Эверестти мелжеген эр жүрөк айымдар

Эверестти багынтууга батынган эр жүрөк айымдар Фурдики менен Нима

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Эверестти багынтууга батынган эр жүрөк айымдар Фурдики менен Нима

Эверест тоосунда курман болгон эки шерптин жесирлери жолдошторунун жолун улап, дүйнөдөгү эң бийик тоонун башына чыгарын жарыя кылышты. Алар бул эрдиги менен жалгыз бой башка айымдарга дем-күч берүүнү максат кылышууда. Эвересттин төбөсүнө чыккан беш миңге жакын адамдын ичинен 606 аял болгон.

Сүрөттүн булагы, PHUNJO LAMA

Эверестке чыгуу көптөгөн альпинистердин эңсеген кыялы. 8448 метр бийиктикке чыгыш оңой иш эмес, абдан коркунучтуу, аны багынтууга чоң даярдык жана күч-кайрат керек. 1922-жылдан бери көк мелжиген тоону багынтуу убагында 300 адам курман болду. Анын үчтөн бири шерптер.

Чет элдиктерди тоо чокусуна чейин коштоп алып, тамак-аш, чатыр жана кычкылтек баллончолорун көтөрүп жүргөн жергиликтүү непалдык альпинисттерди шерптер дешет.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Эвересттин башына бараткан жолдогу базалык лагердин көрүнүшү

Фурдики менен Ниманын өмүрлүк жолдоштору ар бири өзүнчө 2013 жана 2014-жылы альпинисттик экспедиция убагында курман болушкан. Ошондон кийин жесир калган айымдар алардын жашоодогу шериктери жете албаган чокуга өздөрү чыгарын жарыя кылышкан эле. Алар кыйла даярданып, акыры эки чакан чокуга чыгып күчтөрүн сынап көрүштү.

Видеонун түшүндүрмөсү,

Көк мелжиген Эверест

Фурдики өзүнүн күйөөсүн жоготкондон кийин үй-бүлөсү абдан оор экономикалык кыйынчылыкты баштан өткөргөнүн айтат. Бирок ошого карабастан ал жесир аялдар да оор тапшырмаларды аткара ала тургандыгын көрсөтүү үчүн ушул экспедицияны баштаганын айтууда.