2018-жылдагы жүрөк толкуткан сүрөттөр
Палестиналык автивисттен тарта космоско учкан унаа, Би-Би-Си 2018-жылы окурмандарга эргүү берген, жүрөгүн толкуткан же интернетте топ жарган сүрөттөрдү тандап, аларды классикалык чыгармаларга салыштырды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Гондурас мамлекетинде жаңы шайланган президентке каршы нааразылык акция учурунда тартылган сүрөт. Коопсуздук кызматкерлердин алдында, ээгин таянып алып жерде жаткан жаш кыздын сүрөтү бир нече классикалык эмгектерге окшош. Алардын арасында 1890-жылдагы атактуу сүрөтчү Винсент Ван Гогдун "Эс алуу" чыгармасы дагы бар.
Сүрөттүн булагы, Pear Video
Дунгуань шаарындагы темир жол бекетинде жаралган жаңы чыгармачыл багыт. Кытайлык аял колундагы жүктөрү менен кошо рентген текшерүүдөн өтүп кеткен. Февраль айында интернетте топ жарган бул сүрөттү "Рентген багыты" деп аташкан. Кытайлык аялдын сүрөтү Австралияда миңдеген жул мурун тартылган аборигендердин чыгармаларына салыштырышууда.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Февраль айында америкалык бизнесмен Илон Масктын жеке SpaceX компаниясы тарыхтагы эң кубаттуу Falcon Heavy ракетасын ийгиликтүү космоско учурду.
Сүрөттүн булагы, Museo del Prado
Иероним Босхтун "Жердеги лаззаттын багы" аттуу чыгармасы
Ракетасын биринчи жолу космоско учуруп жатып Маск мырза оор жүк болбосун деп, ракетага өзүнүн Tesla унаасын жүктөгөн. Анын айдоочусу болуп унаада скафандр кийген манекен отурду. Ал эми машинанын ичинде Дэвид Боуинин "Don't Panic" же "Дүрбөлөңгө түшпө" деген ыры жаңырып турду.
Космосто тартылган сүрөттө унаа Жер планетасынан алыстап, башка планетаны көздөй жүрүп бараткандай сезилет. "Тесла" унаасынын космотогу сүрөтү атактуу нидерланд сүрөткери Иероним Босхтун "Жердеги лаззаттын багы" аттуу чыгармасына салыштырышууда.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Май айында Гавайи аралындагы Килауэа жанар тоосу атылып, андан агылган ысык лава, күл сапырылган туман бүтүндөй дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурган.
Сүрөттүн булагы, Tate Gallery
Жосеф Райттын чыгармасы Лондондогу "Тейт" галереясында сакталуу
Ысык лава жергиликтүү тургундардын короосуна чейин кирип келгенине карабастан, адамдык жоготуулар болгон эмес. Бул сүрөт XVIII кылымда Жосеф Райт тарткан чыгармага салыштырылган. Англис сүрөтчү Италиядагы Везувий жанар тоосу атылганда чыгармасын жараткан болчу.
Сүрөттүн булагы, John Cancalosi
Желим таштандылар Жер планетасына чоң коркунучка айланды. Желимден жасалган буюмдар атмосферага, жер кыртышына ошондой эле жан-жаныбарларга жана адамдардын ден-соолугуна зыяндуу дейт адистер. National Geographic чыгарган сүрөт интернетте топ жарып, аны миллиондогондор бөлүштү. Фотограф кушту желим баштыктан бошотконун да айта кетели. Бул сүрөт Жосеф Райттын "Кушка эксперимент жүргүзүү" чыгармасы менен салыштырылууда.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Июнь айында "Чоң жетилик" саммити учурунда тартылган сүрөт. Анда Германиянын канцлери Меркель, дүйнө лидерлери менен бирге АКШнын президенти Трампка кайрылып жаткандай.
Сүрөттүн булагы, Museo Municipal de Saint-Germain
Иероним Босхтун "Көз боочу" чыгармасы
Сүрөт сүйлөшүүлөр учурундагы чыңалган абалды мыкты чагылдырат. "Чоң жетилик" саммитиндеги сүрөт Иероним Босхтун 1502-жылы тартылган "Көз боочу" чыгармасына окшош. Анда шаарчанын тургундары "сыйкырчыны" тиктеп турушат.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Октябрь айында Газа тилкесиндеги израилдик полицияга каршы өткөн акцияда тартылган сүрөт дүйнө жүзүнө тарады.
Сүрөттүн булагы, Museo del Louvre
Эжен Делакруанын "Элди жетелеген эркиндик" чыгармасы Париж шаарындагы "Лувр" музейинде сакталуу
Бир колуна автономиянын туусун, экинчи колуна салмоор ташты кармаган жаш жигитти фотограф Мустафа Хассон сүрөткө тартып алган. Коомдук сайттардын колдонуучулары Хассондун сүрөтүн XIX кылымдагы белгилүү француз сүрөтчүсү Эжен Делакруанын "Элди жетелеген эркиндик" деген эмгегине салыштырышкан.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бэнкси саясий маанайдагы графити сүрөттөрдү жашыруун тартып кеткени менен дүйнөгө таанылган, тек-жайы белгисиз сүрөтчү. Анын "Кыз жана аба шар" чыгармасы аукциондо 1,4 миллиона долларга сатылгандан кийин, өзүн өзү жок кыла баштаган.
Сатып алуучу таң калганы менен, сүрөттү кандай болсо дагы алып кетем деп чечкен. Көрсө Бэнкси муну атайын жасаптыр. "Кыз жана аба шар" чыгармасы "Таштандыдагы сүйүү" чыгармага айланган. Ал эми Бэнксинин эмгегин сатып алган адам, тарыхый чыгарманы коллекциясына кошконуна кубанып турганын билдирген. Бэнксинин бир нече бөлүккө айрылган сүрөтүн 1956-жылы тартылган Мауриц Корнелис Эшердин "Биригүүнүн байланышы" аттуу чыгармасына салыштырышууда.
*