Бишкектен учкан учак Иранда кырсыкка учурады

Учак кырсыгы Сүрөттүн автордук укугу EPA

Бортунда 16 бар болгон жүк ташуучу "Boeing 707" учагы Иранда кырсыкка учурады. Учак "Манас" эл аралык аэропортунан учуп чыкканы кабарланууда. Ирандын армиясы кырсыкта бир киши, учактын борт инженери аман калганын, ал ооруканага жеткирилгенин тастыктады.

Тышкы иштер министрлик учакта кыргызстандыктар жок экенин ырастады. "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы учак ирандык "Пайам эйр" компаниясына таандык экенин билдирди.

"Тегеран-Бишкек-Пайам чартердик каттамдагы учак Бишкек аба майданынан эрте менен 07.16да учуп кеткен. Учактын бортунда канча киши бар экенин тактап бере албайм. Жүк ташуучу учак эт жүктөп бара жатканын дагы тактап бере албайм. Аны Бажы кызматы тактайт", -деди "Манас" аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Учак Тегерандын түштүк тарабындагы Кереж шаарына жакын жерде кулады.

Жергиликтүү Фарс маалымат агенттиги учак Ирандын армиясына таандык экенин маалымдады.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Айрым маалыматтарга ылайык учак Кыргызстандан эт жүктөп кеткен
Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Куткаруучулар ишин улантууда

Ирандын өзгөчө кырдаал министрлигинин өкүлү Коливанд учак эмне себептен кырсыкка учураганы тууралуу "азырынча так маалымат жок" экенин айтып, куткаруучулар аймакка жеткенин билдирди. Бирок Ирандын авиация уюмунун өкүлү Реза Жафарзаде учак "жерге конуп жатканда" кырсыкка учураганын айтты.