АКШ Конгрессине шайланган мусулман аялдар тууралуу эмне билебиз?

6-ноябрда өткөн шайлоо АКШ саясатындагы бурулуш учур болуп калды. Биринчи жолу Конгресстин тарыхында мусулман аялдар шайланып келди. Алардын бири жыйындарга хиджаб менен келерин айтты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Омар бала кезинде эле үй-бүлөсү менен Сомалиден чыгып кетишкен. Бир нече убакытка Кениядагы качкындар лагеринде жашап, кийин Миннеаполиске келишкен.

Рашида Тлаиб жана Ильхан Омар Демократиялык партиянын талапкерлери эле. Экөө тең президент Дональд Трамптын миграцияга жана мусулумандарга каршы сүйлөгөн сөздөрүн катуу сынга алган. Алар Дональд Трамп тарабынан киргизилген миграциялык чектөөлөргө активдүү каршылык көрсөтүшүп, АКШнын миграциялык жана бажы полициясын жоюп салууга үндөшкөн.

Бул жолку шайлоодо талапкер катары чыккан мусулмандар саны рекорддук чекке жетти. Шайлоо өнөктүгүнө жалпысы болуп 100 талапкер катышты.

Сомалилик качкын Ильхан Омар

Омар бала кезинде эле үй-бүлөсү менен Сомалиден чыгып кетишкен. Бир нече убакытка Кениядагы качкындар лагеринде жашап, кийин Миннеаполиске келишкен.

Elle журналына берген интервьюсунда Ильхан Омар Конгресске баргандагы мүдөөсүн - демократия кандай болоорун көрсөткүм келет деп түшүндүрдү.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

"Бул качкындар лагериндеги 8 жаштагы кыздын чыныгы жеңиши болуп калды. Бул эркине койбой, зордоп күйөөгө берген кыздын жеңиши болуп калды. Бул кыялдын чегин билген ар бир кишинин жеңиши",-деди 36 жаштагы Ильхан Омар.

Рашида Тлаиб - "жумушчу катмардын күрөшкери"

Рашида Тлаиб палестиналык мигранттын үй-бүлөсүнөн чыккан. Ал Мичигандан АКШнын өкүлдөр палатасына шайланып барды. 42 жаштагы аял үй-бүлөсүндөгү 14 баланын улуусу эле. 2008-жылы Мичигандын өкүлдөр палатасына шайланып барган биринчи мусулман болгон.

Шайлоого катышкандагы мүдөөсүн - Трамптын саясатына каршы туруу деп түшүндүргөн. Тагыраагы, мусулман өлкөлөрүнөн чыккандардын АКШга келүүсүнө тыюу салынышына каршы маанайда.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption "Мен четте карап тургандардан эмесмин",-деди Рашида Тлаиб Эй-би-сиге берген интервьюсунда.

"Менин жеңишим тарыхта калсын деп шайланып келген жокмун. Мен адилетсиздик үчүн, исламды карманганына күмөнсүнгөн уулдарым үчүн шайланып келдим. Мен четте карап тургандардан эмесмин",-деди Рашида Тлаиб Эй-би-сиге берген интервьюсунда.

Рашида Тлаиб афроамерикалыктар көп жашаган аймактан утуп келди. Ал өзүн "жумушчу катмардын күрөшкеримин" деп атады.

Чуу жараткан мыйзам

Трамп президент болуп шайланып келгенден кийин, биринчи болуп кол койгон мыйзамдарынын бири - жети ислам өлкөсүнүн жарандарына АКШга келүүгө тыюу салган чечим эле. Бул өлкөлөр - Иран, Ирак, Сирия, Йемен, Сомали, Судан жана Ливия.

Мыйзам эки жолу кайра оңдолуп чыгып, кийин Суданды алып салышкан. Андан соң Чад, КЭДР жана Венесуэланын бир катар чиновниктерин киргизишкен.

Июнь айында мыйзамдын оңдолгон версиясы АКШнын Жогорку Соту тарабынан бекитилди.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Трамп өзүнүн өнөктүгүнүн жүрүшүндө Миннесотадагы сомали коомчулугу жөнүндө да эскертип өткөнү бар. Ал качкындарды сапатсыз текшерүүнүн арты, штатка жана бүтүндөй өлкөгө кооптуу абалды жаратарын айткан.

2017-жылы апрелде Ильхан Омар Би-би-сиге берген интервьюсунда, Трамптын сөздөрү коомчулукту коркуткан жок, тескерисинче, өзгөрүүлөр үчүн жигердүү болууга күч берди деп айткан.

"Бизде биргелешип иштөөгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок, биз бир гана сомалилик болгонубуз үчүн эле тынчсызданбастан, мусулман болгонубуз, азчылыкты түзгөнүбүз, качкын болгонубуз үчүн дагы тынчсызданышыбыз керек. Биз аялдардын жана балдардын тагдыры үчүн кабатыр болобуз. Анткени булардын баары Трамптын администрациясынын учурунда коркунучта калууда",-деген ал.

Pew Research Center сурамжылоосу боюнча, АКШдагы дээрлик мусулмандардын жарымы өткөн жылы дискриминацияны сезишкен.

Сурамжылоого катышкандардын төрттөн үчү мусулмандарды басынтуу күчтүү болуп жатат деп белгилешкен. 74 пайызы Трампты душмандык мамиледе деп аташкан.

Pew Research Center маалыматына ылайык, 2017-жылы АКШда ар кайсыл курактагы 3,35 миллион мусулман жашайт. Бул 10 жыл мурункуга салыштырганда, бир миллионго көп.

"Шайлоо аралык шайлоолор": Демократтар өкүлдөр палатасын көзөмөлүнө алды

АКШдагы "шайлоо алдындагы шайлоолордо" демократтар өкүлдөр палатасында көпчүлүк орундарга ээ болду. Бул президент Дональд Трампка катуу сокку болду.

Демократтар сегиз жылдан кийин биринчи жолу Конгресстин төмөнкү палаталарын башкарып, президент Трамптын саясатын тескегенге мүмкүнчүлүк алды. Айталы, демократтар президент Трамптын "Мексика менен чек арада мигранттарды өткөрбөө үчүн дубал куруу" долбоорун токтотууга укугу бар.

Бирок Дональд Трампты колдогон Республикалык партия Сенатта жеңишке жетти.

"Шайлоо алдындагы шайлоолор" төрт жылдык президенттик мөөнөттүн ортосуна туура келет. Адистердин айтымында, бул шайлоо АКШнын ички саясатынын багытын аныктайт.

Бул шайлоо бүтөрү менен негизги көңүл кийинки 2020-жылдагы президенттик шайлоого бурулат.

"Шайлоо алдындагы шайлоолордо" өкүлдөр палатасындагы 435 мандат үчүн күрөш жүрдү. Ал эми Сенаттагы 100 орундун 35 үчүн шайлоо өттү.

Демократтар бул жолу өкүлдөр палатасын көзөмөлүнө алууга умтулган болчу. Президент Трамп болсо Сенатты башкарууга аракет кылды.

Өкүлдөр палатасын башкарып калган демократтар Трамптын администрациясынын ишмердүүлүгүн иликтөөдөн тартып, импичментке чейин маселе көтөрүүгө мүмкүнчүлүк алды. Буга чейин демократтар Трамптын бизнес байланыштары, салык төлөмөндөрү жана жеке кызыкчылыктары дыкат иликтениши керек деп айтып келген.

Албетте, импичмент үчүн Сенаттын үчтөн экисинин добушу дагы керек. Анан калса, бул өлкөдө бир дагы президент мындай жол менен кызматтан кол жууган эмес.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Шайлоодо аял кандитаттар дагы ийгиликке жетти. 29 жаштагы Александрия Осасио-Кортез менен Абби Финкенауэр өкүлдөр палатасына өткөн эң жаш аялдар болуп тарыхта калышты. Эки саясатчы тең Демократия партиясынан.

Шайлоонун алдында эле "Роза толкуну" деп аталган кыймылга көңүл бурулган. Бул жолку шайлоодо мурункуларга салыштырганда, аял талапкерлердин саны көп болду. Буга себеп болгон жагдайлар дагы арбын экени айтылган.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Сенат менен өкүлдөр палатасынын ортосундагы тиреш

Антони Зукердин анализи, BBC News

Демократтар Сенатты көзөмөлүнө ала албай калды. Дональд Трампты колдогон республикачылар президенттин долбоорлорун алдыга түртө берет. Сенаттын колдоосу менен президент Трамп каалаган кишисин кызматка дайындай алат.

Ал эми өкүлдөр палатасында демократтар жеңишке жетти. Мурда республикачыларды колдогон катмар, бул ирет демократтарды шайлады. Алар негизинен Трамптын саясатына жана риторикасына нааразы болушууда.

Бирок демократтардын жеңиши көптөр үмүттөнгөндөй "цунами" болбойт. Демократтар сегиз жылдан бери өкүлдөр палатасын башкара албай келгенин баса белгилеш керек.

Эми демократтар Трамптын администрациясы даярдаган мыйзамдарды тескеп, президенттин долбоорлоруна көзөмөлүн күчөтөт.

Эки партиянын ортосундагы тирешүү курчуп жатат. Эки жылдан бери алсыраган демократтар, жооп кайтарууга мүмкүнчүлүк алды. (AbA)