Климаттык өзгөрүүнүн кесепети миллиарддаган долларга чыкты

heatwave Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Жаңы изилдөөгө ылайык, 2018-жылы глобалдык жылуулануудан улам миңдеген кишилер мерт кетип, ири кыйроолор болду.

Christian Aid уюму 2018-жылдагы 10 табигый кырсыкты аныктап, анын кесепетин жоюу үчүн ар бирине 1 миллиард доллардан ашуун каражат жумшалганын билдирди.

Окумуштуулар Европа жана Жапониядагы ысык аба ырайынын рекорддук деңгээлге чыкканы адам баласынын аракеттерине байлануу экенин тастыктаган.

Ошондой эле изилдөөчүлөр "Флоренс" менен "Майкл" бороону ондогон жылдарда боло элек эң катуу кыйраткыч бороон деп аташууда. Эки кырсыктын кесепетин жоюу үчүн 32 миллиард доллар сарпталган.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Видео: Кара-Баткак мөңгүсүнө сапар

Окумуштуулар "бороондордун падышасы" атка конгон "Флоренс" бороону адам баласынын аракеттери үчүн 50 пайызга чейин кубаттуу болгонун айтышууда. Көмүр кычкыл газынын эмиссиясынан улам абанын температурасы жогорулап, бороондун ылдамдыгы күчөгөн.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Флоренс" бороонунан кийин Түштүк Каролинада бир нече апта бою суу ташкын катталган

Окумуштуулар климаттык өзгөрүү менен табигый кырсыктардын байланышын дагы деле изилдеп жатканы менен, глобалдык жылуулануу кургакчылык, аптап жана токой өрттөрүнүн көбөйүшүнө түздөн-түз байланышы бар экенин айтышууда.

"Климаттык өзгөрүү келечектеги көйгөй деп ойлогондор арбын. Бирок глобалдык жылуулануунун кесепети чоң экени калетсиз. Анын кесепетин эмитен эле сезип жатабыз. Бул изилдөө аны тастыктады. Климаттык өзгөрүүдөн улам миңдегендер жабыркап жатат, өзгөчө жакыр жашаган кишилер", -деди окумуштуу Кат Крамер.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Глобалдык жылуулуктук деңгээли

Дүйнөлүк метеорология уюмунун маалыматына таянсак, 2018-жыл тарыхтагы төртүнчү ирет болгон эң ысык жыл болду. Окумуштуулардын айтымында, глобалдык жылуулануу жарым-жартылай адам баласынын таасири менен, жарым-жартылай Тынч океанынын экватордук бөлүгүнүн бетки катмарынадагы Эль-Ниньо деп аталган кубулушка байланыштуу болуп жатат.

Метеорология уюму 1850-жылдан бери аба температурасын каттоого алып келет. Уюмдун айтымында 2016-жыл тарыхтагы эң ысык жыл болгон. Бирок жаңы жаралган Эль-Ниньо кубулушунан улам 2019-жылдагы аба-ырайы рекорддук деңгээлде жылуу болушу ыктымал, дейт окумуштуулар.

Тектеш темалар