Ооганстан: 17 жылга созулган согуш качан аяктайт?

Afghan residents walk near destroyed houses after a Taliban attack in Ghazni on August 16, 2018. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Учурда талиптер чабуулдарын көбөйтүп, стратегиялык мааниге ээ болгон аймактарды дагы көзөмөлгө алууда

Орусияда 17 жылдан кийин Ооганстанда тынчтыкты орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Ооган өкмөтү жогорку кызматтагы төрт расмий өкүлүн жөнөттү. Талибан кыймылы дагы Москвага командирлерин жөнөтөбүз деп жар салды.

АКШ тынчтык сүйлөшүүлөрүнө байкоочуларын жөнөткөн. Андан тышкары Пакистан, Иран, Кытай жана Индиянын өкүлдөрү жыйынга келди.

"Москва форматы" деп аталган жолугушууга талиптер биринчи жолу катышууда.

Ооганстанда кырдаал кайрадан курчуп кеттиби?

2001-жылы АКШ баш болгон коалиция Ооганстанга аскерлерин киргизгенден бери абал турукташа элек. 17 жыл мурун бийликтен кулатылган Талибан кыймылы учурда жоготкон аймактардын көбүн кайрадан өз көзөмөлүнө алды.

Ооганстандагы согуш Кошмо Штаттарынын тарыхындагы эң узакка созулган аскердик аракет болуп калды. Убакыт өткөн сайын абал курчуп жатат. Талиптердин чабуулдары курчуп, алар АКШ/НАТО колдогон Ооган өкмөтү менен таасир талашууда.

10-августта талиптер Газни шаарына кирип келишкен. Бул аймак баш калаа Кабул менен байлануу болгондуктан, шаар стратегиялык мааниге ээ. Ооган коопсуздук кызматкерлери АКШ аба күчтөрүнүн жардамы менен туруштук бере алышты.

Провинциянын борборуна кирип келген талиптер көп согушкерлерин жоготту. Бирок Талибан кыймылына мындай чабуулдардын пропагандалык дагы максаты бар. Бул кол салуулар согушкерлерге шык берип, жаңы куралчандарды кыймылга кошулууга үндөө үчүн колдонулат. Талиптер Ооганстан өкмөтүнүн жана атайын кызматтардын алсыз экенин көрсөтүүгө далалаттанууда.

Учурда кайсы аймак же шаар болбосун, талиптер чабуул уюштура алат деген билдирүү таратты.

Жүздөгөн америкалык жана британиялык аскерлер мүрт болгон Хелманд менен Кандагар аймагын, азыр талиптер башкарат.

Андан тышкары жайкын тургундар дагы жабыркады. Бириккен Улуттар Уюмунун соңку маалыматына ылайык, 2017-жылы 10 миңден ашуун жөн жай тургун мерт болгон. 2018-жылы бул көрсөткүч мындан да жогору болору айтылды.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Трамптын стратегиясынан майнап чыктыбы?

Президент Трамп бир жыл мурун Ооганстандагы жаңы стратегиясын жар салган. Анда АКШ "согушта жеңишке жетүү" төрт багыт боюнча сокку урмак. Бул аракеттер аркылуу талиптерди ооган өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө түртмөк.

  1. Аскердик аракеттерди күчөтүү: Трамп бир нече миң аскерди жөнөтүп, өзүнүн аскер башчыларына Талибан кыймылынын турумдарына чабуул жасоого укук берген. Учурда Ооганстанда 14 миң АКШ аскери бар.
  2. Талиптердин каржы булактарына сокку уруу: АКШнын аба күчтөрү талиптердин баңгизат лабораторияларын жок кылды. Ошондой эле чет өлкөдөн келген каржы булактары дагы токтотулду.
  3. Коомдук талкуу: талиптердин кадамдарын талкуулап, диний окуу жайларда сынга алуу. Бул талкууларды диний топтор дагы жүргүзүүдө.
  4. Пакистанды сынга алуу: АКШ Пакистанды сындап, өлкөдөгү Талибан кыймылынын лидерлерин кармап, жок кылууга үндөдү.

Бирок АКШнын бул аракеттеринен майнап чыккан жок:

  • АКШнын аскердик аракеттеринен улам талиптердин бир нече башчысы жок кылынды. Ошондой эле Талибан кыймылы көптөгөн аймактарды өз көзөмөлүнө ала алган жок. Бирок, согушкерлер мурда башкарган аймактардан дагы чегинген жок. Талиптер азыр деле ири чабуулдарды уюштурууга кудурети жетет. Тескерисинче, АКШнын аба соккуларынан улам жүздөгөн жайкын тургундар жабыркап, Вашингтон сынга кабылды.
  • Талиптердин баңгизат лабораторияларын жок кылынганы менен согушкерлер каржылык кыйынчылыкка туш болгон жок. Кызыгы, айрым маалыматтарда талиптерге каржылык жардам көбөйгөнү айтылууда.
  • Ислам диний окуу жайлары талиптердин аракеттерин талкууга алыды. Бул жыйындар Индонезия жана Сауд Арабияда дагы өттү. Диний лидерлер талиптерди ооган өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө дагы чакырды. Бирок Талибан кыймылы бул аракеттерди "АКШ уюштурду" деп четке кагып келет.
  • Трамп администрациясы Пакистанга каршы катаал чара көрдү. Вашингтон Исламабадка коопсуздук жаатындагы колдоо көрсөтүүнү токтотконун да жар салды. Пакистан болсо АКШнын айыптарын четке кагып, талиптерге эч кандай колдоо көрсөтпөгөнүн айтып келет.
Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Сүрөттө талип согушкерлери менен ооган жоокери. Сүрөт айт майрамында үч күндүк ок чыгарбоо келишими күчүнө киргенде тартылган

Ооган армиясы талиптерге туруштук бере алабы?

2001-жылдан бери он миңдеген талип куралчандары кармалып же жок кылынды. Бирок ага карабастан Талибан кыймылы алсырап калды деп айтуу болбойт. Он жыл мурун АКШ менен ооган өкмөтү өлкөдө 15 миң согушкер бар деп жоромолдогон. Бүгүнкү күнү согушкерлердин саны 60 миңге жетти деп айтылууда.

Талиптердин чабуулдары көбөйүп, ооган армиясы кыйынчылыкка туш болду. Ооган аскерлери туруштук берүүгө аракеттенип жатат. Бирок адамдык жоготуулар көп болуп, аскер башчыларынын жөндөмдүүлүгү чоң маселе бойдон калууда. Ошондой эле армияда коррупция күч алды, логистикалык көйгөйлөр чечиле элек.

Өлкөдөгү саясий топтордун тирешүүсү дагы коопсуздукка терс таасир этүүдө. 2014-жылы президенттик шайлоодон кийин эки атаандаш топ Бирдиктүү улуттук өкмөт түзгөн. Ага карабастан эки саясий күч көптөгөн маселе боюнча мунаса таба албай келет.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Тынчтык сүйлөшүүлөр эмнени өзгөртөт?

Бардык тараптар Ооганстандагы согуш аскердик аракеттер аркылуу чечилбейт деген тыянак чыгарышты. Тынчтыкка сүйлөшүүлөр аркылуу гана жетсе болоору бышык.

Июнь айында, айт майрамы учурунда тараптар үч күндүк ок чыгарбоо келишимге жеткени үмүт берди. Июль айында Катарда АКШнын расмийлери Талибан кыймылынын башчылары менен жолукту. Жети жылдан бери биринчи жолу эки тарап бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Адистер Вашингтондун бул кадамы, Трамптын стратегиясынан майнап чыккан жок дегендин белгиси деп баалашууда.

Бирок ага карабастан сүйлөшүүлөр кандай форматта өткөрүлүшү керек, ага ким катышат деген көйгөйлөр чечиле элек. Сүйлөшүүлөр жемиштүү болуу жана бири-бирине болгон ишенимди орнотуу үчүн, тараптар ийкемдүү болушу зарыл.

Андан тышкары регионалдык мамлекеттер дагы кызматташуусун күчөтүшү керек. Ооганстанда тынчтыкты орнотуу үчүн АКШ, Кытай, Орусия сыяктуу ири державалардан тарта Индия, Пакистан, Иран жана Сауд Арабия сыяктуу регионалдык оюнчулар мунаса табуусу өтө маанилүү. Ошондой эле Ооганстандын ички оюнчулары дагы кызматташууга жол ачышы абзел. (AT)

Тектеш темалар