"Брексит": Британ парламенти премьер-министр Мэй сунуштаган долбоорго добуш берет

EU and UK flags pointing in opposite directions Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Бүгүн Британиянын парламенти Европа Биримдигинен чыгуу боюнча премьер-министр Тереза Мэй сунуштаган долбоорго добуш берет.

Тереза Мэй "Брексит" долбооруна каршы болгондор "британиялыктардын тандоосун урматташы" керек деп билдирди. Премьер-министр парламент өкүлдөрүн долбоорду "кайра карап" чыгууга үндөдү.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Лейбористтердин лидери Жереми Корбин болсо долбоорду четке кагып, ал өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келет деп айтты. Ошондой эле Корбин добуш берүүдө "Брексит" боюнча долбоор колдоого алынбаса, парламенттик шайлоо жарыяланышы керек деп белгиледи.

Мэй айым 585 барактан турган долбоорду өткөн жылы декабрда парламенттик добушка алып чыгууну көздөп жаткан болчу. Бирок парламент депутаттары, анын ичинде Мэйдин айрым партиялаштары долбоорго катуу каршылыгын билдиришип, премьер-министр добуш берүүнү кийинкиге калтырган.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
"Брексит": Эмне болуп жатканын билебизби?

Британия 2019-жылдын 29-март айында кечки саат 23:00 (жума күнү) Европа Биримдигинен чыгып кетиши керек.

Мэй айым сунуштаган долбоор эмнени камтыйт?

Тереза Мэй эки бөлүктөн турган долбоорду сунуштап жатат. Биринчи бөлүгү юридикалык күчкө ээ. Анда Улуу Британия Европа Биримдигинен чыгуу боюнча шарттар так жазылган.

  • Британия Европа Биримдигинен чыккандан кийин, өлкөдө жашап келген европалыктар жана алардын үй-бүлөлөрү Британияда кала берүүгө укуктуу болот
  • 21 айга созулган өткөөл (жеңилдик) мезгили берилет
  • Британия 39 миллиард фунтту "адилеттүү финансылык төлөм" катары европалык компанияларга которот. Муну "ажырашуу төлөм" деп дагы аташууда
  • Үч миңге чукул азык-түлүк товарларына өзгөчө макам берилет
  • Түндүк Ирландия менен Ирландия республикасы ортосундагы чек ара маселеси күн тартибине коюлат.

Экинчи бөлүгү болсо "саясий жарыяларды" камтыйт. Башкача айтканда Британия менен Европа Биримдигинин келечекте боло турган мамилеси жазылган. Анын юридикалык күчү жок.

Долбоорго "Брекситти" колдогондор жана ага каршы чыккандар нааразы. Европа Биримдигинен чыгып кетүүнү колдогондор, мыйзам долбоору Британияны Биримдик менен өтө тыгыз мамиледе кармоого түртөт деген пикирде. Ал эми "Брекситке" каршы болгондор жана өлкөдөгү оппозиция партиялары Мэй сунуштаган долбоордогу "саясий жарыялар" так болбогондуктан, келечекте мамилелер кандай болоору бүдөмүк бойдон калган деп айтышууда.

Добуш берүүдө эмне менен аякташы мүмкүн?

Би-Би-Си бийликтеги партия 100 жылдан бери биринчи жолу ири жеңилүүгө туш болот деп жоромолдоп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Британиянын премьер-министри Тереза Мэй

Буга чейин Европа Биримдигинен чыгуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн министр Доминик Рааб менен Эмгек жана пенсия министри Эстер Маквей кызматынан өз ыктыяры менен кеткен. Доминик Рааб премьер-министр сунуштаган долбоорду кабыл алса болбойт деп билдирген. Ал эми Түндүк Ирландиянын "Демократиялык биримдик партиясы" долбоор Улуу Британияны бөлүп, бүтүмдүгүнө коркунуч жаратат деген пикирин айткан.

Эгерде Тереза Мэй парламенттин колдоосун албаса, эмне болоорун эч ким билбейт. Улуу Британия Европа Биримдигинен эч кандай долбоору жок туруп чыгып кетсе болот. Бирок парламент депуттатары буга каршы болоору анык. Ал себептен Биримдиктен чыкпай туруу дагы каралышы ыктымал.

Тереза Мэй бул долбоордон башка планы жок болгону үчүн дагы кескин сынга кабылууда. Эгерде башка планы бар болгон күндө да, аны Мэй айымдын эң жакын үзөнгүлөштөрү да билбейт. Парламент долбоорду колдобой койсо, Мэй Европа Биримдиги менен кайрадан сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү мүмкүн. Бирок байкоочулар премьер-министр кызматтан кетет деп болжоодо. Өлкөдө кайрадан парламенттик шайлоо өтүшү ыктымал же жаңы премьер-министр тандалышы мүмкүн.

Эки тарап тең долбоорду колдосо...

  • Британиянын парламенти Брексит боюнча келишимди колдошу керек
  • Европанын парламенти 51% добуш менен келишимди колдоого туура келет
  • Европа Биримдигинин Кеңеши көпчүлүк добуш менен долбоорду колдошу керек (Биримдикке мүчө болгон 27 мамлекеттин жыйырмасы келишимге макул болуп, бул Евробиримдик калкынын 65 пайызын түзүшү шарт)
  • Улуу Британия 2019-жылы март айында Европа Биримдигинен чыгып кетет
  • Британия менен Европа Биримдиги ортосундагы өткөөл мезгил 2021-жылдан декабрь айында аяктайт.

Эгерде бир тарап, же экөө тең келишимди четке какса...

  • Улуу Британия Европа Биримдигинен эч кандай келишими жок эле чыгып кетет
  • Долбоор кайрадан түзүлөт
  • Британияда парламенттик шайлоо жарыяланат
  • Британияда кайрадан референдум өтөт. (AT)

Тема боюнча башка макалалар