Пакистандыктар өз каражатына эбегейсиз чоң суу сактагыч курууда

Site of Diamer-Bhasha dam Сүрөттүн автордук укугу Hassan Abbas
Image caption Диамер-Бхаша суу сактагычы ушул жерде курулмакчы

Пакистанда суу тартыш болуп, жергиликтүү калк жакыр жашаганына карабастан, 17 миллиард доллар топтоп, суу сактагыч курууга белсенүүдө.

Ал каражатты карапайым эл, расмийлер, ишкерлер жана эстрада жылдыздары чогултууда.

Пакистандыктар эки суу сактагыч курат. Алардын бири дүйнөдөгү эң чоң суу сактагычтардын бири болмокчу. Бирок бул долбоор чынында ишке ашабы же өкмөттүк сынчылар божомолдогондой, каражат туура эмес колдонулабы?

Пакистандын түндүк-батышында Диамер-Бхаша суу сактагычы курулса, анын бийиктиги 272 метр же дүйнөдөгү эң бийик алтынчы суу сактагыч болуп калмакчы.

Суу сактагычтар Гималай тоо кыркаларынын тушунда жайгашкан Нанга Парбат аймагында курулмакчы.

Бул долбоорду ишке ашыруу идеясы ондогон жылдардан бери айтылып келет. Быйыл Пакистандын Жогорку Сотунун кызматкери Садик Нисар суу сактагычтын курулуш иштерин баштоого түрткү берди.

Буга 2025-жылы өлкөдө суу тартыш болот деген жаңы иликтөөнүн тыянагы себеп болгон. Садик Нисар эки суу сактагыч куруу үчүн атайын фонд түздү. Бири 14 миллиард доллар чогултууну көздөсө, экинчиси эки жарым миллиард топтомокчу.

"Биз керектүү каражаттан дагы көп топтотушубуз ыктымал", -дейт Садик Нисар.

Ал өзү фондго сегиз миң доллар которду. Анын артынан көптөгөн ишкерлер, расмийлер, спорт жылдыздары, окуучулар жана карапайым калк каражат топтой баштады.

Армиянын бөлүктөрү эле $7.3 миллион доллар бөлдү.

Image caption Пакистандын армия башчысы дагы фондко каражат которду
Image caption Суу сактагыч куруу үчүн мектеп окуучулары дагы акча топтошту

Фондго акча которгондордун ысымдарын, уюмдардын аттарын Жокорку Сот күн сайын жарыялап жатат.

Акча которгондордун көбүнүн сотто иштери каралууда. Дал ушул себептен долбоорго карата шек жаралды. Айрымдарынын айтымында, бул иш аркылуу шектелип жаткандар сотко таасир этүү аракетин көрүп жатат.

Албетте, элден акча чогултуп, ири долбоорду ишке ашыруу максатын кескин сындагандар дагы болду.

Бирок мындай курулуштарга акча топтоо патриоттук милдет катары эле сыпатталууда.

Өткөн айда Пакистандын премьер-министри Имран Хан чет өлкөдө иштеген жарандарга кайрылып, суу сактагыч куруу фондуна миң доллардан акча бөлүүгө үндөдү.

Сүрөттүн автордук укугу Hassan Abbas
Image caption Аймакта жол курулуп бүттү

Карачи шаарындагы жыйында Пакистандын лидери сөз сүйлөп, алты миллион доллар топтоду.

"Пакистандыктар биримдиктүү болсо эле жыл сайын 30 миллиард рупи чогултуу максатына жетебиз", -деди Имран Хан.

Бирок өнөктүк башталган беш айдын ичинде элүү гана миллион доллар чогултулду. Бул эки суу сактагычты куруу үчүн зарыл болгон каражаттын аз гана бөлүгү.

Адистер кандай көз карашта?

Англиянын алдыңкы университеттеринде иштеген окумуштуу Даниш Мустафа суу сактагыч курулбайт деген пикирде.

"Жетиштүү акча чогулбайт. Ички дүң өндүрүмдүн он пайызына барабар болгон долбоорду эч бир мамлекет ишке ашыра албайт. Аны баштоо акылга сыйбаган иш", -дейт ал.

2014-жылы Оксфорд университети 1934-2007-жылдары курулган 245 чоң суу сактагычты изилдеп чыгышкан. Окумуштуулар эбегейсиз чоң суу сактагычтар коротулган каражатты актабайт деп тыянак чыгарган.

Алар Диамер-Бхаша суу сактагычын атайын изилдеген. Эгерде курулуш иштери 2010-жылы башталган болсо, ал 2027-жылы бүтмөк. 17 жылдын ичинде 30 миллиард доллар сарпталмак.

Сүрөттүн автордук укугу Hassan Abbas
Image caption Диамер-Бхаша суу сактагычынын курулуш иштери башталды

Изилдөөнү жүргүзгөн окумуштуулардын бири азыркы өнөктүктү "апенди жана акылсыз оптимисттердин" долбоору деп атады. Анын айтымында, өлкөнүн расмийлери патриоттук сезимдерди өз кызыкчылыгына пайдаланып жатат.

Пакистандын Сууну өнүктүрүү мекемесинин мурдагы башчысы Батыш адистеринин пикирине кошулбайт.

Сүрөттүн автордук укугу Hassan Abbas
Image caption Буга окшош кыштактар суу алдында калат

"Чоң суу сактагычтар курулбаса, Пакистан кургакчылыкка туш болот. Буга каршы чыккандар чыныгы абалды билбейт. Алар Пакистандын өнүгүүсүнө бут тосуп жатат", -деди Шамс-ул-Мулк.

Пакистанда суу тартыш болуп жатабы?

2015-жылы Эл аралык каржы фонду изилдөө жүргүзүп, 2025-жылы Пакистанда суу тартыш болот деп маалымдаган.

Буга Пакистан калкынын саны 1970-жылдан бери үч эсе көбөйгөнү себеп болду.

Ошол эле маалда өлкөдө суу туура эмес колдонулат деп адистер айтышууда. Суу тармагындагы адис Хассан Аббастын билдиришинче, көйгөйдү чечүү үчүн чоң суу сактагыч куруунун ордуна, ресурсту туура пайдаланууга көңүл буруу зарыл.

Сугат иштеринде жаңы технология колдонуп, ирригация системалардагы жоготууларды кыскартуу керек. Эски системалардан улам суу багытына жеткиче эле жок болот.

Ошондой эле чоң суу сактагычты куруп жатканда саясий, экономикалык жана экологиялык кесепеттери дагы болот.

1960-жылы Пакистан Индия менен суу келишимине кол коюп, сугат суу багытында жана электр кубатын чыгаруу үчүн эки ири ГЭС курган.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Пакистандын лидерлери суу тартыш болгондуктан, суу сактагыч сөзсүз курулушу керек деп айтышууда

Бирок алар курулгандан кийин, миллион гектар айдоо талаалары кургап, чөлгө айланган.

Ал эми тоолуу аймактарда жүздөгөн айылдар суу алдында калып, миңдеген тургун башка аймакка көчүрүлгөн. Аларга азыркыга чейин кенемте төлөнө элек.

Башка жолдор барбы?

Дүйнөлүк банк коопсуздукка таянып, мындай чоң суу сактагычтарга каражат бөлбөйт. Андан тышкары Индия дагы долбоорго каршы чыкты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption 1960-жылы курулган Тарбела суу сактагычы

Кандай болгон күнү дагы акчаны башка жолдор менен топтосо болот.

Географ Сими Камал Пакистандын суу сактагыч куруу потенциялы абдан чоң экенин айтат. Ал каражатты карапайым элден эмес, башка жолдор менен чогултуу ыкмалары бар экенин белгиледи.

Мисалы, Эфиопия беш миллиард долларга ири суу сактагыч курган. Алар каражатты "суу баалуу кагаздар" аркылуу топтогон. Өкмөт баалуу кагаздарды сатып, суу сактагычтан түшкөн акчанын бир бөлүгүн кайра элге кайтарып берет. (AT)

Тектеш темалар