Оралдык секс, чиркейлер жана"кыздык менен тазалануу": ВИЧ-СПИД жөнүндө сегиз миф

1-декабрда СПИД менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү белгиленди Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 1-декабрда СПИД менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү белгиленди

Иммунтаңсыктык вирусу (ВИЧ) дагы деле бүт дүйнөлүк масштабдагы көйгөй бойдон калууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда бул айыккыс оору 35 млн адамдын өмүрүн жалмады.

Өткөн эле жылы дүйнөдө бир миллион адам ВИЧ-инфекция менен байланышкан оорулардан көз жумду. Азыркы убакта бүт дүйнөдө 37 млн адам ушул вирус менен жашайт, анын 70% - Африкада. 2017-жылы 1,8 млн адам ВИЧге чалдыкты.

СПИД (адамдын иммунтаңсыктык синдрому) - вирустун өөрчүшүнүн соңку стадиясы.

Бул оору пайда болгон 1980-жылдардан тарта ВИЧ кантип жугары жана аны менен кантип жашоого болору жөнүндө толтура божомол-жоромолдор менен уламыштар коштоп келет. Ошол себептен ооруларды жектеген ар кандай көз караштар да көп.

1-декабрда СПИД менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү белгиленди. Би-Би-Си бул оору жөнүндө кеңири тараган мифтерди ашкерелейт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption ВИЧти аныктоо үчүн кандын анализин алуу зарыл

Миф: ВИЧке чалдыккан адамдын жанынан ВИЧ жугузуп алышым мүмкүн

Бул жалган ишенимден улам ВИЧке чалдыккан көп адамдар дискриминацияга учурап келет. Агартуу иштери жүргөнүнө карабастан, 2016-жылы британдыктардын 20% ВИЧ шилекей аркылуу же кол алышканда жугат деп ишенишкен.

Чынында ВИЧ кол берип учурашкандан, шилекей, көз жаш же тер, заара аркылуу да жукпайт.

ВИЧ сизге жукпайт:

  • Вичке чалдыккан адам менен бир жерде, бир абада дем алганда;
  • Кучакташып өбүшкөндө же кол берип учурашканда;
  • Ашканадагы аспаптардан;
  • Таза суу чыккан фонтанчиктен;
  • Жеке буюм-каражаттардан;
  • Фитнес-клубдагы снаряддарды пайдалануудан;
  • Дааратканадагы отургучту же эшиктин туткасын кармагандан.

ВИЧ кан, урук жана денеден чыккан ар кандай суюктуктар, эмчек сүтү аркылуу гана жугат.

Миф: табыптар менен көзү ачыктар ВИЧти айыктырат

Бул чоң жаңылыштык. Элдик медицина, ошондой эле жыныстык катнаштан кийин душка түшүү же башка ырым-жырымдар ВИЧ-инфекциядан куткарбайт.

Айрыкча «кыздык менен тазалануу» деп аталган мифтин коркунучтуу экенин айтып коюш керек. Бул миф Кара Африкада (Сахаранын түштүк жагындагы Африка өлкөлөрү) пайда болуп, кийин Индия менен Таиланддын кээ бир райондоруна жайылган. Бул мурда жыныстык катнашта болбогон кыздын койнуна жатсаң ВИЧтен айыгасың деген түшүнүк.

Мындай караңгы түшүнүктөгү адамдар көп жаш кыздардын убалына калышты, ал түгүл жаңы төрөлгөн балдар менен жыныстык катнаш жасап, пакиза наристелерге ВИЧ-инфекция жугузуп, тагдырын талкалаган учурлар болду.

Бул миф Европада сифилис менен гонорея күчөгөн XVI кылымда чыккан жалган ишенимке окшоп пайда болду.

Ал эми дуба окуп, сыйынуу сыяктуу ырым-жырымдар, албетте, адамга турмуштун кыйынчылыгын көтөрүүдө күч-кайрат бербей койбойт, бирок вирустан куткарып жибербейт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Чынында ВИЧ кол берип учурашкандан, шилекей, көз жаш же тер, заара аркылуу да жукпайт.

Миф: ВИЧти чиркей менен москиттер жайылтат

Вирус кан аркылуу жуккан менен окумуштуулар бир топ изилдөө учурунда кан соргуч чиркейлер чакканда жукпай турганын аныкташты, анын эки себеби бар:

1. Чиркей чакканда ал мурда соруп алган адамдын же жаныбардын канын түкүрбөйт;

2. ВИЧ-инфекция алардын денесинде көпкө жашабайт.

Ал түгүл чиркейи жайнаган жана ВИЧке чалдыккан адамдар абдан көп райондо жашасаңыз да, бул экөөнүн эч байланышы жок.

Миф: Оралдык секс аркылуу ВИЧ жукпайт

Чынында эле, оралдык секс жыныстык активдүүлүктүн башка түрлөрүнө караганда анча коркунучтуу эмес (жугуштуулугу жагынан). Мындай учурларда ВИЧке чалдыгуунун жыштыгы он миң жыныстык катнаштын төртөөн гана түзөт.

Бирок сиз ВИЧке чалдыккан адам менен жыныстык катнашка кирсеңиз ВИЧти жуктуруп алышыңыз мүмкүн, дал ушул себептүү дагырерлер оралдык секс учурунда дагы презерватив пайдалангыла деп кеңеш берет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кандай болбосун презервативден баш тарткан болбойт

Миф: Эгер презерватив кийсем, мага ВИЧ жукпайт

Презерватив эгер айрылып, же чыгып кетсе, жыртыгы болсо сизди инфекциядан сактап кала албайт.

Ошондуктан СПИД менен күрөштө ийгиликтүү болгон өнөктүктөр жөн эле презерватив колдонгула дебестен, ВИЧ-инфекцияга текшерилип, ал чыгып калса дароо дарыланууга чакырышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча ВИЧке чалдыккан ар бир төртүнчү адам, (бул болжол менен 9,4 млн адам) өзүнүн айыккыс дарты бар экенин билбейт жана ошондуктан аны жугузуп жибере турган коркунучта.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption ВИЧке чалдыккан ар бир төртүнчү адам өзүнүн оорусун билбейт

Миф: Белгилери жок, демек ВИЧ-инфекция жок

Адам он-он беш жыл бою айыкпас дарттын белгилери билинбей эле жашап жүрө бериши мүмкүн. Бирок вирус жуккандан кийинки биринчи апталарда денеси ысып, грипп болуп, башы ооруп, тамагы кычышып чыгышы мүмкүн.

Башка симптомдору кийин-кийин, вирус иммундук системаны алсыраткан сайын билине баштайт: лимфотүйүндөр чоңоет, салмак азаят, дене ысыйт, ич өтөт, жөтөл басат.

Эгер инфекцияга чалдыккандар дарыланбаса, алардын кургак учук, криптококк менингити, бактериалдык инфекция же рак оорулары күчөйт.

Миф: ВИЧ менен адам эрте өлөт

ВИЧке чалдыгып, бирок тийиштүү дарылануу курсун кармаган көп адамдар эл катары эле эчтекеден калбай жашап келатат.

БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бирдиктүү программасы (ЮНЭЙДС) боюнча, ВИЧ- инфекцияга чалдыккандардын 47% басаңдаган вирус менен жашайт, бул деген адамдын канындагы иммундук таңсыктык вирусунун саны кыпындай эле, ошол себептүү кандын анализинен чыкпайт.

Анын үстүнө ВИЧке чалдыгып, басаңдаган вирус менен жашаган адамдар аны дени соо адамдарга жугуза албайт, жыныстык катнаш аркылуу да жугуза албайт

Бирок эгер алар дарылоону токтотуп койсо, ВИЧ-инфекциянын деңгээли кандай жогорулап, кайрадан күчөп чыгышы мүмкүн.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматтарына караганда, 2017-жылы ВИЧке чалдыккан адамдардын 21,7 млн интиретровирустук препараттар менен дарыланган, бул 2010-жылга караганда сегиз млн адамга көп, бул ВИЧке чалдыгып, өзүнүн инфекциясын билгендердин 78% түзөт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption ВИЧ вирусу басаңдаган аялдар сак саламат бала төрөй алат

Миф: ВИЧке чалдыккан энелер өзүнүн балдарына вирусту жугузат

Сөзсүз түрдө эле ушундай боло бербейт. Иммундуктаңсыктык вирусу басаңдаган аялдардан сак-саламат балдар төрөлүшү ыктымал.