Гени модификацияланган ымыркайлар. Дүйнөлүк илимий коомчулук эмнеге кооптонуп жатат?

Балдарды генетикалык программалоонун көйгөйү эмбриондун өзүнө да, жалпы эле коомчулукка да чоң болушу мүмкүн. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Балдарды генетикалык программалоонун көйгөйү эмбриондун өзүнө да, жалпы эле коомчулукка да чоң болушу мүмкүн.

Кытай окумуштуусунун биринчи генетикалык модификацияланган балдардын төрөлүшү жөнүндө сенсациялык билдирүүсү илимий коомчулукту шок кылып, жайнаган сынга кабылды. Анын кесиптештери, генетик-эксперттер эле эмес, өлкөнүн расмий бийлиги менен эл аралык уюмдар да тынчсызданууда.

Бул эксперимент ийгиликтүү болгон менен аны акылсыз, шумдуктуу иш деп аташты. Бирок профессор Хэ жаңы төрөлгөн эгиз балдарды ВИЧКе чалдыгуудан сактап калганын гана айтууда.

Ошол эле убакта илимий көз караштан алганда, анчалык деле өзгөчөлөнгөн, ал түгүл революциялык деле эчтеке болгон жок. Окумуштуулар өсүмдүктөр менен жаныбарлардын ДНКсын оңдогонду, анын сапатын жакшыртканды эчак эле үйрөнүшкөн. Бул технология медицина менен тамак-аш өнөр жайында активдүү колдонулуп жатат.

Айтмакчы, бул жылы Нобел сыйлыгы химия боюнча дал ушул багыттуу эволюция тармагындагы ачылыштар үчүн ыйгарылды.

Анда профессор Хэ Цзянькуй анчалык эмне кылды? Эмне үчүн анын билдирүүсү дароо эле кесиптик коомдун нааразылыгы менен ачуусун келтирди?

Эксперименттин мааниси эмне?

Профессор Хэ өзү айткандай, ал ВИЧке чалдыккан атадан уруктанган урук клеткасын алып, анын ДНКсын оңдоп, CCR5 гендин иммунтаңсыктык вирусун өткөрүп жаткан бир бөлүгүн алып салды.

Мындай «кыскарган» ген табигый түрдө европалыктардын он пайызында кездешет, анткени ал табигый мутациянын натыйжасында 700 жыл мурда пайда болгон.

Айрым версиялар боюнча, мындай генди алып жүргөндөр бубон тумоосуна көп чыдаган эмес, ошондо «Кара тумоо» эпидемиясынын натыйжасында эволюциялык түрдө мутация пайда болуп, ошол тумоодон аман калгандардын мутант-гени алардын укум-тукумуна өтө баштаган.

Ошондуктан, эгер төрөлгөн эгиздерде чынында эле CCR5 жок болсо, анда алар эң көп тараган ВИЧ-инфекцияга биологиялык түрдө алдырбайт.

Бул мүмкүнбү?

Албетте. Мындай экспериментти практикада ишке ашыруу мүмкүн экенин эксперттер эң сонун билген.

Бир нече жыл мурда иштелип чыккан CRISPR-Cas технология ДНКнын кереги жок бөлүгүн алып салганга жол берет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption ДНКдагы өзгөртүүлөр анын укум-тукумуна да кетиши мүмкүн

Бул бүт дүйнө боюнча биологиялык лабораторияларда медициналык дагы, өнөр жайлык максатта дагы кеңири колдонулуп жатат.

Хэнин айтымында, экспериментке сегиз жуп жубайлар катышты (сегиз эркек тең ВИЧти алып жүргөндөр). Жаңы төрөлгөн эгиз балдардан сырткары жакын арада модификацияланган дагы бир бала дүйнөгө жаралат.

Анда эмнеге окумуштуулар профессорго ишенбей жатышат?

Биринчиден, Хэ Цзянкуй өзүнүн эксперименти жөнүндө макаласын илимий журналга жарыялап, эксперт-генетиктерди талкуусуна койбой туруп, YouTube каналындагы видео менен кабарлаганы таң калыштуу.

Экинчиден, ал экспериментке катышкандарды жашырып көргөзбөй жатат, азыркыга чейин жаңы төрөлгөн эгиз балдарды да, алардын ата-энелерин да көрсөтүшкөн жок.

Үчүнчүдөн, профессор Хэ иштеген Түштүк илим жана техника университетинде эксперимент жөнүндө эчтеке билишпейт экен, ал эми окумуштуунун өзү болсо февраль айынанбери акы төлөнбөгөн эс алууда жүрөт.

Төртүнчүдөн, окумуштуу өзү айткандай, эксперименттин максаты тукум кууган оорулардан кутулуу болсо, анда инфекциянын тандалган өтө таң калыштуу. ВИЧ тукум кууган оору эмес, анын үстүнө эмбрионго вирусту жуктурбаш үчүн ДНКга тийбей эле клиникалык ыкмалар менен иштесе болмок.

Сүрөттүн автордук укугу THE HE LAB
Image caption Профессор Хэ илимий дүйнөдө жакшы таанымал

Генди оңдоп өзгөртүүнүн коркунучу эмнеде?

Жалпы алганда тукум кууган оорудан кутулуш үчүн ДНКнын дефект бөлүгүн алмаштырып коюу медицинаны өнүктүрүү көз карашынан алганда келечектүү иштей көрүнөт. Бирок, жасалма мутация адамдын организминде кийин эмне болору белгисиз, геном жөнүндө биздин билгенден али биле элегибиз көп.

Бирок бул жерде эң башкы маселе анын этикалык жагында жатат.

Генетикалык кодду өзгөртүү келечекте «конструктцияланган балдардын» жаралышына алып келет. Башкача айтканда ата-энелер болочок баласынын мүнөздөмөсүн мурдатан тандай алышат. Жынысы, чачынын өңү же көзүнүн кыйыгы эле эмес, керек болсо канча жашай турганын, тигил же бул ооруларга туруктуулугун, акыл жөндөмүнө чейин тандоого мүмкүн болот. Ушундай төрөлгөн балдар өз кезегинде өздөрүнүн тукумуна ошол сапаттарды өткөрүп беришет.

ДНКны жеке түрдө конструкциялоо процедурасы акчалуу адамдардын гана энчисине айланып калары түшүнүктүү, ошондуктан социалдык теңсиздик биологиялык деңгээлде орноп калат деп тынчсызданышууда.

Дал ушул себептүү мындай эксперименттерге көп өлкөлөрдө тыюу салынган.

Буга уруксат берилген өлкөлөрдө (мисалы, Улуу Британияда тукум кууган ооруларды дарылоо жагын изилдеш максатында уруксат бар) модификацияланган эмбриондорду эрте стадиясында жок кылуу каралган катаал эрежелер бар.

Ошондуктан модификацияланган биринчи балдардын төрөлүшү -эгер чынында ишке ашкан болсо, бул медицинанын эле эмес, жалпы эле адамзаттын тарыхындагы жаңы барак болуп калышы мүмкүн.

"Пандоранын сандыгы ачылды. Бирок аны өтө кеч болуп кала электе жаап кое алабыз деген бүлбүлдөгөн үмүт бар»,-деп айтылат кесиптештери профессор Хэге жолдогон ачык катта.

Тектеш темалар