Бостондун крим төбөлү түрмөдө өлтүрүлдү

Джеймс Балджер Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Бостон шаарынын атактуу крим төбөлү Жеймс Балжердин жансыз денесин Батыш Виржиниядагы федералдык түрмөдө табышты.

Жеймс Балжер 89 жашта болчу. Аны Флорида түрмөсүнөн жаңы эле которушкан.

2013-жылы сот өкүм чыгарып, Балжер 11 кишини өлтүрдү деп айыптаган. Анын өмүр баяны Жонни Депп катышкан "Кара масса" (Black Mass) жана таанымал режиссер Мартина Скорсезе тарткан "Өзүн танган адам" (The Departed) көркөм тасмаларында чагылдырылган. Скорсезе тасмасы үчүн "Оскар" сыйлыгын да алган.Бостон шаарынын атактуу крим төбөлү Жеймс Балжердин жансыз денесин Батыш Виржиниядагы федералдык түрмөдө табышты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Балжердин Алькатрас абагында тартылган сүрөт

CBS каналы тараткан маалыматка ылайык, Балжерди абакта чогуу отургандар сабап өлтүрүшкөн.

WFXT-TV болсо Балжер жеке камерадан жалпы камерага которулган соң, бир нече сааттын ичинде өлтүрүлдү деп кабарлады.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Жеймс Балжер

Өткөн аптада Федералдык абак бюросу эмне себептен Балжерди Флоридадан которушканын айтып берүүдөн баш тарткан эле.

"Сот Балжерди өмүр бою абакка кескен. Ал эми Федералдык абак бюросунун чечими өлүм жазасы болду", -деди Балжердин адвокаты.

Жаза аткаруу башкармалыгы да Балжер өлтүрүлгөнүн тастыктады. Эми тергөө иштерин Федералдык иликтөө бюросу жүргүзүп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Балжер менен анын жубайы Кэтрин Грейг (1998-жыл, Бостон)

Жеймс Балжер деген ким?

Балжер 1929-жылы ирландиялык үй-бүлөдө туулган.

Ал өспүрүм кезинде эле Бостондун криминалдык топторуна кошулган. Балжер башында унаа уурдап, кийин банктарды тоногон.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Балжер криминалдык империяны түптөдү

Бойго жеткенде Балжер криминалдык империяны түптөдү. Анын тобу казино, опузалоо, баңгизат жана буйрутма өлтүрүү жолдору менен каражат топтогон.

1956-жылы Балжер унаа уурдоо жана каракчылык боюнча күнөөлүү деп табылып, Сан-Францискодогу атактуу Алькатрас абагында отурган.

Ага абакта отуруу абдан жагып калып, ал жактан чыккан соң, полициядан жашырынып, Алькатраска "турист" катары киргени кызуу талкууланган.

Балжердин ырайымсыз ыкмалары анын атагын чыгарган. Акча өндүрүү үчүн ал эки аялды өз колу менен муунтуп өлтүрүп, бир нече саат бою бир адамды кыйнап, андан соң автомат менен башка атып өлтүргөнү маалым.

Ал Федералдык иликтөө бюросу менен кызматташып, башка кылмышкерлер жөнүндө маалымат бөлүшкөнү үчүн, анын ырайымсыз кылмыштарына коопсуздук кызматкерлери көз жумуп койчу.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Федералдык иликтөө бюросу Балжерди издөөгө алганда жарыяланган сүрөт

Балжердин бир тууганы Уильям ийгиликтүү саясатчыга айланган. Ал 1978-жылы Массачусетс штатындагы сенатты башкарган, кийин Массачусетс университетинин президенти дагы болгон.

Уильям агасынын кылмыш дүйнөсү менен байланышы тууралуу билбегенин, бирок билсе дагы аны жашыруун сыр катары кармоону чечкенин айткан.

1995-жылы Федералдык иликтөө бюросу Жеймс Балжерге карата иш козголушу мүмкүн экенин айтканда, ал полициядан качып кеткен.

Арадан көп жыл өткөн соң, 2011-жылы Жеймс Калифорниядагы Санта-Моника шаарында кармалган. 1970-80-жылдары 11 кишини өлтүргөн деп 2013-жылы өмүр бою абакка кесилген.

Ошол учурда Балжер АКШ өкмөтүнүн көзөмөлүндө болгондуктан, бийлик кылмышкердин колунан өлгөндөрдүн жакындарына 20 миллион доллар кенемте төлөп берген. (AT)

Тектеш темалар