Мэр кызматтык унааларды сатып, социалдык долбоорлорду колдойт

Sardana Avksentyeva's selfie on Instagram Сүрөттүн автордук укугу Sardana Avksentyeva
Image caption Сардана Авксентиева: сүрөттөгү унаа биринчи сатылат

Орусиянын Сибир аймагындагы Якутск шаарына жаңы шайланып келген калаа башчы мэриянын кымбат унааларын сатып, социалдык долбоорлорду каржылайм деп билдирди.

Сардана Авксентиева сентябрь айындагы шайлоодо жеңишке жетишкен. Мэр айым президент Путиндин партиясы сунуштаган талапкерди утуп алып, Якутск шаарын башкарган биринчи аял болуп калды.

Үгүт өнөктүгү учурунда Авксентиева мэриянын бюджетин мааракелерге жана чет өлкөгө болгон иш сапарларга жумшабайм деп убада кылган. Ал мэриянын кымбат унааларына өзгөчө көңүл бурду.

Якутск шаарынын жаңы башчысы "Инстаграм" баракчасына: "Сүрөттөгү унаа биринчи сатылат",-деп билдирүү жазды. Ал уналаар - "Тойота" менен "Мерседес" үлгүсүндө. Мэрияга караштуу 13 унаа бар экен. Анын төртөө ноябрь айында сатыкка коюлду.

Сүрөттүн автордук укугу Sardana Avksentyeva
Image caption Якутсктун мэри шаардын инфраструктурасын оңдойм деп убада берди

Мэрия "Тойота" үлгүсүндөгү үч унаа жана "Ниссан" үлгүсүндөгү бир унаанын ордуна, бир "УАЗ" сатып алат. Ашыкча каражат мэриянын бюджетине которулмакчы.

"Каражаттын бир бөлүгү мэриянын карыздарын жабуу үчүн колдонулат. Экинчи бөлүгү социалдык салык долбоорлорун ишке ашырууга жумшалат",-деди мэриянын өкүлү.

Орусияда социалдык салык долбоорлору мүмкүнчүлүгү чектелген жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоого жумшалат.

Жаңы мэрдин убадалары

Якутск шаарынын жаңы шайланган мэри башка кадамдары менен дагы көпчүлүктү таң калтырууда. Сардана Авксентиева мэрия каржылаган балет концертин токтотуп, акчаны балдарга уюштурулган программага бурду.

Сүрөттүн автордук укугу Sardana Avksentyeva
Image caption Мэр тургундар менен көп жолугат

Ошондой эле жол оңдоп жаткан кызматкерлердин шалаакылык мамилеси тартылган видео "Ютубка" тарагандан кийин, Авксентиева айым тендерди утуп алган компания менен келишимди үздү. Видеодо жолдогу кар менен көлчүктөрдү тазаланбай эле асфальт төшөлүп жатканы тартылган.

Бирок жаңы мэрдин аракеттерине баары эле ынанган жок. Орусиянын BFM радио станциясы Авксентиева айымдын эки айлык ишине баа берген уктурууда көптөр жаңы мэрди мактаганы менен, айрымдар аны популист деп аташты.

"Кымбат унааларды сатам деген жарыялоорго окшош көптөгөн популисттик сөздөр болду. Бирок эч кандай чечкиндүү кадам жок",-деди журналист Руслан Басыгысов. (AT)

Тектеш темалар