Сүрөттөр сүйлөйт: Президенттикке талапкер Юлия Тимошенко кандай өзгөрдү?

Украинанын "Батькивщина" партиясы өлкөнүн мурдагы премьер-министри, Жогорку Раданын депутаты Юлия Тимошенкону президентикке талапкер катары алып чыкты. Ал партиянын лидери саналат.

1997-2000

Сурамжылоого таянсак, Тимошенко азыр эң популярдуу талапкер. Бирок, эгерде эле шайлоонун экинчи айлампасына калчу болсо, анын утуп чыгышы бүдөмүк.

"Батькивщина" партиясынын курултайы шейшембиде Киевдеги Спорт сарайында өттү. Тимошенкону колдогондордун ичинде өлкөнүн тунгуч президенти Леонид Кравчук бар. Курултайда Грузиянын мурдакы президенти Михаил Саакашвилинин жана бразилиялык жазуучу Паоло Коэльонун видео кайрылуулары көрсөтүлдү.

2001-2004

Өз сөзүндө Тимошенко "Украинанын мурдагы улуулугун, күч-кубатын жана ар-намысын кайтарып алып келерин" убада кылды.

"Мен жеңиш үчүн бара жатам жана биздин жеңип чыгарыбызга ишенем",-деди ал.

Украинадагы президенттик шайлоо ушул жылдын 31-мартында өтөт. Талапкерлер 3-февралга чейин катталышы керек.

Бул мурунку президент Виктор Янукович өлкөдөн качып чыгып кетип, Крым аннексиялангандан кийинки экинчи ирет өтүп жаткан шайлоо. Учурдагы президент Петр Порошенко болсо экинчи жолу мамлекет башына келүү үчүн ат салышат.

2005-2008

Талапкерлер Кыргызстандагыдай шайлоочулар арасында кол чогултпайт. Болгону 2,5 млн гривен шайлоо күрөөсүн төлөйт. Учурда БШК 13 талапкерди каттады.

Тимошенко украин саясатына 1997-жылдан тарта аралашып, Жогорку Радага депутат болуп келген эле.

2001-жылы аткезчилик боюнча айыпталып, 42 күн абактан олтуруп чыккан. Эки жолу премьер-министр кызматын аркалап, үч жолу президенттикке талапкер болду.

2009-2012

2004-жылы Виктор Ющенкону колдоп чыгып, "саргылтым ыңкылаптын" лидерлеринин бири болгон.

2011-жылы октябрда Виктор Януковичтин президенттиги учурунда жети жылга абакка кесилген. Ага "Орусия менен газ боюнча келишимдерде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айыптар тагылган.

2014-жылы бийлик алмашкандан кийин, боштондукка чыгат.

2019-жылдагы президенттик шайлоого Тимошенко "Украинанын жаңы багыты" деген программа менен аттанганын айтты.

2013-2016

Көп жылдан бери Тимошенко өзгөчө чач жасалгасы менен көптөрдүн эсинде калган. Кийин имиджин бир нече ирет өзгөрттү. 2014-жылы Тимошенко абактагы оорукандан чыгып, түз эле Майданга келген. Абактын ооруканасында эки жылдай дарыланып жаткан эле.

Митингде ал майыптык арабада олтуруп сөз сүйлөгөн. Анда дагы мурдагыдай чач жасалгасы менен чыккан. Эки жылдан кийин кайрадан образын өзгөрттү. Эми президенттик шайлоодо анын образы кандай болоор экен. (AbA)

2017-2019

Getty Images, УНИАН сүрөттөрү колдонулду

Тектеш темалар