2018-жылы дүйнө дүрбүсүндө болгон жети окуя

World News

2018-жыл тарыхый окуяларга бай болду. Быйыл келишкис душмандар элдешип, дүйнөдөгү эки ири державанын ортосунда "соода согушу" тутанды.

Би-Би-Си 2018-жылы жаңылыктардын башында турган жети окуяга токтолот.

Түндүк менен Түштүк Кореяны жакындаткан Кышкы Олимпиада

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосундагы мамиле 2015-жылдан бери чыңалып келген. Пхеньян өзөктүк курал долбоорун улантып, континент аралык баллистикалык ракеталарын сыноодон өткөргөн соң, Сеул биргелешкен экономикалык долбоорлорду токтоткон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын чек арасы

2018-жылы февраль айында Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XXIII Кышкы Олимпиаданын оту жанды. Олимпиада "эң суук" кышкы оюндардын бири катары тарыхта калганы менен, ал коңшу мамлекеттердин мамилесине жылымык алып келди.

Эки жыл бою бири-бири менен эч байланышпай келген Пхеньян менен Сеулдун расмийлери Кышкы оюндардын алдында жолугуп, Пхеньян Олимпиадага 22 спортчусун, жүздөгөн делегаттарын, сүрөөнчүлөрүн, күйөрмандарын жана бийчилерин жөнөттү. Ал аз келгенсип эки мамлекеттин спортчулары Олимпиаданын ачылыш салтанатында бир туунун алдында чыгып, хоккей боюнча аялдар курама командалары бирикти.

Сүрөттүн булагы, Matthias Hangst/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

XXIII Кышкы Олимпиаданын чакырыгы: Бүтүкүл дүйнөгө тынчтык! Ошондуктан КЭДР менен Түштүк Кореянын командалары бир туунун алдында чыгууну чечкен. Алар ак түстөгү кийимди атайын тандап алышкан

Апрель айында Түндүк жана Түштүк Корея лидерлери чек арада жолугуп, Тынчтык келишимине кол коюшту. Бул 1953-жылы жарым аралды экиге бөлгөн согушка чекит койгон кадам катары бааланды.

Кызыгы, Ким Чен Ын 1953-жылы Корей согушу токтогондон бери Түштүк Кореяга өткөн биринчи КЭДР лидери болуп калды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ким Чен Ын 1953-жылы Корей согушу токтогондон бери Түштүк Кореяга өткөн биринчи КЭДР лидери болуп калды

Сентябрь айында Түштүк Кореянын лидери Мун Чжэ Ин Пхеньянга барып, эки тарап өзөктүк куралдан арылуу боюнча декларацияга кол коюуга жетишти.

Өзөктүк куралды сыноодон өткөргөнү үчүн обочодо калган Түндүк Кореянын бул кадамы күтүүсүз болгону калетсиз. Пхеньян өзүнүн көп жылдык душманы Түштүк Корея жана анын союздашы АКШ менен мамилесин кыйла оңдоду.

Элдешкис душмандардын тарыхый жолугушуусу

Ондогон жылдардан бери Түндүк Корея АКШны келишкис душманы катары эсептеген. Ал тургай Пхеньянда Америкага каршы музейлер дагы бар. АКШнын президенти Трамп болсо БУУнун трибунасынан Түндүк Кореяны "жер менен жексен кылам" деп сүйлөгөн. Эки тарап бири-бирин "согуш" менен бир нече жолу коркутканы бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бирок Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын апрель айында Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен тарыхый сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин, Пхеньян менен Вашингтондун дагы мамилеси оңолду. АКШнын президенти Трамп дүйнө тынчтыгына коркунуч жараткан Ким Чен Ын менен жолугушууга даяр экенин билдирген.

Ага карабастан тарыхый сүйлөшүүлөргө чейинки жол катаал жана чыңалган абалда болду.

Видеонун түшүндүрмөсү,

АКШ жана Түндүк Корея лидерлеринин тарыхый саммити

Трамптын коопсуздук боюнча кеңешчисинин "Түндүк Корея өлкөдөгү өзөктүк куралды жок кылуу жараянын Ливиядагыдай жол менен ишке ашыруусу керек" дегенине Пхеньян катуу теригип, Ким Чен Ын саммиттен баш тартам деп коркутту. Себеби, 2003-жылы Ливиянын лидери Муаммар Каддафи санкцияларды алып салса, өзөктүк курал программасынан баш тартарын айтып, эл аралык текшерүүгө макулдук берген. Сегиз жылдан кийин Каддафи батышты жактаган көтөрүлүшчүлөр тарабынан өлтүрүлгөн.

Май айында Трамп саммитти токтотуп, бул үчүн Түндүк Кореяны айыптап, "өзүн өтө эле агресивдүү алып жүрүп, душмандыгын ачык көрсөтүүдө" деп билдирүү жасаган. Бирок эки тарап сүйлөшүүлөрүн улантып, АКШ президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын июнь айында Сингапурда тарыхый саммит өткөрүштү.

"Бүгүн абдан маанилүү күн, дүйнө тарыхындагы абдан маанилүү окуя", -деди Трамп.

Сүрөттүн булагы, AFP

Жыйында Пхеньян өзүнүн өзөктүк куралынан баш тарта турган болсо, буга жооп кылып АКШ тарап Ким Чен Ындын коопсуздугуна кепилдик берерин билдирген.

Серепчилер Ким Чен Ындын бул жолугушууга келип жатканын чоң жылыш катары баалашып, Түндүк Корея эл аралык изоляциядан арылуу аракетин көрүп жатат деп айтышууда.

Пхеньян менен мамиле оңолду, Тегеран менен курчуду

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

АКШнын президенти Трамп менен Ирандын президенти Рухани

АКШнын президенти Трамп Түндүк Корея менен мамилени чыңдоо аракетин көргөнү менен, 2015-жылы Иран менен жетишилген келишимди сындап, Тегеран менен алакалар кайрадан кескин солгундады.

АКШнын өнөктөштөрү саналган Европа мамлекеттери келишимди сактап калуу керек экенин айтканын карабастан, май айында Трамп Иран менен өзөктүк курал боюнча келишимден бир тараптуу чыгып кетти.

Айтылган келишимге Иран жана алты өлкө кол койгон. Ага ылайык, Ирандын өзөктүк иш-аракеттерине чектөөлөр киргизилип, анын ордуна Иранга каршы эл аралык санкциялар алынган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Иран мунай запасы боюнча дүйнөдө төртүнчү чоң өлкө саналат

Президент Трамптын чечиминен кийин, 2016-жылы алынган санкциялар кайрадан күчүнө кирди.

Бирок АКШдан башка мамлекеттер, өзгөчө Европа Биримдиги Иран келишимди урматтап, талаптарды аткарып жатат деген пикирде. Европа өлкөлөрү Иранга каршы санкция жарыялаган жок. Алар келишимде кала берерин жар салган.

Вашингтондун дүйнөлүк соода тармагындагы салмагынан улам, АКШ санкцияларды жарыялагандан кийин бир нече эл аралык компания Ирандагы инвестицияларын токтотуп, мунай сатып алуусун дагы чектеди. Бирок Европа сыяктуу мамлекеттер Тегеран менен соода алакаларын улантууга аракеттенүүдө.

"Бул Иранга абдан катуу тийет деп ойлобогула. Тегеран мындан дагы оор санкцияларды башынан өткөргөн", -деди Европа Кеңешинин өкүлү Элли Геранмая.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

2010-2016-жылы Ирандын мунай тармагына санкциялар киргизилгенде, Тегерандын экспорту дээрлик 50 пайызга азайган

Иран мунайды экспорттоо үчүн жаңы ыкмаларды караштыра берет. Серепчилер Тегерандын бул багытта тажрыйбасы көп экенин белгилешүүдө. Ал эми Европанын компаниялары ишин токтотсо, Тегеран Орусия менен Кытайга көңүлүн буруп, кызматташуусун күчөтүүгө аракеттенет деп айтылууда.

Дүйнөнү сестенткен соода согушу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

АКШнын лидери Трамп "соода тармагындагы мазактоого мындан ары чыдай албайбыз. Биз ага жол бербейбиз" деп кайрылуу жасаганына бир ай өткөндөн кийин, Вашингтон Кытайдын 3 миллиард доллар импортуна олчойгон салык салып, Бээжиндин реакциясын байкап көрдү. Кытайдын жообу дагы АКШдан кем болгон жок.

2018-жылы Дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикага ээ болгон бул өлкөлөр ортосунда 600 млрд доллар көлөмүндөгү сооданын талашы ырбап кетти.

Дональд Трамп АКШ-Кытай ортосундагы соода дефицитин азайтууну көздөйт. АКШ жылына 500 млрд долларга кытай товарларын сатып алат, ал эми Кытайдын өзүнө кайра сатканы 130 млрд долларды түзөт. Трамп мындай чоң айырма кытай бийлигинин өздөрүнүн экономикасын катуу кармаган уятсыз саясатынын айынан болуп жатат деген пикирде.

АКШга жооп катары, Кытайдын лидери Си Цзиньпин "кансыз согуш" доорунда калыптанган көз караштан алыстайлы деп айтып, Бээжин чет мамлекеттер менен соода алакаларын күчөтөт деп жар салган. Бирок Кытай ар дайым өз кызыкчылыгын коргойт деп баса белгилеген.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кытайдын лидери Си Цзиньпин "кансыз согуш" доорунда калыптанган көз караштан алыстайлы деп чакырган

"Укуктарыбыз тебеленип, кызыкчылыктарыбызга коркунуч жаралып жатканда, Кытай жөн эле отура бербейт", -деп эскертти Кытайдын Тышкы иштер министрлиги.

Кытай жетекчиси үчүн бул талашта жемин жедирип жиберүү - намыстын эле иши эмес, он жылдыктын эң ири долбоору болгон "Made in China 2025 стратегиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Бул долбоорго ылайык, Кытай роботтехника менен таза энергиядан баштап жогорку технологиянын он орчундуу тармагында Батышты кууп жетейин деп келет. Америкалык технология менен кооперациясыз бул ишти аткаруу кыйын болот.

Вашингтон менен Бээжин өздөрү соода согушун каалабай турганын айтууда. Экономисттердин эсебинде, эрегиштин айынан АКШда экономикалык өсүш болжолдуу түрдө 0,5% басаңдайт, Кытай да мындан соо калбайт.

Америкалык бизнес-бирикмелер биринин артынан бири тарифтерди көтөрүү жумуш орундарынын кыскарышына, баалардын өсүшүнө алып келерин эскертип жатышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Айрым эксперттер Кытай соода согушун тереңдетүүгө барбайт деп эсептейт

Анын үстүнө Кытай менен АКШ соода эле эмес, финансы жагынан да чырмалышкан байланышта: кытайлыктар америкалык мамлекеттик баалуу кагаздардын үчтөн бирин сатып алып, бара-бара АКШ өкмөтүнүн эң ири чет элдик кредиторуна айланды. Демек, АКШнын экономикасынын өсүшүнө эң биринчи кезекте Бээжин өзү кызыкдар.

Ноябрдын этегинде "Чоң жыйырмалыктын" саммитинин алкагында эки державанын лидерлери 90 күнгө бажы төлөмдөрдү көтөрбөөгө макул болушту. Эми эки мамлекет үч айдын ичинде мунаса табышы керек.

Орусиядагы жетинчи президенттик шайлоо

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Путин 18 жылдык башкаруусун улантууда

2018-жылы Орусия алдыдагы алты жылда мамлекетти башкара турган лидерин тандады. Шайлоодо Путиндин утуп чыгышынан эч ким деле күмөн санаган эмес. Бирок канча добуш алары көптөрдү кызыктырып турган. Путин шайлоочулардын 76 пайызынын колдоосун алып, төртүнчү ирет мамлекет башына келди. Ушуну менен ал 18 жылдык башкаруусун улантууда.

Путин президент жана премьер-министр катары өлкөнү башкарып турган кезде Орусия экономикалык өсүшкө, аскердик экспансияга жетишип, мамлекет кайрадан ири державага айланды.

Орусиянын оппозициясы Путинди "падыша" же "император" деп аташып, кескин сынга алып келет.

Путинди сындагандар, 18 жылдын ичинде Орусиянын жаш демократиясы талкаланды деген пикирде. Путин башкарып турган Орусияда чыныгы оппозиция парламенттен сүрүлүп чыгарылып, ал өлкөнү каалагандай башкарды деген сындар дагы айтылууда.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Путинди сындагандар, 18 жылдын ичинде Орусиянын жаш демократиясы талкаланды деген пикирде

Президент Путин шайлоодо жеңишке жеткенден кийин Орусия менен Батыш ортосундагы мамиле болуп көрбөгөндөй муздаганы дагы белгиленүүдө. Серепчилер муну 1950-1980-жылдардагы СССР менен Батыш ортосундагы идеологиялык кыл чайнашууга салыштырып, "жаңы кансыз согушту" эстешүүдө. Буга Орусиянын мурдагы чалгынчысы Сергей Скрипалдын Британияда ууландырылганы, Кремлдин Сирия менен Украинадагы аскердик аракеттери, Москванын 1981-жылдан бери карай болуп көрбөгөн эң ири аскердик машыгуусу себеп болду. Орусия болсо айыптарды четке кагып, НАТО уюмун агрессор катары көрөт.

Британия менен Европа Биримдигинин "ажырашуусу" - "Брексит"

Сүрөттүн булагы, Thinkstock

Эки жылдан ашуун убакыт мурун британдыктар Евробиримдиктен чыгуу үчүн добуш беришкен.

Британия 2019-жылдын 29-март айында кечки саат 23:00 (жума күнү) Европа Биримдигинен чыгып кетиши керек. 2016-жылы өлкөдө референдум өтүп, британиялыктардын 51.9 пайызы аталган биримдиктен чыгууну колдогон, 48.1 пайызы калууга добушун берген. Бирок добуш берип жатканда "Брексит" кандай болоорун эч ким түшүнгөн эмес.

Европа Биримдиги менен Улуу Британия бир жылдан бери "ажырашуу" боюнча долбоорду талкуулады. Катаал сүйлөшүүлөрдөн кийин эки тарап мунаса тапты. Эми келишимди Британиянын парламенти, андан кийин Европа Биримдигине мүчө болгон 27 мамлекет колдошу керек.

Жылдын аягында Британиянын премьер-министри Тереза Мэй 585 барактан турган долбоорду парламенттик добушка алып чыгууну көздөп жаткан болчу. Бирок парламент депутаттары, анын ичинде Мэйдин айрым партиялаштары долбоорго катуу каршылыгын билдирип, премьер-министр добуш берүүнү кийинкиге калтырды.

Видеонун түшүндүрмөсү,

"Брексит": Эмне болуп жатканын билебизби?

Ал аз келгенсип Мэй айымга нааразы болгон Консервативдик партиянын 315 депутаты премьер-министрге ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени добуш берүүгө алып чыккан. Бирок Мэйдин лидерликте калуусуна Консервативдик партиянын төмөнкү палатасынын 200 депутаты макулдук берип, 117 депутат гана каршы болгон. Эми бир жыл ичинде Мэйге ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлбөйт.

Сүрөттүн булагы, PA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Тереза Мэй сунуштаган долбоорду парламент колдошу керек

Британ өкмөтү "Брексит" боюнча долбоор 14-январда парламентте добушка коюлат деп билдирүүдө. Ал кабыл алынса, 2020-жылдын декабрь айына чейинки өткөөл мезгил башталат.

Эгерде Тереза Мэй парламенттин колдоосун албаса, эмне болоорун эч ким билбейт. Ал Европа Биримдиги менен кайрадан сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү мүмкүн. Бирок байкоочулар премьер-министр кызматтан кетет деп болжоодо. Өлкөдө кайрадан парламенттик шайлоо өтүшү ыктымал же жаңы премьер-министр тандалышы мүмкүн.

Пост-советтик өлкөлөрдү дүрбүткөн Армения

Сүрөттүн булагы, AFP

Декабрь айында Арменияда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткан биринчи парламенттик шайлоо болду. Аны ушул жылы апрель-май айында болгон, баркыт революциясы атыккан массалык каршылык акциялардын уландысы деп бааланууда. Акцияларда өкмөткө каршы демонстранттар көчөлөрдү бөгөп, өлкөдө мектептердин көбү жабылып, жергиликтүүлөр ишке чыкпай демонстрацияларга кошулган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Каршылык акциялар Серж Саргсяндын премьер кызматынан кетишине алып келди. Сегизинчи майда каршылыктар астында парламент оппозициялык лидер Никол Пашинянды өкмөт башчы кылып бекитти. Бирок Армениянын мурдакы башкаруучу партиясы болгон "Республикалык партия" парламенттеги орундардын тең жарымын ээлеп тургандыктан, эң ири фракция бойдон калган болчу. Ошондуктан кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү Пашиняндын негизги убадаларынын бири эле.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Өкмөткө каршы демонстранттар көчөлөрдү бөгөп алган

Декабрь айындагы кезексиз парламенттик шайлоодо оппозициялык лидер Никол Пашинянды партиясы жеңишке жетти. Ал эми Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсяндын партиясы беш пайыздык босогодон өтө алган жок.

Пашинян бийликке келгенден бери бир топ министрлерди кызматтан дагы алды. Финансы министринен тарта, ички иштер министри жана Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы алмашты.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

42 жаштагы Никол Пашинян 2000-жылдардын ортосунан тарта саясатка аралашкан

Пашинян кадрларын дайындагандан кийин бажыдагы коррупциялык схемалар ачыкталды. Айрым маалыматтарга ылайык, бул схемалардан улам мамлекеттин бюджетине жети миллион доллар түшпөй калган.

Армениянын лидери ар бир кадамын "Фейсбук" баракчасы аркылуу бүтүндөй өлкө жарандарына кабарлап жазып жатканы дагы жылуу кабыл алынууда дейт байкоочулар. (AT)