Цирктеги кол салуу: жырткыч айбанаттарды колдонууну токтотуу керекпи?

Орусиянын Тергөө комитети Кубандагы циркте арстандын төрт жаштагы кызга кол салган окуясы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Сүрөттүн автордук укугу Alexander Demyanchuck/TASS
Image caption Учурда дүйнөнүн 50дөй өлкөсүндө айбанаттар менен циркте оюн көрсөтүүгө тыюу салышкан. Сүрөттүн жогорудагы окуяга тиешеси жок.

Цирктин директору камакка алынган. Жаныбарларды коргоо уюмдары бул окуя айбанаттарды колдонууга тыюу салууга себеп болушу керек деп айтууда.

Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматында, окуя мындан эки күн мурун жүз берди. "Мондиаль" көчмө цирки айылдардын биринде оюн көрсөтүп жаткан учурда орун алган. Жергиликтүү басылмалар күбөлөргө шилтеме берип, төрт жаштагы кыз арстан менен оюн көрсөтүлүп жатканда, тосмого жакын келип, колун булгалаган. Арстан тап берип, кызга атырылып тиш салган экен. Бетинен жаракат алган кыз ооруканага түштү. Дарыгерлер анын өмүрүнө коркунуч жок экенин кабарлады.

"ХХI кылымда цирк зомбулук экени белгилүү болуп калды. Башкача болушу мүмкүн эмес. Анткени аюуну зомбулуксуз кантип велосипед тепкенге үйрөтө алмаксың",-деп айтты Жаныбарлардын укугун коргоо борборунун президенти Ирина Новожилова.

2017-жылы Латвия айбанаттар менен циркте оюн көрсөтүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алды. Анда көптөр жапайы айбанаттарсыз цирктин күнү өтпөйт деп ойлошкон. Бирок өнөрпөздөр цирк жаңы баскычка чыкканын айтып жатышат. Учурда дүйнөнүн 50дөй өлкөсүндө айбанаттар менен циркте оюн көрсөтүүгө тыюу салышкан. (AbA)