Улуу Кытай дубалын сактап калуу аракети
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Улуу Кытай дубалын сактап калуу аракети

Улуу Кытай дубалынын айрым жерлери урап калуу коркунучунда. Архитекторлор чептин бузулуп жаткан жерин табуу үчүн дрондорду колдонууда. Анткени адамдын колу жетпеген, татаал тилкелер көп.

Дубалдардын урашына өсүмдүктөр, аба-ырайы таасирин тийгизиген. Реставрация үчүн керектелген курулуш материалдарын эшектерге артып ташып жатышат. Бийик тоолуу аймакка курулуш материалдарынын жетиши чоң түйшүк. Ал эми таштарды болсо, курулушчулар тээ өткөн замандагы усталар сыяктуу эле ордунан даярдап алууда.