawei менен ZTE компанияларына жана Кытайдын чет жердеги инвестицияларына чектөөлөр киргизилди.

Австралиянын өкмөтү Huawei менен ZTE компанияларына өлкөгө 5G технологиясын алып келүүгө тыюу салды. Улуу Британиянын улуттук коопсуздук комитети дагы Huawei компаниясынын жабдыктары шек жаратат деп билдирүү тараткан. Бул компаниялар өлкөнүн интернет түйүндөрү аркылуу тыңчылык кылат деген айыптар айтылууда. Компания дооматтарды четке каккан.

"Менимче чочулоого негиз бар. Себеби Huawei компаниясынын Кытайдын өкмөтү жана Коммунисттик партия менен байланышы так айтылбай келет", -деди окумуштуу Стив Тсаң.

Жыл башында Германиянын өкмөтү дагы улуттук коопсуздуктан улам жергиликтүү ишкананы кытайлык компанияга сатпай койгон.

"Карыз дипломатиясы"

Кытайдын экономикалык өсүшүн пайдаланып жаткан мамлекеттер дагы кооптонуп калды.

Бээжиндин "Бир алкак- бир жол" долбоору 2013-жылы жарыяланган. Кытай өз долбоору аркылуу Азия, Африка, Европа жана башка аймактарды байланыштырып, соода жүргүзүүнү күчөтүү ыкмасын сунуштаган.

Бирок миллиарддаган долларды талап кылган долбоорго каршылык көрсөткөн мамлекеттер дагы бар. Айрымдар "карыз дипломатиясынан" кооптонсо, башкалары Кытайдын таасиринен тынчсызданат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Шри-Ланка Хамбантота портун Кытайга өткөрүп берди

Шри-Ланка, Малайзия жана Пакистан бул долбоорго тескери көз карашын так билдирген.

"Менимче, Кытай экономикалык дипломатия аркылуу таасирин бекемдөөнү көздөйт. Ошондой эле долбоордун стратегиялык мааниге ээ болгон жагдайлары бар. Энергетика тармагы же портторду куруу келишимдери келечекте Кытайдын кызыкчылыгында иш алып барат эмеспи", -дейт экономика боюнча адис Майкл Хирсон.

АКШ вице-президенти Пенс дагы Бээжиндин стратегиялык кызыкчылыктарына көңүл бурду. Мисалы, Шри-Ланка Кытайдан алган карызын төлөй албай, өлкөдө жаңы курулган портту Бээжинге өткөрүп берген:

"Кытай "карыз дипломатиясы" аркылуу таасирин бекемдеди. Бээжин жүз миллиарддаган долларды Азиядан Африкага, Европадан Латын Америкага чейинки инфраструктуралык долбоорлорго карызга сунуштап жатат. Карыздын шарттары өтө начар жана көп учурда Кытайдын кызыкчылыгы гана эске алынган. Ишенбесеңер Шри-Ланкадан сурагыла". (AT)

Тектеш темалар