Кытай бийлиги христиан чиркөөлөрүндө тинтүү жүргүздү

Рождество майрамынын босогосунда кытай бийлиги өткөргөн рейддер христиан чиркөөлөрүн тинтүү жана камакка алуулар менен коштолду.

Сүрөттүн автордук укугу Facebook/Early Rain
Image caption Пастор Ван жана анын жубайы 15 жылга абакка кесилиши мүмкүн. Аларга "мамлекеттин негизгин ыдыратууга чакырык кылган" деген берене менен айып тагылууда.

Кытайдагы "Эрте жаан чиркөөсү" аталган коомдун лидери Ван И жана анын жубайы 9-декабрда Чэнду шаарындагы рейд учурунда камакка алынган. Көп өтпөй ушул эле чиркөөгө келген кеминде 100 киши кармалганы белгилүү болду.

"Эрте жаан чиркөөсү" - Кытайдагы эң чоң коомдордун бири. Бирок ишмердүүлүгүн ачык жүргүзө албайт. Пастор Ван жана анын жубайы 15 жылга абакка кесилиши мүмкүн. Аларга "мамлекеттин негизин ыдыратууга чакырык кылган" деген берене менен айып тагылууда. Бул Кытайдагы эң оор берене.

15-декабрда ондогон полиция кызматкери Гуанчжоу шаарындагы Жунгуйли чиркөөсүнө балдар сабак окуп жаткан учурда кирип барган. Полиция Библиянын төрт миң нускасын жана башка чиркөөдөгү буюмдарды конфискациялап, чиркөөгө келгендердин даректерин, телефондорун жазып алган.

Чиркөөнү жаап салышты. Бийлик тургундарга бир нече протестанттык коомдорду жана католик топторун бириктирген патриоттук чиркөөлөргө барууга кеңеш берген.

Атеисттик өлкөдөгү динчилдер

1,4 млрд калкы бар өлкөдө болжолу 100 млн христиан бар деп айтылып жүрөт. Алардын ичинен кытайлык бийликке лоялдуу чиркөөлөр бар. Андан сырткары жашыруун иш алып барууга аргасыз болгон коомдор дагы бар.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Бийлик тургундарга бир нече протестанттык коомдорду жана католик топторун бириктирген патриоттук чиркөөлөргө барууга кеңеш берген.

Кытай дин тутуу эркиндигин урматтаган өлкө. Деген менен көптөгөн жылдар бою Кытайда динчил лидерлер кугуунтукка кабылып келүүдө. Өкмөттүн дин эркиндиги урматтоо тууралуу билдирүүлөрү менен бул жагдай шайкеш келбейт дейт адам укугун коргоо жаатында иш алып барган уюмдар.

Көз карандысыз диний коомдорду бийлик өзүнүн кадыр-баркына жана мамлекеттин стабилдүүлүгүнө коркунуч катары көрөт.

Би-Би-Сиге аты-жөнүн жашыруун калтыруу өтүнүчү менен маек берген кишилердин бири: "полиция бир гана чиркөө жана мектепте тинтүү өткөрбөстөн, динчил кишилердин үйлөрүн дагы тинтүүгө алганын" айтты.

"Кээсин үй камагына алынса, башкаларынын артынан аңдуу коюлду",- дейт ал.

Human Rights Watch уюму кытайлык бийликтин соңку рейддерин айыптаган билдирүү таратты.

"Дүйнө коомчулугун Кытайдагы көз карандысыз чиркөөлөрдүн тегерегинде болуп жаткан окуяларга көз салып турууга жана кытай өкмөтүнүн репрессиясына каршы чыгууга чакырабыз",-деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар