Пакистандагы христиан кызга байланышкан чуулгандуу окуя

Пакистанда "Мухаммед пайгамбарга акарат келтирген" деген айып менен өлүм жазасына тартылган христиан аял, сегиз жыл абакта отургандан кийин бошотулду.

Image caption Соңку сегиз жылда Асия абакта жалгыз киши кармалган камерада олтурду.

Айрым тастыктала элек маалыматтарга ылайык, Асия Биби дароо өлкөдөн чыгып кетти. Так кайсы мамлекетке учуп кеткени белгисиз.

Буга чейин Пакистандын Жогорку соту христиан аялдын өкүмүн жокко чыгарган.

Соттун чечими нааразылыктарды жаратып, башаламандык жана зомбулуктар менен коштолду.

Асия Биби эмнеге айыпталды эле?

2010-жылы Асия Биби коңшусу менен кайым айтыша кетип, "Мухаммед пайгамбарга акарат келтирген" деп айыпталган. Төрт баланын энеси Асия Биби талаада иштеп жүрүп, бир нече мусулман аялдар менен айтыша кеткен. Тергөөдөгү көрсөтмөсүндө, мусулман аялдар ал ичкен чыныдан суу ичпей коюп, чырлашып кетишкенин айткан.

Ал күнөөсүз экенин билдирип келет. Соңку сегиз жылда Асия абакта жалгыз киши кармалган камерада олтурду.

Өлүм жазасын жокко чыгарган соттун чечими консервативдүү мусулмандардын каршылыгына кабылды. Алар "пайгамбарга акарат келтирген аялды" катаал жазага тартууну талап кылып жатышат. Өлкөнүн премьер-министри Имран Хан тургундарды сабырдуулукка чакырды.

Теле аркылуу жасалган атайын кайрылуусунда, радикалдуу маанайдагы элементтер өзүнүн саясий максаты үчүн чагым кылып жатканын айтты. Алардын аракети ислам дини үчүн пайда алып келбейт деди Имран Хан.

Масштабдуу демонстрациялар Карачиде, Лахордо, Пешавар жана Мултанда өттү. Айрым учурларда полиция менен кагылышуулар орун алган.

TLP исламчыл партиянын лидери Мухаммед Афзал Кадри эми Жогорку Соттун үч судьясы тең өлүмгө татыктуу деп билдирген.

Сүрөттүн автордук укугу ARSHAD ARBAB
Image caption Масштабдуу демонстрациялар Карачиде, Лахордо, Пешавар жана Мултанда өттү. Айрым учурларда полиция менен кагылышуулар орун алган.

Асия Бибинин өкүму жокко чыгарылгандан кийин Исламабаддагы Жогорку Сот жайгашкан имаратты полиция курчап турду. Көчөгө каршылык жүрүшүнө чыккандарды басуу үчүн армия күчтөрү дагы тартылган.

Соттун башкы судьясы Сахиб Нисар Асия Биби эми эркин жана Шекхупур абагын таштап чыгып кетсе болот деп билдирген.

Асия өкүм окулуп жатканда сотко катышкан жок. Бирок бул жаңылык аны абдан таң калтырганын айткан:

"Ишене албай турам. Эми мен чыгып кетсем болобу? Алар чын эле мени бошотушабы?",-деп айтты телефон аркылуу сүйлөшкөндө.

Соттун чечими эмнеге башаламакдыкка алып барды?

Ислам - Пакистандын мамлекеттик дини. Бул жагдай өлкөнүн сот системасына түздөн-түз таасирин тийгизген. Жарандардын көпчүлүгү кудайга акарат келтиргендерди катаал жазага тартууну жактайт.

Консервативдүү саясатчылар шайлоодон добуш алыш үчүн мындай катаал жазаларды колдоп келе жатат.

Бирок катаал мыйзамдар көп учурда күнүмдүк майда-барат чатакташууларда өч алуунун инструменти болуп калганын айткандар бар. Өтө ынанымсыз далилдер менен деле жазага кириптер болуп калышат.

Мындай мыйзам менен жоопко тартылгандардын көбү "Ахмади" деп аталган мусулман коомунун мүчөлөрү. Бирок 1990-жылдардан тарта соттор мындай өкүмдү христиандардын үстүнөн чыгарган. Христиандар өлкө калкынын 1,6% түзөт.

"Кудайга акарат келтиргени үчүн" өлүм жазасына тартылгандардын биринин дагы өкүмү аткарыла элек. Айыпталгандардын айрымдарын жергиликтүү тургундар өздөрү сот уюштуруп, жазалап жиберген фактылар дагы бар.

Асия 1971-жылы туулган. Ал "Кудайга акарат келтиргени үчүн" өлүм жазасына тартылган өлкөдөгү биринчи киши болуп калган. Соттун мындай чечими эл аралык коомчулуктун кескин сын-пикирлерин жараткан эле. Пакистан бийлигинин дарегине адам укугун бузду деген айыптоолор туш-туштан айтылган.

Асияны сот актаган соң, эл арасында көп нааразылыктар чыкты. Ошол эле учурда Асияга саясий башпаанек сунуштаган өлкөлөр болду.

Мунун алдында эле анын жакындары коопсуздугунан чочулап турганын айтып, Пакистандан чыгып кетүүнү каалашарын билдирген болчу. (AbA)

Тектеш темалар