АКШ Сириядан аскерлерин чыгаруу боюнча шарттарын айтты

Американская боевая техника в Манбидже Сүрөттүн автордук укугу AFP

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон америкалык аскерлерди Сириядан чыгаруу шарттарын айтты.

Болтон Түркия жана Израилге иш сапары менен баргандан кийин, Сириянын түндүгүндөгү күрд күчтөрүнүн коопсуздугуна Анкарадан кепилдик талап кыларын белгиледи.

Ошондой эле Вашингтон өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ өлкөдө толугу менен жок кылынганына ынангандан кийин гана аскерлерин чыгармай болду.

Президент Трамп 19-декабрда аскерлерибиз Сириядан "кайтып келет, алар азыр кайтып келет" деп жар салгандан кийин, кескин сынга кабылган. Ал Сирияда өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ толугу менен талкаланды деп билдирген.

Ал учурда АКШнын аскерлери отуз күндүн ичинде Сириядан чыгып кетет деп айтылган болчу. Эми Трамптын администрациясы оюн өзгөрткөндөй.

"Биз аскерлерибизди Сириядан чыгарыбыз... Бирок экстремисттик "ИМ" тобу толугу менен жок кылынмайынча, аскерлердин баарын чыгара албайбыз", -деди Трамп.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Трамп АКШнын аскерлери Сириядан чыгарылат деп жарыялагандан кийин, өлкөнүн коргоо министри Жим Мэттис өз ыктыяры менен кызматтан кеткен

Жон Болтон эмне деп айтты?

"Түркия аскердик аракеттерин өнөктөштөрү, анын ичинде АКШ менен макулдашып туруп, ишке ашыруусу керек. Себеби АКШнын аскерлери жана бизге өнөктөш болгон Сириянын оппозициялык күчтөрү коркунучка кабылышы мүмкүн", -деди Болтон.

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси америкалык аскерлер Сириядан так качан чыгарылары боюнча график жок экенин айтып, бирок аскерлер чыгарылат деп белгиледи.

Президент Трамптын сөзүнө өзгөчө АКШнын күрд өнөктөштөрү кабатыр болгон болчу. Себеби Түркия армиясы аскердик аракеттерди өз колуна алып, "бардык террордук топторду" Сириянын түндүгүнөн жок кылабыз деп айткан эле.

Түркиянын президенти Эрдоган болсо Анкара күрддөргө каршы согуш жүргүзөт деген сөз "акылга сыйбаган" пикир деп билдирди. Түркия күрддөргө каршы эмес, террордук топ деп саналган Күрддөрдүн элдик кошууну (YPG) менен Күрд жумушчулар партиясына (PKK) каршы күрөшүп келгенин айтууда.

Сирияда АКШнын канча аскери бар?

Сирияда америкалык эки миңден ашуун жоокер бар экени айтылууда. Бирок бул сан мындан да көп болушу ыктымал.

Алар өлкөнүн түндүк-чыгышынан орун алып, куралдуу оппозиция менен бирге "ИМ" согушкерлерине каршы операцияларды өткөрдү.

АКШнын жөө аскерлери Сирияга 2015-жылы мурдагы президент Обаманын буйругу менен келген. Анда АКШнын атайын күчтөрү кеңешчи катары күрд куралчандарына жардам берген. Күрд күчтөрү өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топко туруштук берип, экстремисттер менен натыйжалуу күрөштү.

Андан бери АКШ аскерлеринин саны көбөйүп, Сириянын түндүк-чыгыш тарабында авиабазалар дагы курулган. (AT)

Тема боюнча башка макалалар