Казакстандык модель кыз токмок жегенин айтып чыкты

Казакстандык модель кыз Динагул Тасова мода көргөзмөсүнөн кийин ур-токмокко кабылганын "Инстаграм" баракчасына жазып чыкты.

Зомбулук коомдук сайттардагы тескери пикирлерден кийин орун алды деди Динагул. Анын билдирүүсү сабалгандан кийинки көкала такты көрсөткөн сүрөт менен коштолуп, Казакстанда жылына 40 миң аял үй-бүлө зомбулугуна кабылары тууралуу маалымат жазылган.

Би-Би-Си Динагул Тасовага кайрылып, окуя тууралуу сурады.

"Кимдир бирөө жылаңач денени, башкалары кооз көйнөктү көрүштү"

Динагул Тасова: Баарысы Astana Fashion Night аталган мода жумалыгында башталды. Бул 30-ноябрда болгон. Ал көргөзмөдө казакстандык дизайнер Дана Дуйсенбаеванын колунан тигилген көйнөктөрдү кийип чыккамын. Жука, илбиреген көйнөктөр эле. Дизайнер мени тандап алгандыктан, көйнөктөрдү кийип сахнада көрсөттүм. Ушундан бир апта өткөндөн кийин күтпөгөн жерден сокку алдым. Мода көргөзмөсүнөн кийин эч кандай негатив болгон эмес. Баары жылуу кабыл алып, кол чаап кубатташып, мени менен сүрөткө дагы түшүшкөн. Андан кийин көргөзмөдөгү сүрөттөр коомдук сайттарга жана маалымат порталдарына тарап, баары талкуулап баштады. Кимдир бирөө андан кооз көйнөктөрдү көрсө, башкалары жылаңач денени көрүштү. Модага кишилер ушунчалык реакция кыларын билген эмесмин. Сүйлөшүп жүргөн жигитим сүрөтүмдү көрүп, жазылган комментарийлерди окуган. Негизинен тескери пикирлер болчу. Анан ал дагы мага чабуул жасап, мамиле териштире баштады. Өтө көп негативдүү пикирлер айтылып, аны ызаа кылды. Көйнөк кийбей эле жылаңач чыгып, көкүрөгүмдү көрсөткөндөй кылып салышты. 8-декабрда ал мага кол көтөрүп, кемсинтүүгө чейин барды. Мен кетип калдым, бирок телефонумду, ноутбук баарын алып калды. Байланышка чыга албай калдым. Аккаунттарымды бардык жерден, анын ичинде "Инстаграмдан" дагы өчүрүп салды.

Би-Би-Си: Сиз бул тууралуу билдирүүңүздү эки күн мурун эле чыгардыңыз. Эмне үчүн?

Динагул Тасова: Мен көпкө чейин бир чечимге келе алган жокмун. Биринчиден физикалык жактан даяр эмес элем. Тилекке каршы сүрөт [көгөргөн так менен] дароо эле болгон жок. Он күндөн кийин гана фотосессияга макул болдум. Ага чейин баса да албай калдым. Турак-жайдан, телефондон көйгөй жаралды. Ал тургай шаардык телефондон дагы байланышка чыга алган жокмун. Мен нес болуп калдым. Бул кишиге абдан ишенчү элем. Биз беш жылдан бери чогуу болчубуз. Модадан кийин өтө көп тескери пикирлер айтылып жатканда, мен андан колдоо күткөмүн. Эч болбосо сөз менен колдойт дептирмин. Он күндөн кийин гана өзүмдү колго алып, сүрөткө түшүп, элге көрсөтүүнү чечтим. Аялга кол көтөргөнгө болбой турганын айткым келди. Ал эмне кылганын көрсөткүм келген. Анткени биз ошондон бери көрүшө элекпиз, денемде кандай так калганын көргөн да жок. Башка жагынан алганда, жан дүйнөмдөгү ызааны алып чыгып, сүрөт аркылуу бергим келди.

Би-Би-Си: Полицияга кайрылдыңызбы?

Динагул Тасова: Жеке мен кайрылбайын деп чечтим. Расмий алганда, ал мен үчүн эч ким эмес, күйөөм эмес, мага милдеттүү да эмес. Көкала болуп турган сүрөтүм менен ансыз деле аны жерге тебеледим. Өзү да муну көрсүн, эл дагы талкуулап, жыйынтык чыгарып алсын. Мындан ары аны менен мамиле териштирип, дагы чукушуп, жолугуп олтурууну каалабайм. Ошондуктан эч кандай арыз жазбай турган болдум. Аны менен көрүшүүнү каалабайм. Коомчулук муну талкуулашын кааладым. (AbA)