Трамп Мэттистин мураскорун дайындады

Пентагонго келгенге чейин Патрик Шанахан Boing корпорациясында иштеген. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Пентагонго келгенге чейин Патрик Шанахан Boing корпорациясында иштеген.

АКШнын коргоо министринин милдетин 2019-жылдын 1-январынан баштап Пентагондун башчысынын орун басары Патрик Шанахан аткара баштайт. Коргоо министри Джеймс Мэттис өткөн жумада Трамп менен көз карашы келишпегендиктен кызматтан кетерин билдирген.

"Биздин коргоо министринин таланттуу орун басары Патрик Шанахан 2019-жылдын 1-январынан тарта коргоо министринин милдетин аткара баштарын кубануу менен билдирем. Патриктин министрдин орун басары болуп иштеп турган убактагы ийгиликтери көп",-деп жазды Трамп "Твиттерге".

Коргоо министри Мэттис америкалык лидер менен көз караштары туура келбей калган себептүү отставка сурап президентке кат жазганы өткөн аптада белгилүү болгон. Анын алдында эле Дональд Трамп Сириядан америкалык аскерлерди чыгаруу жөнүндө чечимин жарыялаган эле.

Пентагондун башчысы генерал Мэттистин кызматтан кетери жөнүндө дагы Трaмп өзү "Твиттерден" жарыя кылган.

"Генерал Жим Мэттис февралдын аягында эс алууга кетет, менин администрациямда коргоо министри болуп эки жыл иштеди. Ушул кызматта Жим турган убакта биз чоң прогресске жетиштик, айрыкча жаңы согуштук техника менен камсыз кылуу маселесинде. Генерал Мэттис мага биздин союздаштарды жана башка өлкөлөрдү аскердик чөйрөдө өзүнүн милдеттерин аткарууга көндүрүүгө чоң жардам көргөздү",-деп жазды Трамп.

"Көз караштар келишпей калды"

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Пентагондун башчысы Трампка ага көз карашы туура келген министр таап алууну сунуштады

Мэттистин 20-декабрдагы жазган каты анын Трамптын администрациясынан кетип жатканынын себептери эмнеде экенин түшүнүктүү кылып турат. Анын алдында эле президент америкалык аскерлерди Сириядан чыгарыла баштаганын жарыя кылган.

Бейшембиде Wall Street Journal газетасы, Си-эн-эн телеканалы Рейтер агенттиги АКШнын өкмөтүндөгү булактарга таянып, Ак үй Афганистандагы америкалык аскерлердин контингентин кыйла эле кыскартуу планын карап жатканын кабарлашты.

"Менин карманып келген негизги ишенимдердин бири - улут катары биздин күчүбүз биздин уникалдуу жана бүт баарына жеткиликтүү болгон союздаштык жана өнөктөштүгүбүздө,-деп жазды Мэттис. - Биз күчтүү альянстарды колдобой туруп, союздаштарды сыйлабай туруп өзүбүздүн кызыкчылыкты коргой албайбыз".

Пентагондун башчысы ошондой эле стратегиялык кызыкчылыгы АКШга каршы келген өлкөлөргө АКШнын мамилеси катуу жана майтарылгыс болуш керектигин белгиледи.

"Мисалы Кытай менен Россия өздөрүнүн авторитардык моделине туура келген дүйнөнү кургусу келет, (...) коңшулардын, АКШнын жана биздин союздаштардын эсебинен өз кызыкчылыгын кууйт, бул түшүнүктүү".

Коргоо министри Америка эл аралык тартипти кармап туруу үчүн бардыгын жасашы керек, бул анын өзүнүн коопсуздугу жана гүлдөшү үчүн керек деп билдирди.

"Бул жана башка маселелер боюнча көз карашы көбүрөөк туура келген коргоо министрин алууга сиздин укугуңуз бар, ошондуктан мен кызматтан кетүүнү туура көрдүм",-деп аяктаган катын Мэттис.

"Чоң жоготуу"

Мэттистин отставкасын кабыл алган Трамптын чечимин Вашингтондогу саясатчылар катуу кабыл алышууда.

Республикачылдар дагы, демократтар дагы генералдын ишмердигин жогору баалашат, ал түгүл Трампты бул иш үчүн анын өзүнүн партиялаштары сындап жатат.

Мисалы, Республикалык партиядан келген сенатор Сьюзан Коллинс бул отставка өлкө үчүн, куралдуу күчтөр жана өкмөт үчүн чоң жоготуу деп "Твиттерге" жазды.

"Биз олуттуу саясий каталыктардын сериясын көздөй кетип жатабыз, бул биздин өлкөнү коркунучка такап, биздин союздаштарга зыян алып келет жана биздин душмандардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтет",-деп мүнөздөдү тышкы саясаттагы кырдаалды сенатор Марко Рубио.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар