"Муз баланын" турмушу бир жылдан кийин өзгөрдүбү?

Wang Fuman Сүрөттүн автордук укугу People's Daily
Image caption "Кичинекей Ваң" деген аталыштагы сүрөт интернетте топ жарган

Өткөн жылы коомдук медиада "муз бала" атка конгон 8 жаштагы кытайлык окуучунун сүрөтү Кытайдагы жакырчылык абалы боюнча кызуу талкууга жем таштаган.

Жаш бала мектепке колдору шишип, чачына, каштарына чейин тоңуп келген.

"Кичинекей Ваң" деген аталыштагы сүрөт интернетте топ жарып, активисттер Кытайдын элет аймактарында жакырчылыкка каршы жетиштүү чара көрүлбөй келгенин белгилешкен.

Коомдук медианын колдонуучулары Ваң күн сайын мектепке келүү үчүн төрт жарым чакырымды бир сааттын ичинде жөө басып өтөрүүнө нааразы болушкан. Сүрөт тартылган күнү аба ырайы -9C болгон экен.

Өлкөдө таанымал Pear Video интернет баракчасынын журналисттери Ваңдын үйүн да өрүп келишкен. Кабарчылар анын жашоо шарты өтө начар экенин, Ваңдын ата-энеси Кытайдын башка аймактарына иш издеп кетип, ал үйүндө чоң апасы жана эжеси менен жалгыз калганын кабарлашкан.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Кичинекей Ваң" полиция болууну кыялданат

Ваң Pear Video баракчасынын журналисттерине атасын төрт же беш айда бир эле жолу көрөөрүн, апасы кичинекей кезинде үй-бүлөсүн таштап, дайынсыз кеткенин айткан.

Бул жаңылыктан кийин коомдук медианын колдонуучулары жеригилктүү бийликке бул маселени чечүү үчүн кандай чара көрүп жатасыңар деген суроо жолдогон.

Эми тогуз жаштагы Ваңдын турмушу 12 айдын ичинде толугу менен өзгөрдү.

Өкмөткө таандык People's Daily гезити Ваңдын үй-бүлөсү ураганга аз калган үйдөн мектепке жакын жерге көчүп келгенин кабарлады. Эми Ваң мектепке он мүнөттүн ичинде басып келет.

Андан тыкшары Ваңдын мектебинде дагы өзгөрүүлөр болду. Мектеп жылуулук менен камыздалып, алыс жашаган окуучулар үчүн жатакана курулду.

"Дүйнөлүк коомчулук бизге көңүл бурганына окуучулар таң калды. Алардын көз карашы бир топ өзгөрдү. Окуучулар кыялданып, келечекте биз дагы ийгиликке жетебиз деп калышты", -деди мектептин директорунун орун басары Фу Хең.

"Кичинекей Ваң" болсо келечекте полиция болуу кыялын өзгөртө элек экен. (AT)

Тектеш темалар