Америкалык эки аскер учагы Тынч океанга кулады

АКШнын Деңиз жөө аскерлеринин корпусуна таандык эки аскер учагы асманда май куюп жатып океанга кулап түшкөн.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption McDonnell Douglas F/A-18 аскер учагы

Кырсыкка кабылган учактардын бири май куючу KC-130 үлгүсүндөгү, экинчиси, чабуул жасоочу F/A-18 аскер учагы. Учактарда жалпысы болуп жети киши болгон. Алардын бирөөсүн тирүү тапканга мүмкүн болду деп кабарлады аскер бөлүгүнөн.

Аскер учактары Жапониянын жээктеринен 322 чакырым аралыкка кулаган. Деңиз жөө аскерлеринин корпусунун "Твиттер" баракчасындагы маалыматта, учак кырсыгы түнкү саат экиде болгону айтылат. Кырсыктын себептери боюнча аскер бөлүгү иликтөө жүргүзүүдө.

Америкалык басылмалар учактар май куюп жаткан учурда кагылышып кеткенин жазууда. Бирок бул маалыматтар расмий тастыктала элек.

Деңиз жөө аскерлеринин корпусунун кабарлагандай, аскер учактары алдынала пландалган машыгууга учкан.

Окуя болгон учурда аба ырайы кандай болуп турганы тууралуу так маалыматтар жок. Би-Би-Синин Токиодогу кабарчысы белгилегендей, ошол күнү бардык жапониялык аралдарда түн ичинде жамгыр жаап, асманды булут чүмкөп турган. (AbA)

Тектеш темалар