Эстутум: унутуу жана эстөө

Эгерде адамдын эстутумунун чеги болсо, анда биз бүтүндөй өмүр ага жакындай да алмак эмеспиз.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Керексиз маалыматты учурунда унутуп салууга жөндөмсүз болсоңуз, мунун кесепети оор болот

Психологдор жана нейробиологдор ырастагандай, биздин эстутумда белгилүү өлчөмдө гана маалыматтар сакталат. Бирок качандыр бир бош орун калбай калып, жаңы маалыматтар сакталбай калат деп коркууга эч кандай негиз жок.

"Абдан жакшы, анда эмне үчүн мен дайыма эле бирдемени унутуп басып жүрөм?",-деп сурашыңыз мүмкүн.

Окумуштуулардын жообу сизди таң калтырат: кеп эстеп калууда эмес, болжолу сиз керексиз маалыматтардан арылгыңыз келбей жатат.

Эстеп калуу же унутуу

Башынан баштайлы. Эстеп калуунун үч фазасы бар: маалыматты өздөштүрүү, аны сактоо, андан кийин эстөө.

"Адатта кишилер өзүнүн эстутуму жөнүндө даттанышканда, алар маалыматты эстеп же кармап кала албайм деп эсептешет",-дейт Калифорния университетинин психология боюнча профессору Роберт Бьорк.

Анын айтымында, маселенин баары мээден керексиз маалыматтарды чыгарып салбагандан. Мындай теория изилдөөчүлөр арасында көбүрөөк популярдуу болуп жатат.

Эстутумду ыпыр-сыпырдан тазалоо

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мындан керектүү буюмду таап көрүңүз

Эстутумда канчалык көп маалымат сактасак, эскерүүлөрүбүз ошончолук аралашып кетет. Эскирген жана керексиз маалыматтар чечим кабыл алууда, кандайдыр бир идеяны бышырууда, жагымдуу эскерүүлөрүбүзгө сөзсүз кедергисин тийгизет.

Торонто университетинин профессору Блейк Ричардс жана изилдөөчү Пол Фрэнкланддын болжолунда, "унутуу" - эстутумдун бир механизми.

Эстутум - маанилүү маалыматты кармап, керексиз маалыматтарды ыргытып салып, аң-сезимдүү чечим кабыл алуу жараянын оптималдаштырат.

Унутканды үйрөнүү

"Мунун баары жакшы, бирок кантип унутам?",-деп сурайсыз.

Мына, бир нече кеңеш:

1. Белгилүү бир эскерүүлөргө улам кайрылганды токтотуңуз

Биздин эстутум белгилүү бир эскерүүлөргө улам кайтып барганга жөндөмдүү. Токойдогу жалгыз аяк жол сыңары. Сиз бул жол менен канчалык көп каттасаңыз - белгилүү бир маалыматка улам кайрылган болсоңуз, бул керектүү нейрондук байланыштарды чыңдап, дал мына ушул эскерүү өтө маанилүү деп эсептөөгө мээни мажбурлайт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Белгилүү бир маалыматка улам кайрылган болсоңуз, бул керектүү нейрондук байланыштарды чыңдап, дал мына ушул эскерүү өтө маанилүү деп эсептөөгө мээни мажбурлайт.

2. Практикасы жок болбойт

Эс утумду машыктырып жана бошоңдотуп туруу керек. Кембриж университетинин профессору Майкл Андерсон 2001-жылы иликтөө жүргүзүп, эгерде эстутумдан айрым бир эскерүүлөрдү өчүрүп салууга мүмкүн болсо, анда эрксизден ойго келе берүүчү санааны азайтат деп белгилеген.

Бирок Зигмунд Фрейд болсо, сиз унутууга аракет кылган эскерүүлөр, кайра улам эсиңизге түшүп, сизди ээрчип алат деп айткан.

Профессор Андерсон буга макул эмес. Ал каалабаган маалыматтан арылуу аракети ойду жана эмоцияны иретке салуудагы маанилүү ыкма деп ынандырат. Кыска убакытка болсо дагы жардам берет дейт ал.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мээни эс алдыруу үчүн чуркоо абдан пайдалуу

Унутуп салуу, эстен чыгаруу - эстеп калуу сыяктуу эле керектүү жөндөм. Жагымсыз эскерүүлөрдөн жана ага байланышкан эмоциядан арылуу, балким өтө оор тапшырма болушу мүмкүн. Бирок мындай жөндөмдү машыктыруу өнүгүп жатат. (AbA)