Көп аялдуулукка уруксат берген сот айым

Nenney Shushaidah Сүрөттүн автордук укугу Joshua Paul for the BBC

Шарият мыйзамдары тууралуу кеп болгондо, маалымат каражаттарында көп учурда кылмышкерлерге карата катаал чаралар, адам укуктарын тебелөө жөнүндө сөз кылышат. Бирок Малайзиянын Жогорку Шарият сотунун биринчи аял судьясы тескерисинче, кыз-келиндердин укугун коргойт.

Ненней Шушайда күнүнө беш соттук угууну өткөрөт. Аптасына 80 ар кандай маселелер боюнча туура чечим кабыл алышы керек.

Малайзия исламдын толеранттуу Ханафи агымын карманат. Өлкөдө шарият мыйзамдары боюнча кайрылгандардын саны дагы өсүүдө. Малайзия бийлиги үй-бүлөлүк жана моралдык араздашууларды шарият мыйзамдары менен жайгарууга уруксат берген. Ал эми өлкөдөгү башка динди кармангандар жарандык сотторго кайрылат.

Шудайда айым каржылык талаштардан, моралдык көйгөйлөр боюнча өкүм чыгарганы менен, ажырашуу жана көп аял алуу боюнча дагы адис. Кызыгы, Малайзияда төрт аял алууга мыйзам жол берет.

Сүрөттүн автордук укугу Joshua Paul for the BBC
Image caption Малайзия исламдын толеранттуу Ханафи агымын карманат

Бирок Шудайда көп аял алууга уруксат берүүдөн мурда көптөгөн факторлор эске алынышы шарт деп эсептейт.

"Ар бир жагдай өзгөчө жана татаал болот. Ислам дининдеги мыйзамдарды жалпы карап, аялдардын укуктары тебеленет, эркектер жогору коюлат деп айтуу катачылык. Мен бул жаңылыш түшүнүктү жойгум келет".

Сүрөттүн автордук укугу Joshua Paul for the BBC
Image caption 'Мен жоопкерчиликти сезем"

Көп аял алууну каалагандар Шудайда айымдын алдына чыгып, жагдайды түшүндүрүп бертшт керек.

"Мен баардык тарапты угам. Бир гана эркектердин жүйөөсүн угуу жетишсиз. Аялдар менен дагы сүйлөшүп, күйөөсүнүн чечимине макулбу же жокпу деп сурайм. Аял сөзсүз уруксат бериши керек. Эгерде аялы нааразы экенин сөзүнөн же кыймылынан байкасам, уруксат бербейм. Өзүм дагы аялмын, алардын сезимдерин жакшы билем. Көп учурда күйөөсүнүн көп аял алуусуна каршы болушат. Ислам дининде көп аял алууга уруксат берилет. Бирок Малайзиянын соту аны катуу көзөмөлдөйт. Эгерде эркек экинчи аял алгысы келсе, ага негиз болушу керек",-дейт Шудайда айым.

Ошондой эле эркек биринчи жана экинчи аялына кам көрө алаарын далилдеши керек. Биринчи аялы катуу ооруп, бала төрөөгө мүмкүнчүлүгү жок болгондо, экинчи аял алууга уруксат бергенин Шудайда айым эстеди.

"Ал өзүнүн күйөөсүн сүйгөн, анын тукуму улансын деген үмүтү бар эле. Аялы экинчисин ала берсин деп өз уруксатын бергенден кийин гана өкүм чыгардым".

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сынчылар шарият мыйзамдары аялдын укугун тебелейт деп айтып келет

Сынчылар шарият мыйзамдары аялдын укугун тебелейт деп айтып келет.

"Аялдардын, кумсалардын жана диний азчылыктардын укуктарын чектебеген шарият мыйзамдарына каршы эмеспиз. Бирок Малайзиянын өзүндө шарият мыйзамдарын колдонуп, айрым топтордун укуктары тебеленет. Динге жамынып, адам укуктарынын эл аралык стандарттарын бузууга болбойт",-дейт Human Rights Watch уюмунун өкүлү Фил Робертсон.

Шудайда болсо ислам дининде аялдардын укуктары сакталганын айтууда.

"Исламда аялдарды жогору карашат. Сот катары биз шарияттын жана диндин туура багытына кайтып барышыбыз керек. Учурда айрым эркектер чет өлкөгө барып экинчи аял алууда. Бул кадам Малайзиянын мыйзамына туура келбейт. Айрым аялдар күйөөсүн коргоо үчүн үн катпайт. Бирок мунун кесепети бар. Шарият мыйзамдары аялдарды коргоп, эркектердин жоопкерчилигин жогорулатат".

"Исламдагы эже-сиңдилер" уюму шарият сотунда аял өкүлдөр абдан аз экенин айтышууда. Алар Малайзиянын Шарият соту "коомдогу терс көрүнүштөр" үчүн аялдарды күнөөлөйт дешүүдө. Демек, Шудайды айымдын дайындалышынын символикалык дагы мааниси бар.

Сүрөттүн автордук укугу Joshua Paul for the BBC

"Мен окуп жатканда, эркектер шарият сотуна аялдарды кошуу керекпи деген суроолорду жолдошкон. Адвокат катары мындай жоопкерчиликти ала аламбы деп көп ойлочумун. Аял катары корктум. Албетте, соттук угууларда эч кандай сезимдер болбойт деп айта албайм. Жагдайды угуп, кээде боорум ооруйт. Бирок сот катары бейтарап жана так чечим кабыл алам".

"100 айым" өнөктүгү

Би-Би-Си дүйнөнүн булуң бурчундагы 2018-жылы эң шыктандырган 100 аялдын ысмын атады.

Жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Би-Би-Cинин «100 айым» долбоорунда аялдар күн сайын туш болгон көйгөйлөр тууралуу гана айтпастан, биз аларды шыктандырып, аракетке өтүүгө чакырабыз.

Би-Би-Синин бул жылдагы "100 айымына" алтымыш башка мамлекеттен 15 жаштан 94 жашка чейинки жигердүү лидер аялдар тандалды.

"100 айым" өнөктүгүнүн алкагында Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Facebook жана Twitter баракчаларында ( #100айым) талкууга катышсаңыздар болот. (AT)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар