Цунамиден каза тапкандары саны 373кө жетти

Кыйраткыч толкундар көп сандаган үйлөрдү кыйратып кетти. Сүрөттүн автордук укугу AFP/GETTY IMAGES
Image caption Кыйраткыч толкундар көп сандаган үйлөрдү кыйратып кетти.

Индонезиядагы цунамиден мерт болгондор саны 373 кишиге жетти. Жүздөгөн турак-жайлар урап, бир жарым миң киши жаракат алган.

Ишембидеги кырсык алып келген жоготуулар эсептелип жатат. Курмандыктар дагы өсүшү мүмкүн, анткени 128 кишинин дайыны табыла элек.

Жабыр тарткан аймактарга жардам жеткирүү аракеттери көрүлүүдө. Бирок бул абдан жай жүрүп жатат. Анак-Кракатау жанар тоосунда дагы вулкандын атылышы күтүлүүдө. Өлкө бийлиги болжолу жаңы цунаминин жаратышы мүмкүн экенин эскертти.

Табигый кырсыктар менен күрөшүү агенттигинин өкүлү жарыялаган кадрларда цунаминин кесепеттерин: суу каптаган көчөлөрдү, оодарылган унааларды - көрүүгө болот.

Индонезиянын геология кызматынын билдиришинче, жума күнкү жанар тоонун атылышы 2 мүнөт 12 секундка созулду. Анын жыйынтыгында күл түтүнү аралдын үстүндө 400 метрге көтөрүлдү.

Ошондой эле, геология кызматы эки километр радиуста кратерге жакындоого болбойт турганын жарыялады.

Ырдап жаткан жергиликтүү Seventeen рок-группасын сахнадан цунами шыпырып бараткан видео социалдык тармакта таркап кетти.

Кийинчерээк топтун вокалисти "Инстаграмда" видео бөлүштү. Анда басист, гитарист жана гастролдук менеджердин каза болгону, топтун башка эки мүчөсү жана бирөөсүнүн аялы жоголгону айтылат.

Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин билдирүүсүнө караганда, Бантен провинциясындагы Пандегланг округу эң көп жабыркады, Уджунг-Кулон улуттук паркы жана популярдуу курорттор ушул округда.

Зонд кысыгы Ява жана Суматра аралдарын бөлүп, Инди океанын Тынч океандын Ява деңизи менен бириктирип турат.

Цунаминин себеби эмне?

Учурда куткаруучулар Анак-Кракатау жанар тоосунун атылышы цунаминин себеби болду деген божомолду текшерип жатышат.

Анак-Кракатау ("Кракатаунун баласы") жанар тоосу 2018-жылдын июнь айынан бери өзгөчө активдүү болуп келди. Ал мезгил-мезгили менен күлүн көккө көтөрүп, ал тургай кээде вулкан бомбаларын - лаванын кесектерин, ыргытып турду.

Анак-Кракатау 1928-жылы Кракатау вулканикалык аралында пайда болгон. Ал 1883-жылы күчтүү атылуудан кийин жок болуп кеткен эле.

Башында Анак-Кракатау суу астындагы жанар тоо эле. Бирок жанар тоонун тынымсыз атылуулары деңиз деңгээлинен 300 метр бийиктикте жаңы аралдын пайда болушуна алып келди.

Анак-Кракатау пайда болгонунан бери эле жогору вулкандык активдүүлүгү менен айырмаланып келген. Анын атылуулары ар бир-эки же үч жылда болуп келди.

Кракатаунун 1883-жылкы 27-августта болгон атылуусундагы күлдүн бийиктиги 20 километрге чейин жетти. Ал эми анын үнү болсо алардан 4,5 миң километрге узап, Австралиядан Маврикияга чейин угулду.

Ушундан улам бардык кошуна аймактарды эки суткадан ашык убакыт караңгылык каптап, дүйнөдөгү аба ырайынын алдыдагы бир нече жылкы абалы өзгөргөн эле.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Анак-Кракатау соңку айларда бир нече жолу атылган болчу, бул сүрөт июлда тартылган.
Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Анак-Кракатаунун бул сүрөтүн норвегиялык сүрөтчү Ойстейн Лунд Андерсен ишемби күнү тартып алды.

Цунами - Индонезияда көп катталган көрүнүш. Өлкөдө жердин үстүндөгү жана суунун астындагы жанар тоолордун саны арбын.

2018-жылы сентябрда зилзаланын артында пайда болгон цунами Сулавеси аралындагы Палу шаарын талкалап, эки миңден ашык кишинин өмүрүн алып кеткен.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Табият кырсыгынан сактангандар мечетке барып баш калкалашты

2004-жылы декабрда Инди океанындагы кубаттуу жер титирөөнүн жыйынтыгында 14 өлкөдө, анын ичинде Индонезияда, 228 миң киши каза болгон.

Индонезияда жер титирөөлөр бат-бат болуп турат. Тынч океандын вулкандуу аймагы - интенсивдүү вулкандык жана сейсмикалык активдүү аймак. Анак-Кракатау дал ушул аймактагы жанар тоолордун тизмесинде.

Анак-Кракатаунун атылуусу сентябрдын аягында башталган.

Тектеш темалар